МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫ
Жорго боз атын жоёюн,
Катыным тууса эркекти
Мындан кийин айгырын
Камбар боз деп коёюн.
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөмө соёюн,
Эркегинин баарысын
Нээти казат коёюн.
Ушуну айтып бай Жакып
Атынан түшүп алганы,
Жылкыга көзүн салганы,
Жылкынын баары чубашып
Жылгага кирип калганы.
Азганакай жабырга,
Ат кулактуу шабырга
Асты барып токтоду,
Аркы-терки оттоду,
Туруп, жатып кула бээ
Тууй турган окшоду.
Аны көрүп бай Жакып
Ак! — деп карап токтоду.
Аны таштап салыңар,
Байбичеси Шакандын
Баянын угуп алыңар.
Толгоосу сегиз күн болгон,
Толготкон мындай ким болгон?!
Тарткандардын баарысы
Талыкшып колу тим болгон.
Талыкшып турган келинди
Тарта көр деди белимди.
Он эки катын бек тартты,
Оңдойгөр кудай деп тартты.
Каканак суусу шар этти,
Баланын үнү бар этти,
Карынды катуу сүзгөнү,
Эки колун толтура
Кан чеңгелдеп түшкөнү.
Бала жерде туйлады,
Бар-бар этип ыйлады.
Эркек бекен, кыз бекен,
Мага качан айтат деп
Байбиче жашын тыйбады.
Көшүдү көзү илинип,
Көрө салган катынга
Эркектиги билинип.
Чочогу чыкты чороюп,
Эркек экен дегенде
Эси кетип Чыйырды
Жыгылып кетти сороюп.
Байбичеге нетти деп,
Мартуу * басып кетти деп
Катындын баары чочуду.
Кайта башын көтөрүп,
Жыгылбады, жоошуду.
Антаңдабай катындар,
Аныктап көрчү, капырлар?
Жерден алгын тез деди,
Дамбылданын зайыбы
Киндигин өзүң кес деди.
Оромолун колго алып
Ороюн деди баланы,
Ушу күндө бу бала
Оң колун сууруп алганы.
— Ойбой, татай * нетти деп,
Отуздагы жигиттей
Колун сууруп кетти деп,
Татай *, көтөк нетти деп,
Так кырктагы кишидей
Тартып бутун кетти деп,
Карап турбай катындар
Кармалашсаң нетти деп
Канымжан катын муну айтат.
Кандай сөзүң жаман деп,
Кармоого карууң келбесе
Сен качып кутул аман деп
Бакдөөлөт жерден алганы,
Бакырып жаткан баланы.
Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы,
Берген экен кудайым
Берекелүү баланы.
Көзү каткан Бакдөөлөт
Көтөрүп өөп алганы.
Куртканын зайбы Канышбек
Оозантмакка баланы
Оозуна эмчек салганы.
Өзөгүн үзө бир соруп,
Өлө жазып калганы.
Сандык толо май деди,
Салган кошо бал деди,
Эки, үч карын май алып
Эми оозуна сал деди.
Үч карын май алганы,
Үч кайтара салганы.
Үч карындын майларын
Үч саатка койбой жалмады.
Астына алып Чыйырды
Оң эмчегин салганы.
Абалкысы сүт чыкты,
Экинчиси суу чыкты,
Үчүнчүсү кан чыкты,
Чыдай албай ошондо
Байбичеден жан чыкты.

