Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

4. 4 болүм

Оозеки элдик чыгарманын китептегидей туруктуу тексти болбойт. Өзгөчө "Манас" сыяктуу узак жомоктун кылымдар бою оозеки түрдө гана жашап келиши анын аздыр-көптүр өзгөрүлүшүнө себеп болгон. Аны айткан жомокчулар өз заманындагы окуялардын жана өкүмдүк кылуучу идеологиянын элементтерин киргизбей койгон эмес. Мындай элементтердин киргизилиши да, жомокчунун ар бир маселеге жеке көз карашына жана жомокту угуучулардын жалпы талабына жараша болуу тийиш. Ар бир доордун жомокчусу өзүнө таасир келтирген окуяларды, идеологиялык мотивдерди өз түшүнүгүнчө жана чыгармачылык шыгына жараша эпоско жамады, катмарлады. Ошондуктан илгерки шаманизм жана көп кудайга табынуучулук ишеними менен катар кечээки эле исламдык диндин эпостон орун алышын оозеки адабияттын өнүгүш процессиндеги табигый нерсе деп кароо керек. Мына ошол кийин киргизилген кошумча элементтерге фольклористикада "катмарлар" деген термин колдонулат.

"Манаста" айтылган ар түрдүү окуялардын жана мотивировкалардын кайсылары анын негизине, эриш аркагына тиешелүү экендигин жана кайсылары "катмарлар" иретинде караларын аныктап билүү үчүн, эпостун элде айтылып жүргөн варианттарын мүмкүн катары толугураак жыйнап, аларды терең изилдеп чыгыш керек.

"Манас" эпосун жыйноо жана изилдөө иши өткөн кыльмдын ортосунда, түндүк кыргыздар Россияга кошулгандан кийин, орус окумуштуулары тарабынан башталды. Прогрессивдүү орус илимпоздорунун жардамы жана тарбиясы аркылуу европалык маданиятка ээ болгон казак окумуштуусу Чокон Валиханов 1850 жылдары атайын тапшырма менен Синцзянга өтүп баратып, кыргыздарга токтолуп, "Манас" жомогу менен таанышкан. Жогоруда келтирилген баага караганда, ага "Манас" чоң таасир кылган болуу керек. "Манас" поэмасынын бир эпизодун, атап айтканда "Көкөтөй кандын ашын" жомокчунун оозунан жазып алдым, — деп жазат Ч. Валиханов. Балким, бул кагаз бетине түшүрүлгөн кыргызча биринчи сөз болуу мүмкүн. Окумуштуунун "жазып алдым" деген текстти, тилекке каршы, алиге архивден табыла элек. Ч. Валиханов өзүнүн "Очерки Джунгарии" деген эмгегинде "Манас" жомогунун кыскача мазмунун гана орусча жарыялаган, ал эми "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмүнүн орусча котормосу окумуштуунун архивинде сакталгандыгы бизге маалым.

Ч. Валиханов уккан вариантка караганда, Жакып куда болуу үчүн Кара кандын айлына барганда, ал өзүнүн кызын (Каныкейди) букаранын уулуна берүүнү ыраа көрбөйт, Ошондуктан Каныкейди Манас күч менен тартып алат. Көкөтөйдүн айлы Ташкент тарабында эмес, Ысык-Көл, Кара Эртиш, Алтай жана Хинган тоолору жакта болот. Көкөтөйдүн ашындагы чатакта зордук-зомбулук көрсөткөн Коңурбай менен Жолойлорду Манас өлтүрөт; Манас өзү Нескара колдуу болуп каза табат. Бул өтө кызык варианттын толук жззылып бизге жетпегендиги абдан өкүнүчтүү.

Мындан кийин түрк урууларынын тил, адабият үлгүлөрүн жыйноочу жана изилдөөчү орус окумуштуусу В. В. Радлов эки мертебе – 1861 жылы Текестеги, 1869 жылы Чүйдөгү кыргыздарга келет. Ал да "Манаска" кызыгат, жомокчунун оозунан орус альфавитине ылайыктаган транскрипция менен кыргызча жазып алып, 1885 жылы Санк-Петербургда кыргызча жана немисче, ар бирин өзүнчө том кылып жарыялап, дүйнөлүк илимди кыргыз эпосу менен тааныштырат.

