Калыңдык менен кайгырбай,
Баатырлык менен байкабай,
Эрдигиң менен элебей
Карабөрк менен Акылай
Катыным деп ойлопсуз,
Карап турсам өзүңүз
Кадимкидей бойдоксуз!
Бу сөздү айтып салганы,
Алмамбет сөзү ырас деп
Астындагы Айбанбоз
Моюнга чаап алганы,
Ар бир акыл ойлонуп,
Баатырыңыз бу жерден
Бастырып кетип калганы.
Жакыпка салмак салууга,
Жаңыдан катын алууга
Оюна Манас алыптыр,
Оолугуп жолго салыптыр,
Ошо бойдон о жерде
Он күн жатып калыптыр.