Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

6. 6 болүм

Эпостун негизги мазмууну, анын идеясы эпостун чыгышына себеп жана негиз болгон окуяларга байланыштуу экендиги талашсыз. Маселе ошол окуялардын кайсы жана кандай мүнөздө экендигинде.

Кыргыз урууларынын биримдиги X кылымда кара кытайлар тарабынан бузулгандан берки тарыхый окуялар эпостон орун алды, дедик. Кара кытайлардын чабуулунун негизги максаты кыргыз урууларынын жашаган жерлерин, күн көргөн мал-мүлкүн тартып алып, аларды кулдандырып, эзүүгө багытталгандыктан, кыргыздар жерин, мал-мүлкүн, элдигин, кыскасы, өмүрүн сактап калуу үчүн аянбай аракет кылган. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде көпчүлүк тарабынан айтылып жүргөн пикир — эпостун негизги идеялык мазмууну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир, биздин оюбузча, чындыкка туура келет. Ал эми кээ бир варианттарында учураган агрессивдүүлүк мотивдер эпостун духуна да, чыныгы тарыхка да эч туура келбейт, алар патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн талабы боюнча эпоско жугузулган дат катарында каралыш керек.

Кол салган баскынчы жоолордон коргонуу үчүн согуштук күч жыйноо керек болгон, аларды башкарып, душманга туруштук берүү үчүн кажыбас кайраттуу, айлакер кол башчы баатырлар керек болгон. Мына ошондуктан эпосто эрдикке, баатырлыкка, айлакерликке, башкаруучулукка айрыкча бурулат.

Күчтүү калың жоого каршы жалгыз жарым адамдар, канчалык баатыр болсо да, эч нерсе кыла албайт эле. Аларга туруштук берүү үчүн кыргыз урууларынын башын кошуп, биримдик түзүү керек эле. Мына ошондуктан кыргыз урууларынын башын кошуу мотиви да эпостон чоң орун ээлейт.

Албетте, кыргыз эмгекчилери жалаң сырттан келген душмандардан гана запкы тарткан эмес. Элдин башына өтө оор катаалдык түшкөн учурда, эпостун биринчи бөлүмүндөгү Көзкамандар сыяктуу душманга жардам берген, ичтен чыккан жоолордун кордугу да оңой болгон эмес. Баскынчы душмандардын коркунучу бир аз басаңдай түшкөн кезде, Чынкожо, Толтой. Көбөш кан, Канчоро сыяктуу кара ниеттер да заардуу тырмагын салып, элди аябай кыйнаган, Элдин таламын көздөгөн чыныгы баатырлар башкаруучулук тизгинди колго алып, аларга да тайманбай каршы чыккан.

Ошону менен катар аялдардын коомдогу ролуна, баатырдык достукка, өскөн элди, тууган жерди сүйүүгө, эл достугуна, эмгекти сүйүүгө, ар бир адамды адилеттүүлүк, тайманбастык, амалкөйлүк, туруктуулук мүнөздө тарбиялоого байланышкан жалпы адамзаттык идеялар "Манас" жомогунан кең орун алган.

Мына ушул идеялык мотивдер эпостун чыгышына да, анын кийин өрчүшүнө да негиз болгондугу бардык варианттардан даана көрүнүп турат.

"Манас" жомогунун негизги идеясын жана сюжеттик эриш-аркагын туура табуу жана терең түшүнүү үчүн биринчи кезекте белгилүү варианттардын мазмунундагы, сюжеттик түзүлүштөрдөгү окшоштуктарды жана айырмаларды салыштырып, талдап чыгуу керек. Мындай салыштырууларды жасаган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине караганда (М. Ауэзов, К. Рахматулин ж. б.) [Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1289], жомокчулардын варианттарында мурунтан ата-бабадан бери айтылып келаткан жана алардын баарына орток болгон жалпы сюжеттик негиз, канча бар экендиги аныкталган. Ошол сюжеттик негиз төмөнкү окуялардан, темалардан түзүлөт: негизги каармандардын туулушу; алардын балалык чагы; Каныкей, Айчүрөк сыяктуу чексиз сулуу, акылман аялдардын, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролордун, Нескара, Жолой, Коңурбай сыяктуу алп жоолордун мүнөздөрү, кылык-жоруктары жөнүндөгү аңгемелер; кыргыз урууларынын Манас, Семетей, Сейтек башчылыгы менен элди коргоого багытталган баатырлык согуштарына арналган эпизоддор; эл үчүн курман болгон Манаска күмбөз салуу өңдөнгөн аңгемелер. Бул аталган окуялар, аңгемелер эпостун толук айтылган варианттарынын ар биринен учурай тургандыгын кичинесинен жомок угуп келаткан карыялар жакшы билет. Ошону менен катар, андагы экинчи катардагы каармандар да (мисалы Айдаркандын Көкчөсү менен эки Кемин жайлаган Үрбү, жалгыз көздүү Мадыкан менен чыканактай. Эрагыш, өздөн чыккан жоо — Көкчөкөз менен Көзкамандар сыяктуу персонаждар да эл оозундагы эпизоддордун ар биринен учурай тургандыгы белгилүү. Ошентип, эпостун көпчүлүк варианттарында баатырлардын өмүр баяны, алардын кылган иштери, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого Таласка келип баш кошуусу, этнографиялык жактан өтө бай, көркөм берилген "Көкөтөйдүн ашы", чексиз алп күчтөрдү сүрөттөгөн "Чоң казат" сыяктуу эпизоддор биздин заманга жеткен эпостун сюжеттик негизин түзөт.

