АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Жердебе деп жеримди,
Чендебе деп элимди,
Жердээр болсоң жеримди
Ченетип салдат алам деп
Жекеге чыгар эриңди.
Оём деп эки көзүңдү.
Ойлонгун айткан сөзүмдү,
Манас баштап келсин деп,
Кылууга жигит өзүңдү
Элчи келди кандан деп,
Не кылуучу ишиң бар,
Эртелеп балам камдан деп,
Үшүм кетип мен турмун,
Үмүт үзүп жандан деп—
Бай Жакып айтып салганы,
Бакай баштап кубалап,
Марал менен бугу айдап
Бадалга келип калганы.
Байкабай атам сөзү деп
Манас кетип калганы.
Кайтарып жооп бербеди,
Кандай сөзүң дебеди.
Кара шакка бет алып
Айдап бугу, маралды,
Бир жагын аска жар алды,
Аткылашып кийигин
Адамдар андан тарады.
Жоноюл жондо турганда
Соңунан Жакып барады.
Баласы жүрөт баш болуп.
Баары кийик атууга
Калган экен маш болуп.
Санап ар бир жумушту
Сандыргалуу Жакып бай
Сакал ылдый жаш болуп.
Алтайга кетип акылы,
Ар нерсе ойлоп акыры.
Бар-Көлгө кетип көңүлү,
Көзүнүн жашы төгүлдү.
Атасы жердеп жүрсө да
Анжыян көргөн жер эмес,
Тыгылыш жерде жолдошу
Тыргооттон болгон эл эмес.
Бабасы жердеп жүрсө да
Баякы Ала-Көл эмес,
Бастырып жүргөн бу тоосу
Башта көргөн төр эмес,
Баркын билип иш кылчу
Манжурия толо эмес.
Бакырып Жакып токтотту
Манастын баары жолдошун.

