Тула боюң тууш күч,
Кара боюң катуу күч,
Коргошундай салмагың,
Козголгон алыс арбагың,
Ар кандай тулпар минсең да
Арылбас аттан арманың.
Марттык кылып башында
Мага берип салганың,
Байкамакка бейлиңди
Макул көрүп алгамын.
Атакемдин үйүнө
Азыр болду келгеним,
Урматы үчүн энемдин
Аккуланы бергеним.
Сандаган журтум бүт болсун,
Сарала ат мага кут болсун.
Атпай кыргыз журт болсун!
Аккула сизге кут болсун!
Ал сөздү айтып Алмамбет
Азыр кылды батасын,
Кубандырды карыган
Жакып бай сындуу атасын.
Кырк баатырдын баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы,
Ата уулдан түк калбай
Атына минип алыптыр,
Ат чабуучу коногун
Атыңарды чубат деп
Айттырып кабар салыптыр.
Беш жүз жылкы, бир миң кой
Байгесине бөлүштү,
Он беш атка сайдырып,
Эки жүз жылкы, үч жүз кой
Баш байгеден көрүштү,
Тогуз жылкы, отуз кой
Аягына бөлүштү.
Төрт жүз сексен күлүгү,
Алмамбет арстан келгенге
Кыргызга түшкөн түлүгү.
Айдап атты салыптыр,
Самаркандын талаадан
Сай күлүк келип калыптыр,
Көкөтөйдүн Мааникер
Аттардын мурун астында
Аш бышым келип алыптыр.