Радлов жазып алган вариантта кээ бир окуялардын анчалык өнүкпөгөндүгү, ырларынын көп көркөм эместиги жана сюжеттик жактан да байкалган кээ бир түшүнүксүздүктөр жалаң гана жомокчунун талантынан эмес, поэманы кагазга түшүрүүдөгү өзгөчө шартка да байланыштуу болуу керек. Окумуштуунун өзүнүн көрсөтүүсү боюнча, жазып жаткан киши кыргыз тилин жетик түшүнбөгөндүктөн, жазып алуу процессинде манасчыга улам-улам суроо бере берүү натыйжасында ырдын сапаты бир кыйла кемиген.

Ак падышаны Манастын досу кылып көрсөткөнүнө караганда, жомокчу угуп отурган элдин түрүнө карай, эпоско тиешеси жок нерселерди кошуп жиберет экен, дейт В.Радлов. Эпостун варианттарын изилдөөдө В.Радловдун бул пикиринин чон мааниси бар. Кыргыз эпосундагы каармандар менен тектеш элдердин эпостору ортосундагы байланыштыктар жөнүндө, эпостун чыгыш шарттары жана анын эл оозунда өнүгүшү жөнүндө, ырларынын түрлөрү, жомокчулар ж.б. жөнүндө В. Радлов көп көңүл бурарлык пикирлер айткан.

Революцияга чейин кыргыз оозеки адабиятын жыйноо бирин серин гана адамдардын өз демилгелери боюнча жүргүзүлгөн. "Манас" жомогун жыйноо, жарыялоо жана изилдөө боюнча чыныгы иштер Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана жүргүзүлө баштады. Элдик искусствону өнүктүрүү жөнүндө Коммунисттер партиясы тарабынан камкордук көрсөтүлүү натыйжасында, 1920 жылдардан тартып атайын каражат белгиленип, эл оозундагы адабият мурастары пландуу түрдө жыйнала баштады. Ушул күндө Кыргыз Илимдер Академиясынын фондусунда белгилүү манасчылардан жазылып алынган "Манас" жомогунун он үч варианты бар. Ч. Валиханов менен В.Радловдун варианттарын кошкондо, он беш вариант боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө болот. Эл оозундагы варианттарды жыйноо боюнча иш, али да болсо, улантылууда.

Эпостун варианттарын жыйноо менен катар алардын үзүндүлөрүн жарыялоо жана эпосту изилдөө боюнча да бир кыйла иштер жүргүзүлдү. 1925 жылы жомокчу Тыныбектин айтуусу боюнча жарыяланган "Семетейдин" үзүндүсүнөн баштап. "Манас" менен "еметейдин" айрым эпизоддору кыргыз тилинде (асиресе 1930-1940 жылдары) китепчелер түрүндө басылып чыкты. 1946 жылы "Чоң казат" зпизоду (Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча) орус тилине которулуп, иллюстрацияланып, Москвада жарыяланды.

Ата мекендик согушка чейин совет окуучуларын кыргыз эпосу жана аны айтуучулар менен кыскача тааныштырган макалалардан адабиятчы Е. Мозольковдун (1937 ж.), котормочу Л. Пеньковскийдин (1938 ж.), этнограф С. Абрамзондун (1940 ж.) ж.б. эмгектерин атоого болот. Эпосту аздыр көптүр изилдөөгө арналган эмгектер согуш жылдары жана андан кийинки эки-үч жыл ичинде К. Рахматулин, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, А. Н. Бернштам, М. И. Богдановалар тарабынан жарыяланды. Булардын ичинен маркум Калим Рахматулин тарабынан кыргызча жазылып 1942 ж. басылган "Манасчылар", 1943 ж. орус тилинде жарыяланган "Улуу патриот — укмуштуу Манас" аттуу эмгектер кеңирээк алынып жазылгандыгын айта кетүү зарыл. Мындан башка да, айрыкча 1952 жылы эпос боюнча жүргүзүлгөн талкууга байланыштуу көп макалалар басылды.

