МАНАС АЛМАМБЕТТИН КЕЛИШИНЕ ТОЙ БЕРГЕНИ
Көй төрөнүн баарысы
Көрүнөө тийди намысы.
Күлкүсү чыгып күркүрөп,
Күлдү баары аттанып,
Жүрмөк болду дүркүрөп.
Арстан Манас жолборсу,
Алмамбет болуп жолдошу,
Бакай, Кыргыл карысы,
Бабырашып кубанып
Баатырлардын баарысы:
Алмамбет балаң келди деп,
Алда тилек берди деп
Бай Жакыпка барыңар,
Байбичеге кабар салыңар!
Баладан дүйнө аярбы,
Сүйүнчүсүн алыңар!
Табылды балаң жолдошу,
Бул дүйнөдө колдошу,
Жоо качырса жолборсу,
Аманат жайда сүйөрү,
Акырет жайда күйөрү,
Учам десе канаты,
Узакка калар санаты,
Коном десе куйругу,
Алмамбет мында келиши
Алда таала буйругу.
Жекеге чыкса найзасы,
Эрегиш жерде айласы,
Чабыша келсе кылычы,
Жаңы келди дегиле
Жалпы кыргыз ырысы.
Атыша келсе мылтыгы,
Арстан Манас баатырдын
Ашык болгон ынтыгы.
Чаба келсе бууданы,
Алмамбет арзып келди де,
Атадан арта тууганы.
Көрөрүнө көз келди,
Көкүрөккө эс келди,
Айтууга накыл сөз келди,
Атадык дегин Алмаңа
Кырк уруу кыргыз көп элди.
Ал сөздү айтып салыптыр,
Жоорунчу, Бозуул баш болуп
Төрт чоро жөнөп калыптыр.
Самаркандын сыртында,
Бээ байлап Бел-Саз, Кырчында,
Жаткан экен Жакып бай,
Малын багып жайма-жай.
Төрөдөн барган төрт жигит:
Сүйүнчү, Жакып ата деп,
Сүйлөсөк болбос ката деп,
Качырганы жолборстой,
Кайсаганы албарстай,
Эрегишкен душманы
Эсен-аман калбастай
Келди Алмамбет балаң деп,
Айтып калды Манасың
Атаке сизге салам деп.
Айтып барды бу сөздү.

