МАНАС АЛМАМБЕТТИН КЕЛИШИНЕ ТОЙ БЕРГЕНИ
Эр Алмамбет кеп айтып,
Мен Алмамбет деп айтып,
Баатыр барбы мында деп,
Бастырган жагын көрдүңбү?
Сурарым ушу тыңда деп,
Алмамбет айтып акыры.
Тышка чыгып жөн айтпай
Ал Акылай катыны:
Байбичеден чыга албай,
Жаткандыр деп баатырың.
Байбичеден баш булгап
Бастырмагы кыйын деп,
Башта дагы бир жөндүү,
Маа жолобойт быйыл деп
Акылай жообун бергени.
Болжолун көрүп Алмамбет
Азыр Манас баатырың
Бойдок экен дегени.
Жарадар болгон жолборстой
Ыңгыранып Алмамбет
Жакып байдын үйүнө
Жанып кайра келиптир.
Желдеттер атын алыптыр,
Басып үйгө киргенче
Баатыр келип калыптыр,
Балам, кайда бардың деп
Бай Жакып сурап салыптыр.
Балаңа издеп катынды
Бастырып жүрдүм акыры.
Кыйыны барбы кыргызда,
Кадырлуу барбы казакта?
Кыз бар деп угуп кыпчактан
Кырк жигитти кыдыртып
Самаркандын кыштактан,
Калктан карап сурадым,
Катынсыз турса Алмамбет
Мен канткенде дууладым?
Сегиз күндөн бери
Септүү кыздан табам деп
Чырым албай куурадым.
Бу сөздү айтып салганы,
Мурду-башы былк этип,
Мурутунан бир күлүп,
Мында Алмамбет кеп айтат:
Иш кылгын баатыр ойлоп деп,
Мен бир эрте жолоочу,
Өзүңүз да жүрүпсүз
Карабөрк менен Акылай
Катын деп коюп, бойдок деп.

