Ата уулунда кыз болсо,
Акылга дыйкан уз болсо
Алмамбетке алып берсем деп,
Сурамжалдап элинен,
Атактуу кыздан барбы деп
Ата уулу арстан бегинен,
Оюна Манас алыптыр,
Ойку-кайкы бастырып,
Ар тарапка барыптыр,
Жакып байдын үйүнөн
Эки келип Алмамбет
Манасты таппай калыптыр
Карабөрктөн кеп сурап,
Кайда кеткен деп сурап.
Карабөрк катын кеп айтат:
Кайда кеткен, билбедим,
Канышынын үйүндө
Жаткандыр төрөң деп айтат.
Каныш деген ким деди,
Какшыгын Алмаң билбеди.
Эми катын кеп айтат:
Эркесинин үйүндө
Жаткандыр төрөң деп айтат.
Эми Алмамбет билбеди
Эрке деген ким деди.
Карабөрк шондо кеп айтат,
Катуу күлүп, бек айтат:
Көрө элек белең жеңеңди,
Тиги, какчаңдаган кара бет
Шооруктун кызы Акылай,
Шоодураган капырай,
Акылай сулуу дегенди?
Анын үйүндөдүр деп
Карабөрк айтты канча кеп.
Күнүлүктүн зардабын,
Какшыгын мага айтат деп,
Алмамбет ойлоп мындай кеп:
Кыз күнүндө кыйлача
Баатырлык кылган экен деп,
Баатырлык менен балбандык
Ургаачыга бекер деп,
Чоң болгондо чорт сүйлөп
Чогоол өскөн экен деп.
Акылайдын үйүнө
Ал бойдон барып Алмамбет
Эшигинен сурады,
Адам барбы мында деп.
Олтурган төрдө Акылай
Орунунан турбады,
Ат менен адам чакырган
Атың ким деп сурады.