Жылдырып айдап алганы,
Эр Көкчөнүн үйүнө
Айдаркан баштап барганы.
Бээ сойдук деп союшуп,
Беш-алты кой бер жакка
Айдаркандын үйүнө
Аны кошо союшуп,
Ага-тууган, айыл-апа
Анча-мынча тоюшуп,
Башың куттуу болсун деп
Бата кылып коюшуп.
Алмамбеттин олжосун
Атпай казак алды деп,
Чык татырбай башкасы,
Чыгымы мага калды деп
Эр Көкчө айтып элине,
Не дейсиң ушу кебине?
Көөнүнө алды Алмамбет:
Айдаркан болор ата деп,
Алыска минген арычу,
Атага бала барычу,
Айдарканга барайын,
Атанын көзүн карайын,
Бар кудайым жар берсе,
Байытууга жарайын.
Муну ойлонуп Алмамбет
Айтканына жеткени,
Аттанып алып Алмамбет
Айдаркандын үйүнө
Токтолбостон кеткени.
Айдаркан айтып мындай кеп
Коңшусу экен Меңдигул:
Алмамбет балам келди бул,
Келиниң, уулуң бөлүнгөн,
Кемпир-чалсың көрүнгөн,
Бир балаң бар жети жаш,
Бизден болсун жегенге аш,
Алмамбет өзү жалгыз баш,
Үйүңүзгө кирсин деп,
Ак сакалдуу Айдаркан
Алмамбеттин камын жеп,
Араң эле төрт башсың,
Бир үйүңө кең батсын,
Айдаркан айтып салганы,
Берсең төшөнчү-орун деп
Меңдигул макул алганы,
Меңдигул менен жайланып,
Айдаркандын айлына
Алмамбет турду байланып.