АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Кыраан Манас падыша
Арстандардын баарысын
Айдатып алып шоодурап,
Алоокеси кайда деп,
Адамдардан жол сурап,
Катылса канын төгөрбүз,
Катаалдык кылса көрөрбүз,
Казабыз жетсе өлөрбүз,
Ойротту бузган көй баатыр,
Улуу суунун боюнда
Уюган аскер кол жатыр,
Ушуга уруш кылсак деп
Умтулуп келет көй баатыр.
Бакай, Манас кой-койлоп,
Башка түрлүү ой ойлоп.
Кытайдын колу кыжылдап
Кара калмак, маңгулу
Кара курттай быжылдап,
Аралап жолго салыптыр,
Айбатын көргөн капырлар
Айран азыр калыптыр:
Көлүктүн бели ийилген,
Көпкөк темир кийинген,
Бедөө тулпар аттары,
Пери заттай заттары,
Ат чабым жерге ок учкан,
Алмабаш бараң атканы.
Асынып алган жаалары —
Аңдап көрсөң алары —
Саадагы тайдын белиндей.
Астындагы сай тулпар,
Басканы сырттын желиндей.
Көрүп туруп калмагы,
Көпсүнбөйлүк буга деп
Көңүлү чочуп калганы.
Байкап туруп маңгулу
Башы жаман каңгыды.
Кыжылдаган кытайы
Кылымдан мурун көрбөптүр
Кыйындыгы мындайды.
Манас барбы мында деп,
Албарс кылыч кында деп,
Арстанбы булар, жолборсбу,
Манасыңар бу болсо
Жарашкан экен жолдошу.
Каарынан катылбай,
Айбатын көрүп асылбай,
Бардашынан баталбай,
Көчөнүн бою жол болуп,
Көз кайкыган кол болуп,
Маргалаңдын башында,
Алоокенин чарбагы
Кара-Суунун кашында.

