АЛМАМБЕТТИН ОКУЯСЫ
Арадан өттү токсон күн,
Алмамбет ойлоп күнү-түн:
Манжуруя калмагы
Байып жатып алганы,
Тыргооттон бар Алтайда,
Жылчыксыз байып алыптыр,
Эсил менен Жалбыска
Самсыган жылкы жайыптыр.
Калмакка салып азапты,
Бар кудайым жар берсе
Байытармын казакты.
Муну ойлонуп Алмамбет
Жылкы алууга келди нээт.
Токсон жолдош алыптыр,
Токтолбой жолго салыптыр.
(Казак, кыргыз калкына
Жортуп жылкы алмагы
Шол Алмаңдан калыптыр).
Токтолбостон мол жүрүп,
Он жети күнү жол жүрүп,
Манжуруя калмагын
Аңдап көргүн Алмаңдын
Аралап өтүп алганын.
Он төрт байдын малы экен,
Отуз миңче бар экен.
Оодарып айдап алганы,
Ойбойду калмак салганы.
Чагалалап * буркурап,
Көкөнө * деп чуркурап
Куба келди көтүнөн,
Куугунуна Алмамбет
Каршы чыкты бетинен.
Эрөөлгө чапкан эрендер,
Мен баатырмын дегендер
Алмамбетке жетиптир,
Жеткенде Алмаң нетиптир?
Он үч күн кыргын салыптыр,
Алмамбеттен корккондон
Калмактар токтоп калыптыр.
Астынан тоскон буугун жок,
Артынан келген куугун жок,
Жылкысын жыйнап айдатып,
Жылантыга жайнатып,
Бир ай туура болгондо,
Отуз беш күнгө толгондо
Алмамбет келип калыптыр,
Караанын байкап, көп казак
Жылкыга көзүн салыптыр,
Эскисинен кеп сурап,
Эсеби жок көп жылкы
Ээси кайда деп сурап,
Көргөндөрү таң болду,
Көз айныган чаң болду.

