АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Душмандар жатыр өч болуп,
Өзүбүз жүрсөк көч болуп,
Конуш жок жүрсөк кор болуп,
Коркутуп келди элчиси,
Алооке деген зор болуп.
Алты киши жибердим,
Алда кандай заман деп
Камыңды жедим силердин.
Жана да киши чыгардым,
Саясына конуппуз
Жапырактуу чынардын.
Манастын башын жутам деп
Бадыша деми басылды,
Бадрек кытай Алооке
Балама не үчүн асылды?
Мен-менсинген капырды
Берчү эле кудай акыры,
Бу жерге көчүп келүүгө
Манастын жетип жүргөндүр
Бир нерсеге акылы.
Мен барбасам болбоду,
Мерген болуп ойноду.
Аттанбасам болбоду,
Акыры бул иш оңбоду.
Ушуну айтып бай Жакып
Уларбоз минип болкоюп,
Улуу тоого бет алып
Барды Жакып солкоюп,
Кырдын баары кыйкырык,
Кыйла жол экен арасы,
Кыйкырышып аң уулап
Кызыгып жүрөт баласы.
Жалама таштар жаңырык,
Беш-Бугу деген бир жер бар,
Жаңыдан кийик табылып,
Ойдо-тоодо айгайлап
Адамдар жүрөт жабылып.
Балам, бери токто деп
Бай Жакып барды сабылып:
Астыңдан жайган тор чыгып,
Алооке деген зор чыгып,
Али дагы атаңдан
Арылбаган шор чыгып,
Элүү киши элчиси,
Элге келди ченчиси,
Боктобо деп жеримди,
Боктоор болсоң жеримди
Болтурам деп элиңди,
Болтуруп аскер алам деп
Мойну жоон эриңди.

