АЛМАМБЕТТИН ОКУЯСЫ
Кыйратып кууп келгенин,
Куугунга келген эрлерин,
Тогуз жүз атын олжо алып,
Тон-тоноосун мол алып,
Сары-Аркага бет алып
Алмамбет кайтып калыптыр,
Кыныгып калган казактар
Кыйласы тосуп барыптыр.
Бакырлары бөлүшүп,
Напсиси артык ар кимдер
Барсылдашып өлүшүп,
Жылкы, сыйыр, төө экен,
Ата уулулап бөлүшүп,
Ал жылы тынчтык алыптыр,
Төрө Алмамбет келгени
Төрт жыл болуп калыптыр.