Мындан бир нече кылым мурун, андан да арыраак — эпос чыккан кездерде анын сюжеттик негизи алда канча кыска, жөнөкөй болуш мүмкүн. Улам берилеген сайын, ар бир доордун жомокчулары, жогоруда биз көрсөтүп кеткендей, эпоско бир катар өзгөрүштөр киргизет, элдин башынан өткөн окуяларга жана идеологиялык турмушка байланыштырып, жаңы эпизоддор да кошот. Бул маселеде биз кыргыз элине болжол менен XVI кылымдан кийин тараган ислам дининин көрсөткөн таасирин эске албай коё албайбыз. Буга чейинки дин ишеними (көп кудайга табынуучулук, шамандык сыяктуу ишеним) ислам дининин талаптарына карама-каршы келбей койгон эмес. Патриархалдык-феодалдык чөйрөлөр тарабынан дайыма бардык күч менен колдонулуп, өкүм сүргөн идеологияга айланган исламизм жомоктун мурунку калыбында аткарылышын тыюуга чейин барган кездер болгон десек, жаңылышпаспыз. Бул шартта, албетте, угуучу аудитория да, айтуучу жомокчулар, да, ал динге ишенген. Мына ушунун натыйжасында жомоктун оң каармандарынын мусулман динисиз көрсөтү-лүшүн күтүү өтө кыйын болуу керек. Идеологиялык мотивировкалары гана эмес, жомоктун сюжеттик сызыгына да бир кыйла өзгөрүштөр кириши толук ыктымал. Ошондуктан "кийинки кездерде, исламизмге байланыштуу эпос өзгөрүүлөргө дуушар болду" деп айткан академик В. В. Радловдун пикири туура экендигинде шек жок [В. В. Радлов. Образцы народной латературы..., V, Спб., 1885, б. 11].

Жогорудагы пикирди кубаттоо иретинде эпостун тилине байланыштуу бир эле фактыны көрсөтө кетели.

Ар бир элде адамдардын ысымдары өкүмдүк кылган динге байланыштуу боло тургандыгы белгилүү. Мисалы, балдардын аттары орустарда христиан динине, кыргыздарда мусулман динине байланыштуу сөздөрдөн коюларын азыр эч ким элебейт. "Манастын" биринчи бөлүгүндө учураган жүздөгөн персонаждын аттарын алып көрсөк, эки-үч аттан башкасы (мисалы Алмамбеттин аты „альмугаммед" деген араб сөзүнөн чыгат) бүтүндөй дээрлик араб сөздөрү эмес, түрк-моңгол сөздөрүнөн коюлган. Буга караганда эпосто ушул күнгө чейин аталып жүргөн оң жана терс каар-мандардын көбү ислам дини кыргыздарга тарай электе айтылып жүргөн персонаждар болуу ыктымал.

Мына ошондуктан Сагымбайдын варианттарындагы, элдик идеялар менен катар, исламдык, ал тургай, панисламдык мотивировкаларды, Манастын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду, Саякбайдын вариантындагы Чубактын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду "Манас" эпосунун негизги духуна, сюжеттик негизине байланышпаган, жасалма кошумчалар, катмарлар деп кароого тийишпиз. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун Манасты бүт дүйнөгө ислам динин таратуучу бирден бир пайгамбар кылып көрсөтүүгө аракет кылышы элдик чыгарманы опсуз бузгандыкка жатат.

Эпостун варианттарында динден башка да идеологкялык катмарлар орун алган.

Россияда капитализмдин өнүгүшүнө жана революциянын жакындашына байланыштуу, асиресе XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында түрк калктарынын буржуазиялык элементтери баш көтөрүп, дин кызматчылары жана буржуазиялык интеллигенттер аркылуу пантүркисттик идеяны таратат. Бул идея кыргыздардын бай-манап, бий-болуш, динчил молдолор чөйрөлөрүнүн максатына туура келип, үстөмдүк кылуучу идеологиясына айланат. Кыргыздар арасында мусулман динин күчөтүп, панисламдык идеологияны таратууда Кокон кандыгы өзгөчө роль ойногондугу тарыхый адабиятта кенен көрсөтүлгөн [История Киргизии. Фрунзе, 1956, том 1, б.185-200]. Манасчы, семетейчилер жалаң гана эмгекчи элдин ортосунда эмес, бай-манаптар арасында да жомок айта тургандыктан, ал илдет саясий сезими тайкы жомокчуларга да аз-аздан жуга баштайт.

