АЛМАМБЕТТИН ОКУЯСЫ
Чоң согушта кайра качкан кытайлардын ичинен алдына туура келген бирөөнү тааныбай туруп эле аркасынан сайса өз атасы Соорондук экен. Тааныган соң атасына кол көтөрө албайт:
«Бирди кылмак кыялы,
Биле коюп атасын
Өлтүрүүдөн уялды».
Көп куугун жана тосмолордон аман кутулуп чыккан Алмамбет Көкчө менен болжошкон жерге карай жөнөйт. Көкчө менен жолугушуп, согушта олжого түшүргөн аттарын элге бөлүп берет. Мага эле жеке берсе болот эле деп Көкчөнүн ичи ооруксуп калат. Көкчөнүн аялы акылдуу Акеркеч Алмамбетти чоң сый, урмат менен тосот.
Эр Алмаң анда конуптур,
Эртеңки күнү болуптур,
Атам болду көрөм деп
Алмамбет бармак болуптур.
Алмамбет мында келер деп,
Айдаркан жаткан күтүнүп
Аш-тамагын белендеп.
Казактан чыккан көп макал,
Айдаркан анда ак сакал.
Соорондуктун ордуна
Сонун тутуп алсам деп,
Кызматына бел байлап
Ата кылып алсам деп,
Акылына муну алып,
Алмамбет аман келгенге
Айдаркан катуу кубанып.
Алмамбет менен көрүшүп,
Айдарканы карыя,
Айтканына көнүшүп,
Алмаңа кошо келгенге
Аш-тамагын беришип,
Алынып калган казактар
Арт жагынан эришип.
Айдаркан айгай салыптыр,
Чакырып алып Көкчөнү
Акылдашып калыптыр:
Тогуздап кара сойбогун,
Сойбоймун деп тим коюп,
Балам, томсорткон бойдон койбогун.
Беш-төрттөп кара сойбогун,
Сойбо десе сумсайтып
Бекерге куру койбогун.
Бээден бирди соёлук,
Беш-алтылап кой союп,
Баш куттуктап коёлук.
Айдаркан, Көкчө биригип,
Акылдаш болгон коңшудан
Алтоо-жетөө илинип,
Атына минип алышты,
Аралап жылкы барышты.
Алты жүз экен жылкысы
Ар кайсысын караса
Артыкча жакшы жылдызы:
Айгыры жакшы бу бээнин,
Курсакка кулун бүтүптүр.
Бирөөн көрсө дагы айтат:
Ээр менен эгешкен,
Арыктабай алты айга
Минип жүрсө түттү деп.
Ар бир бээсин чыгарат
Аябаган сүттүү деп.