Дискуссияга чейинки макалаларда эпостун варианттарындагы элдик эмес идеологиялык катмарларга жеткиликтүү сын берилбей келген болсо, дискуссия кезиндеги бирин-эки макалада жана сөздөрдө ал катмарларды өтө апыртып көрсөтүү аркылуу эпостун элдик мүнөзүн тануу аракеттери байкалды. 1952 жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комнтетинин демилгеси менен өткөзүлгөн илимий сессия "Манас" эпосу боюнча ошого чейинки жүргүзүлгөн бардык иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Бул сессияга кыргыз окумуштуулары жана жазуучулары менен катар Москва, Ленинград шаарларынын жана бир тууган респубикалардын окумуштуулары катышты. Алар эпостун варианттарына аздыр-көптүр сын беришип, эпосту изилдөөгө жана жарыялоого байланыштуу көңүл бурарлык бир кыйла жаңы пикирлерди айтышты. Сессияда талкуу иретинде негизги маселе – "Манас" эпосу кыргыз эмгекчилеринин таламын көздөгөн элдик чыгармабы же патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн таламын көздөгөн реакциячыл эпоспу деген маселе коюлду. Бул маселени сессияга катышкандардын басымдуу көпчүлүгү эпостун негизи элдик деген корутундуга келишти. Негизи элдик болуу менен катар эпостун жазылып алынган кээ бир варианттарында (асиресе Сагымбай Орозбаковдун вариантында) эмгекчи элдин духуна карама-каршы келген бай-манапчыл идеологияны көрсөткөн мотивдер гана эмес, айрым эпизоддор да бар экендиги аныкталды. Андай чоочун идеологиялык катмарлар жомоктун ички мазмуну менен данакерлешпестен, үстүрт, жолбун малдай обочо бөлүнүп тургандыгы, эпосту андай катмарлардан арылтуу зарылдыгы айтылды. Эпостун толук тексттин мүмкүн кадары жакын аранын ичинде кыргызча, орусча жарыялоо максатында, эл оозундагы варианттарды дагы жыйноо боюнча, эпостун составын, анын негизин, андагы жасалма түрдө киргизилген катмарларын анализ кылуу боюнча илимий иштердин кеңири жүргүзүлүшү зарыл деп табылды.

Эпостун фондудагы варианттарынан бириктирилген кыскача вариант түзүп жарыялоонун мүмкүн экендигине шек келтирген ораторлор да (мис. проф. А.К.Боровков, проф. Л.И.Климович) болду.Сессияга катышкандардын көпчүлүгү бир нече варианттан бириктирилип жарыяланган армян эпосу "Давид Сасунский",карелфин эпосу "Калевала" сыяктуу; элдик чыгармаларды бириктирүүнүн тажрыйбасына таянып, "Манастын" кыскартылып бириктирилген вариантын жакын арада басмага даярдоонун мүмкүндүгүн жана зарылдыгын кубатташты.Эпосту изилдөө ишин өрчүтүү үчүн ал илимий сессиянын чоң маанилүү материалдары Академиянын, тил жана адабият институту тарабынан эбак эле жарыяланыш керек эле [Сессиянын материалдарынан проф. А. К. Боровков менен проф. Л. И. Климович гана өздөрүнүн сөздөрүн 1952 ж. "Дружба народов" журналынын 5-санында жарыялашты]. Ошол эле институттун архивинде 1948 жылдан бери жарыяланбай жаткан материалдардын дагы бир жыйнагын көрсөтө кетүү зарыл. Бул жыйнакта "Манасты" 1930 жылдардан бери изилдеген эмгектеринин корутундусу түрүндө жазылган проф. М. Ауэзовдун, эпостун чыгыш доору жана "Манас" деген аттын теги жөнүндө проф. А. Н. Бернштамдын, эпосту изилдөө маселелерине жана анын библиографиясына арналган проф. Н. Н. Берковдун эмгектери, "Манаска" арналган К. Рахматулиндин диссертациясы сыяктуу маанилүү эмгектер бар.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.