Жана бирөөн көрүшүп,
Кулунун жакшы бакты деп,
Жана бирөөн дагы айтып
Уйдан жоош жаныбар,
Кыялы мага жакты деп.
Жана бирөөн дагы айтып
Бу табылбас мүлүк деп,
Дагы бирөөн дагы айтат,
Тууганынын баарысы
Тулпарга чалыш күлүк деп.
Жана бирөөн дагы айтып
Карматат жоош колго деп,
Кадам койсо жолго деп
Адам зээнин кейитпес
Тууганынын баарысы
Тукуму менен жорго деп.
Алты жүз жылкы бир далай,
Аралаш жүрөт бир малай,
Аталуу бала ээрчишип
Аралап жүрдү жайма-жай,
Кандайын кармап соёрун
Кан Айдаркан, Эр Көкчө
Экөө жүрүп биле албай.
Соёюн десе кай бирин
Өзү жакшы көрүнүп,
Не бир семиз бээлер бар,
Көзү жакшы көрүнүп.
Намыс кылат Алмаңа,
Бир жылкы сойбой коюшка,
Колдору барбай союшка
Көрүндү жакшы баарысы,
Кышта согум болсун деп
Беш-алты бээ карысы,
Шашкеде барып ушулар
Жылкыга көзүн салышты,
Кеч бешимге калышты.
Аңги кирип аралап,
Айгыры келип каралап,
Алышып аңги калганы,
Кулунуна каралап
Куру бээден барганы,
Куучук кула байталды
Курсакка тээп салганы.
Тебишип жылкы жабылып,
Куучук кула байталдын
Тас карды кетти жарылып.
Мыкчыйып туруп калганы,
Муну сойсо болот деп
Жылкычы барып кармады.