Байбиче Шакан угуптур,
Айтканын угуп ордодон
Азыр басып чыгыптыр:
Манасым он беш жашында
Жуманын түнү түш көрсөм
Алмамбет жүргөн кашында,
Он алты жылдан мен мурун
Качан келет балам деп
Ойлонгонмун башында.
Төө баштаган үч тогуз
Төртөөң бөлүп алыңар,
Бозжорго атым кайда экен,
Азыр токуй салыңар,
Астын тосуп баламдын
Азыр мен да барамын,
Баштап алып барыңар.
Бери жакка бет алып
Беш күн болгон чапканы,
Келип калат экен деп
Байбиче, Жакып шашканы.
Жылкычысы Ыйманы
Чапкылап жылкы жыйганы.
Ак сакалдуу чалдардан,
Айылы жакын жандардан
Атакеси Жакып бай
Алтымышын камдаган,
Алмамбет келет экен деп
Атпай кыргыз даңдаган.
Он эки кемпир алыптыр,
Байбиче Шакан баш болуп
Аттанып чыгып алыптыр,
Торко тон менен жайкалып,
Бозжорго менен чайпалып,.
Байбиче жөнөп калыптыр.
Алтымыш чалын ээрчитип
Алардан мурун ак сакал
Бай Жакып баштап барыптыр.
Атаңыз келди мына деп
Ажыбай айтып салыптыр,
Атынан түшүп, арыштап
Алмамбет жөөлөп калыптыр.
Көздөгөнү табылып,
Айланайын ботом деп
Атасы Жакып жалынып,
Каралдым балам келдиң деп,
Кадыр алдам бердиң деп
Бай Жакып ыйлап баркырап,
Сакалдан жашы төгүлүп,
Жамгырдай болуп жаркырап.
Алмамбет көрүп атам деп,
Анык атам бул экен,
Бенделиктен өтпөсүн
Бекерчилик катам деп,
Агып жашы тыйылбай,
А деген үнү жыйылбай,
Бакырып төшүн жыттады,
Жакыптын жашы Алмаңдын,
Сагынышкан немедей
Жакасын жууп чыктады.