Бийлөөчү таптын өкүлдөрү элге каршы реакциячыл пантүркисттик панисламисттик идеяларды таратуу үчүн оозеки эл чыгармачылыгын, биринчи кезекте, эл арасына көп таралган эпосту пайдаланат. Ошонун натыйжасында таланттуу акын-жомокчу Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы сыяктуу, Манасты дүйнөгө ислам динин таратуучу, бүт түрк элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө багытталган жана эпостун духуна эч кандай сыйышпаган жат мотивировкалар келип чыгат. Манастын колунун Индияга чейинки Түштүктү көздөй, Европага чейинки Батышты көздөй чабуул жасоосу, Орто Азияны бүт чаап алуу сыяктуу, мурун эпосто болбогон эпизоддор пайда болот. Панисламисттик, пантүр-кисттик идеяларды таратууну көздөгөн мотивировкаларды башка жомокчулардын варианттарынан да аздыр көптүр учуратабыз. Ал тургай, Тоголок Молдо да өзүнүн вариантында Манасты түрк жана монгол элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө тырышканын байкайбыз.

Бул реакциячыл идеяларды пропагандалоо үчүн, алгачкы иретте, эпостун баатырлыкты эң күчтүү сүрөттөгөн биринчи бөлүмүн – "Манас" бөлүгүн пайдаланууга аракет жасалган. Тоголок Молдонун вариантында Семетейге Индия менен Францияны чаап алдырууга багытталган далбасага караганда, эпостун "Семетей" бөлүмү да баскынчылык духту жана пантүркисттик илдетти таратууга пайдаланыла башталгандыгын көрөбүз.

XIX кылымдын орто чендеринде эле Ч. Валиханов менен В. Радловдун жазып калтырып кеткен варианттарында эч кандай пантүркисттик моти-вировка жок экендигине караганда, бул реакциячыл идеологияга эпос XIX кылымдын аяк ченинен тартып чалдыга баштагандыгында эч кандай шек жок.

Бул сыяктуу ири идеялык катмарлар менен катар, жомокчулардын байкабастыгы натыйжасында пайда болгон айрым майда катмарлар да эпостон орун алган. Бул өзгөрүштөр эпосто аталып жүргөн элдердин, жерлердин, кээ бир экинчи даражадагы каармандардын аттарына, жоо-жарактардын, кийим-кечектердин аталышына ж. б. байланыштуу. Ар бир доордун жомокчулары мурунку кылымдарда эле жомокто эскерилип жүргөн, бирок кийин унутулуп калган же унутулуп бараткан түшүнүктөрдү (аттарды, аталыштарды) өз доорунун түшүнүгүнө байланыштырган же өз кезиндеги термин сөздөр (түшүнүктөр) менен алмаштырган. Байыркы кыргыздар менен ар түрлүү мамиледе болгон көк түрктөр, байыркы уйгурлар, кара кытайлар, монголдор, ойроттор ж. б. бара-бара унуткарылып, кийинки жоолор (манжуу, калмактар) көп айтылган. Байыркы кытайлардын (кидандардын) аттары кийинки кытайларга, мурунку чиндерге ("чинмачин" деген термин да эпостун азыркы варианттарынын кээ бирөөлөрүнөн учурайт) өткөн. Ошол сыяктуу эле, жомоктогу "Темир кан" Кара кан деген сөздөр тарыхтагы Каракан,Темир кандарга байланыштырылып, Манас – кандын күйөөсү, Каныкей кандын кызы болуп көрсөтүлөт; монгол тилинен келген "эр жигит, баатыр" маанилүү "конкор" деген байыркы сөз кийинки фарс тилинин таасири менен пайда болгон "канкор" деген терминге айлантылып, "кан ичкич" деген мааниде түшүндүрүлүп калат. Өз кезинде кара кытайлардын борбору – байыркы Бейтин (анын тарыхтагы дагы бир аты – Бешбалык) шаарына болгон чоң казат, бул шаардын аты кийинки тарыхта өчүп калганына жана "чин" деген сөздүн мааниси "кытай" деген мааниге өтүшүнө байланыштуу, кийиики кытай мамлекетинин борбору – Пекин {кытайча Бэйцзин) шаарына жасалды делип түшүндүрүлөт. Мындан башка да, байыркы жебе менен катар кийинки эле бешатар, замбирек сыяктуу куралдар, Коңурбайдын колунун башка жерге оошкондугун телефон аркылуу билгизүү (Шапактын вариантында), илимде кийин эле белгилүү болгон "мамонт" деген опсуз чоң жаныбарга (Сагымбайдын вариантында) окшогон "жаңылыктар" аз киргизилген эмес. Бул өңдөнгөн модернизация оозеки чыгарманын жашаш процессине жат эместиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.