МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫ
Бекинем малга деп жүрүп
Бей ыйман өлөр бекенсиң!
Же берериң болсо берсеңчи,
Же бере албасаң Жакып бай,
Бербеймин сага десеңчи.
Айтарың болсо айтсаңчы,
Айтар малың жок болсо
Мен азыр үйгө кайтсамчы.
Акбалта сүйлөп салганы,
Ал сөзүнө Жакып бай
Арсаңдап күлүп калганы.
— Андай болсо, Акбалта,
Мына бу алтынды алчы бир калта.
Эркегинин баарысын
Нээти казат караттым,
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөгө жараттым.
Үйрү үч жүз болуптур,
Жашы үч асыйга толуптур.
Камбар боздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал.
Төөдөн алгын төртөөнү,
Төрт уруу малдан төрт тогуз,
Калганы болсо, Акбалтам,
Катындардан калпып ал,
Кыз балдардан кымтып ал,
Келиндерден кетип ал
Сүйгөнүңдү сүйрөп ал,
Каалаганың кармап ал,
Жээк, жергемен жетип ал.
Сүйүнчүлөп келгениң
Болду бекен, Балта чал?!
Ай талааны нетели,
Аттангын, үйгө кетели.
Байбичеге жүрөлү,
Баласын барып көрөлү.
Акбалта менен бай Жакып
Айлына кайта барыптыр,
Аңыртка кеткен кырк киши
Алардын астынан чыгып калыптыр.
«Сүйүнчү бай, сүйүнчү!»
Айгайды алар салыптыр.
Кай бириңди ылгаймын,
Жакының бар, жатың бар,
Өз өзүңөр алыңар
Минген-минген атыңды.
Аттан куру калганың
Айт кудайга датыңды.
Бай Жакып үнүн укканы,
Канышбек менен Канымжан
Каршы басып чыкканы.
— Бешик боосу бек болсун,
Кундагың боосу кут болсун! —
Бай Жакып айтып бу сөздү
Басып кирди үйүнө.
Жанут * ичик жамынып,
Жаккан оттой камыгып.
Баласын алып болукшуп,
Байбичеси толукшуп
Олтурган экен үйүндө.
Бай Жакып шондо кеп айтат,
Бакдөөлөткө бек айтат,
Байбиченин баласын
Алып келчи деп айтат!
Бакдөөлөт барып кол сунду
Байбиче берип озунду.
Баланы Жакып алганы,
Бала деген шубу деп
Баркырап ыйлап калганы.
Кубанды Жакып, ыйлады,
Кучакта бала туйлады,
Баланын үнү баркырап,
Айбатынан атасы
Баары бою калтырап.
Баркырап ыйлап баласы
Жалмалап тамак карады,
Атакеси бай Жакып
Аяк-колун кармоого
Алы келбей барады.
Балаң кандай ыйлаак деп
Байбичени карады.
Берсең эмчек нетти деп,
Бир баланы тойгузбай
Пейлиң кандай кетти деп.
— Жакшы эле менин сүтүм деп
Эки сорсо эмчектин
Немесин койбойт бүтүн деп,
Эң ачкараак балаң бар
Тамагына күтүн деп,
Байбиче сөзүн салганы.
Байкайын деп баласын
Бай Жакып көзүн салганы:
«Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш *,
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча, көзү тик,
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрди калың, көзү үңкүр —
Эр мүнөзү көрүнөт.
Алакан жазык, колу ачык,
Аттанып чыкса жолу ачык —
Алп мүнөзү көрүнөт.

