АЛМАМБЕТТИН ОКУЯСЫ
Дарыянын жээги бар,
Казактын калың эли бар,
Жазында жайлоо эл көчүп,
Минеринин жогунан
Көчө албаган эри бар.
Калмак жака барарда
Алмамбет көзүн салыптыр,
Көчө албай калган адамды
Көңүлүнө алыптыр,
Ошол үчүн Алмамбет
Оодарып калмак жылкысын
Оту менен алыптыр.
Калган элин жыйнатып,
Ата уулусун териптир,
Алып келген жылкысын
Айдап бөлүп бериптир.
Бөлүп берди малыны,
Казактын баары үлөшүп
Талап алды баарыны.
Эчтеме жетпей калганы
Экиден жылкы алганы,
Жыл маалына жеткирбей
Жыргатып элин салганы.
Келерки жыл маалында
Алмамбет мал берер деп
Келди түгөл жыйылып
Кедейлердин баары да.
Эр Алмамбет кеп айтат,
Э, калайык деп айтат!
Кытайга салар элчим бар,
Калмак менен маңгулда
Бөлүнбөгөн энчим бар.
Алайын деп энчим деп,
Аттанамын, келсин деп
Казакка кабар салганы,
Эр Алмамбет барарын
Эми билип алганы,
Элинин жыйган жасоосу *
Эки миң болуп калганы.
Эки миң аскер кол менен,
Эртиштин бою жол менен
Эр Алмамбет барыптыр.
Көкө-Ноор көлүнөн,
Көбү-Шаму чөлүнөн,
Маңгул, калмак аралаш,
Санам кытай элинен
Жыйырма миң жылкы алыптыр
Жыйып кара малынан —
Сыйыр, төөсү баарынан
Он беш миң кара алыптыр.

