Сагымбайдын вариантындагы. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийинки өзүнчө чоң окуялардын бири Алмамбеттин аңгемеси. Окуя ушул вариантта Алоокенин качып кеткен жеринен улай жайгашкан. Бөлүмдүн кыскача мазмуну төмөнкүчө: Кытайдын белгилүү кандарынын бири жана бүт кытайдын аскер башчысы Соорондүк 54 жашка келгенче эркек балалуу болбой, көп капа болот. Акыры анын аялы Экзердин боюна бүтүп, эркек бала төрөйт. Чексиз кубанган Соорондук чоң той берет. Той учурунда баланын атын коюп бергиле — деп, Соорондук элден өтүнөт.

Балага ылайыктуу ат таба албай көпчүлүк кысылып турганда кытай думанасы пайда болуп, балага «Алмамбет» деп ат коёт. Ал думана Кыргыз экен. Алмамбет бала күнүнөн боорукер, калыс болуп өсөт. Он төрт жашынан тартып атасынын ордуна такка минип сурак жүргүзөт, калыстыгы, адилеттиги менен атагы чыгат, кытайдын башка кандыктарындагы адамдар ага келип арыз-муңун айтуу, качып келип анын карамагына өтүү көп болот. Бул иштер, айрыкча баланын адилет, калыс адам катарындагы эл арасындагы даңкы кытай кандарынын күнүчүлүгүн туудурат. Алмамбет кытайда колдонулган айрым адаттарга каршы чыгат. Мисалы: башка жактан улук келсе анын урматына адамдан курмандык чалынат экен. Соорондуктун ордуна аскер башчысы катары Алмамбет шаарларды кыдырганда анын урматына да адам чалмак болушат, ал билип калып тыюу салат. Кытайдын башкы каны Эсенкан үчүн жаңыдан бойго жеткен кыз балдар менен эркек балдарды өлтүрүп, алардын боорунан кары адамды жашарта турган дары жасашчу экен. Алмамбет буга да каршы болот.

Аскер башчысы катары түрлүү жерлердеги согуштук даярдыктарды көрүп кыдырып жүргөн Алмамбет Эсенкан турган Чоң-Бээжинге келгенде анын акылчы аярлары: бул бала түбү бизге эл болбойт, өлтүрүп салып кутулалы — деген кеңеш беришет. Бирок, Соорондуктан корккон Эсенкан ага ачык кыянатчылык кыла албай, азыр кое туралы деген чечимге келет.

Ууда жүргөн Алмамбет Манастан качып барышкан Алоокенин элине жолугуп, алардан Манастын жайын угуп, кыргыздарга күүлөнөт. Уу кылганча Алтайдын жолун чалып, байкап келмек болуп жөнөйт да, Көкчөгө жолугат. эн талаада жолуккан өзүнөн жашы улуу адамга Алмамбет «кома» деп кытайча салам айтып учурашат. Ага Көкчө жооп бербейт. Алмамбет бул бизче тил билбеген адам экен го деп ойлоп, сырткы түрүнө карап, ушундай кийинген адамдар бири-бирине салам айтып учурашуучу эле го деген ой менен салам айтат. «Өзүң каапырсың, мага салам айтканды сага ким коюптур» деп Көкчө орой сөздөр менен ачууланат. Буга таң калган Алмамбет мусулман деген эмне, капыр деген эмне, алардын эмне айырмасы бар? — деп сурайт. Көкчө Алмамбетке мусулманчылыктын жолун айтат. Алмамбет мусулман болууну чечет. Үйүнө кайтып келип, мусулман болгула десе атасы да, энеси да тил албайт, Атасы карматып өлтүрмөк болгондо Алмамбет качып чыгат. Жолунан тосуп кармамакчы болгон Мурадилди, Жолойду, Коңурбайды, Буданчанды жеңет. Бирок, жалгыздык кылып аларды өлтүрө албайт.