Аркасынан Аккула,
Үчүнчү болуп барганы
Байжигиттин Малкара,
Төртүнчү болуп киргени
Төрө Алмаңдын Сарала,
Бешинчи болуп киргени
Эр Бакайдын Көкчолок,
Жорголугу аткан ок,
Алтынчы болуп киргени
Ажыбайдын Карала,
Жетинчи болуп жетиптир
Кейкубаттын Тобурчак,
Сегизинчи киргени
Кыргыл чалдын Акборчук
Жал-Куйругу бир кучак.
Тогузунчу келгени
Токотайдын Тору аты,
Тоорулчу эрдин канаты.
Онунчу болуп келгени
Ошпурбайдын Карасур,
Орчун бедөө көй күлүк
Тамашасын карап тур.
Он биринчи барганы
Калкамандын Кара аты,
Жакын жерден чабылып
Жазылбай калды канаты.
Он экиге барганы
Жанайдын аты Жаркызыл,
Он үч болуп жетиптир
Торум кыздын Наркызыл.
Он төрт болуп келгени
Он алтыда Абыке,
Жаңы бышты мал экен,
Кактелки деген бар экен,
Абыке өзү мингени,
Бай Жакыптап бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Абыке өзү киргени.
Он беш болуп илинди
Куту бийдин Куласы,
Арстан Алмаң баатырдын
Куп жетиптир мудаасы.
Кубанды Алмаң, той тарап,
Аты келген адамдар
Кара малын жетелеп,
Кайдасың деп энтелеп,
Өңөрө чаап кой талап,
Той тарады, кеч болду,
Алыскылар кете албай,
Конок болор кез болду.