АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Бакай менен Айнакул,
Баары токтоп турду бул.
Бакай, Кыргыл турганын
Манас көзүн салыптыр,
Бай Жакып кандай жүрөт деп
Байкап тура калыптыр.
Баркырап төөдөй бай Жакып
Баласын айгай салыптыр:
Элүүгө жашым жеткенде,
Эсимден бала кеткенде,
Көп ойлоп көзүм жашталып,
Көр жагыма башталып,
Наалып көзүм жашталып,
Ак кепиним жазданып,
Акыретке баштанып,
Туяксыз өтүп кеттим деп,
Өлөргө жакын жеттим деп
Түңүлгөндө көргөнүм,
Дүйнөгө калар өрнөгүм,
Эриккенде эрмегим,
Эмгектүү Жакып кургурга,
Эгем таалам бергеним.
Карганда берген каралдым,
Артымда калар карааным,
Сүрдүккөндө сүйөнчүм,
Тайгылганда таянчым!
Азап салдың атаңа
Балаа салдың бабаңа!
Өнгөн жерден не көчтүң?
Өнөрүң барбы кылуучу,
Өчмөндүүң барбы кыруучу?
Өскөн жериң Алтайды,
Өрткө салдың далайды,
Баары душман эл экен,
Башта ушул Анжыян
Бабаң өскөн жер экен.
Алтайда туруп алышпай,
Ант ургур арбын эл экен.
Ары-бери аңдасам
Алтайда болсок эп экен.
Калмактан болгон каңгай бар,
Каран калган Түркстан
Үйрөнгөнчө далай бар.
Ээлеп калган эл көрдүм,
Өз жериме келтирбей,
Өкүматтуу эр көрдүм!
Алооке элчи салыптыр,
Элүү дорго * кошчусу,
Тизелик деген башчысы:
Мен өлтүргөн эмесмин
Чоң бабасы Ногойду.

