Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

3. 3 болүм

"Манас" жомогу качан, кайсы доордо өз алдынча жомок түрүндө пайда болду? — деген суроо туулат.

Бул суроого толук жооп берүү үчүн, эпостон орун алган тарыхый окуяларды, идеологиялык мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилдик формасын, сюжеттик сызыгын, варианттардын ортосундагы айырмаларды, каармандардын образдарын, алардын граждандык тарыхтагы фактылар менен байланышын ж. б. маселелерди терең изилдөө керек. Бул маселелерди кеңири талдоо үчүн келечекте далай эмгектер, атайын монографиялар жазылууга тийиш. Бул кириш сөздө биз айрым маселелер боюнча өзүбүздүн кыскача гана жеке пикирлерибизди айта кетмекчибиз.

Алгачкы изилдөөлөр боюнча басма сөздө жана илимий жыйналыштарда эпостун чыгышы жөнүндө азырынча айтылган үч божомол (гипотеза) бар:
1) Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам),
2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев),
3) Жунгар доорунда (XVI— XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).

Бул божомолдордун биринчиси эпосто орун алган окуяларды Орхон – Енисей эстеликтеринде аталган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон уруштарга, IX кылымда өздөрү кол салган уйгурларды жеңип, кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянат.

Экинчи гипотеза "Манас" жомогунда учураган кээ бир тарыхый фактылар менен катар, этнографиялык, лингвистикалык жана географиялык маалыматтарга, алардын граждандык тарыхка байланышып турушуна сүйөнөт. Ошол фактыларды кыскача эскерте кетелик.

Эпос бардык варианттарда кыргыз урууларынын бытырап тарап, Ороздунун (кээ варианттарда Ногойдун) уулдарынын ар жерлерге сүрүлгөндүгүн баяндоодон башталат. Жомоктун кээ бир варианттары боюнча Кытайдын Алооке канынын баскынчылыгы натыйжасында кыргыздардын бирдиги бузулуп, бытырандылыкка учурайт. Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу. Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, орон-кой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Кашкардык Махмуддун маалыматы менен аныкталат [Махмуд Кашгари. Divanü luwat-ət-türk. Туркчө басылышынын I томунун баш сөзүндө].

Эпосто айтылган кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя X кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн кара кытайлардын (алардын дагы бир аты кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет, Мына ушундан кийин кыргыз урууларынын Ала-Тоо тарабына бириндеп өтүшү күчөй баштайт. Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып, бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес. Ошол эле кара кытайлар кыргыздардан кийин Борбордук Азиядагы элдерди (мунун ичинде ошол кезде "чин" деп аталган азыркы кытай элинин түндүк тарабын) каратып алуунун натыйжасында өзүнүн "кытай" деген атын ошол элдерге да тараткандыгы тарыхта маалим [В. В. Бартольд. Очерки истории Семиречья. Фр., 1943. б.32; "Киргизы", Фр., 1943, б.38].

Кара кытайлар тарабынан мамлекеттиги талкалангандан кийин кыргыз урууларынын саясий жагынан баш кошкон бирдиктүү күч болгондугу азырынча тарыхта белгисиз. Мындан кийин моңголдорго, калмактарга, манжууларга ж. б. каршы күрөшкөндө кыргыздар бирин-серин уруулардын гана башын кошуп, каршылык кыла алган. X кылымдан кийин азиялык тарыхта кыргыздардын аты чыкпай калышы, чыкса да, күңүрт угулушу мына ушуга байланыштуу.

Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX-X к.к.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Албетте, X кылымдан бери кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы (XII–ХШ к.к.) [С. Б. Киселев. Древняя история Южной Сибири. М., 1951, б. 564], андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар да, эпостон орун албай койгон эмес.

Жазылып турган тарых китеби болбогон элде бир нече кылым мурун өткөн окуялар барган сайын унуткарылып, кийинчерээктеги окуялар көбүрөөк эскериле тургандыгын унутпоо керек. Мына ушул көз менен караганда, кыргыз урууларынын жанына өтө батаарлык кордук көрсөткөн соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) болгондуктан, алар жөнүндөгү аңгеме эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялардан билинээр билинмексен гана из калгандыгы толук закондуу иш.

"Манас" жомогунун чыгышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун авторлору эпоско кошулган ошол кийинки тарыхый маалыматтардын көбүрөөк орун алышына гана таянышат да, жомокто учураган андан мурунку тарыхый фактыларга баа беришпейт. Ошону менен катар, "Манас" эпосун жунгар чабуулдары кезинде (XVI–XVIII к.) Тянь-Шанда жашаган кыргыздар чыгарган болсо, андан бир нече кылым мурунку кыргыз урууларынын баштан өткөргөн окуялары (Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, кара кытайлар менен согушу ж. б.) жана XIV–XV кылымдарга чейин кыргыздар жашаган географиялык пункттар (Алтай, Кангай. б.) кайдан келип эпостон орун алып калды – деген сыяктуу суроолорго үчүнчү божомолдун авторлору эч жооп беришпейт.

Кыргыз элинин тарыхында эң эле чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу "Манас" жомогунун чыгышына себеп болуп, андан орун алганын туура деп тапсак, эпостун жашы бир миң жылга таяп барат.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.