АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Күрсүлөрү өгүздөй
Күчтүүлөрдү мен көрдүм,
Ажыдаар айбаттуу
Түстүүлөрдү мен көрдүм,
Аянбай чыгып майданга
Түшчүүлөрдү мен көрдүм.
Өлтүрмөккө Манасты
Кекенгенди мен көрдүм.
Өкүмат * кылып урушка
Бекигенди мен көрдүм,
Кызылдай коркуп кыргыздан
Шекигенди мен көрдүм.
Эми кандай кылабыз,
Эмгекти тартып кыйлабыз?
Алооке улук кан экен,
Азыр андай элде жок.
Болот капка дарбаза
Болгон экен чоң пааша
Карап турсам калаба
Чыгабы дейм каргаша,
Аскери арбын мол экен,
Жетип келет деп ойлойм
Жең-этекке жармаша.
Кабарды барып ким берет
Каңгырып кеткен Манаска?!
Чабылып кетсек кытайга
Калганга болдук тамаша,
Ким берет барып кабарды
Кийикке кеткен Манаска?!
Алып койсо Алооке
Ааламга болдук тамаша.
Ургун, Дарба, Амурду —
Ушуну жердеп тим жатсак
Кудай билет эле го
Эсенкан келип аларды.
Эл бөлүнүп жерде жок,
Эгем билер бир мындан
Эсен-аман каларды.
Алооке деген бул экен,
Аскери арбын кум экен,
Аял-уял кылбастан
Азыр келип чаап алса
Армандуу дүйнө бул экен.
Көрүп барган Балкыбек
Көбүнө айтты мындай кеп.
Бай Жакып шондо кеп айтып.
Кийигиң менен куруп кал,
Башы кургур деп айтып
Башы курган бала деп,
Басып алса Алооке
Барбы буга даба деп.

