Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

5. 5 болүм

Сюжети мурунтан элге тааныш жомокту анын белгилүү каармандарына, алардын атактуу курал-жарактарына, кийим-кечектерине, тулпарларына жана дайыма эскерилүүчү жан-жаныбарларга берилип жүргөн туруктуу эпитеттерди пайдаланып, ар бир доордун таланттуу адамдары ыр менен күүгө салып айтып келген. Эпостун көркөмдүк сапаты, көлөмү, идеялык деңгээли жомокчунун чыгармачылык шыгына жараша болгон. Кээ бир жомокчулар мурунтан тааныш сюжетке да, айрым себептер менен, жаңы эпизоддор кошкондугу же кээ бир окуяларды түшүндүрүүдө жаңы мотивдер киргизгендиги белгилүү. Мындайча айтканда, эзелтен келаткан традициялык жалпы сюжеттик теманын айланасында аңгеме жасалганы менен, манасчылардын эмгеги өз алдынча чыгармачылык мүнөзгө ээ деп айтууга болот.

Мына ошондуктан ар бир манасчы өзүн "чыгармачыл адаммын" деп сезип, өзүнөн мурунку жомокчулар анын чыныгы устаты болсо да, алардан үйрөнүп таалим алгандыгын көп эскере бербейт. Кайта, өзүнүн чыгармачылык шыгын, жомокчу болуп калышын түшүндө Манастын "арбагы дааруу" менен түшүндүрүү – манасчылар үчүн эрежеге айланган. Эпосту изүүлдөөчүлөрдүн (М.Ауэзовдун, К.Рахматулиндин ж. б.) материалдарына караганда, бизге белгилүү ар бир манасчы эпосту айтуудан мурун таланттуу жомокчулардан таалим алгандыгы байкалат. Мисалы; биздин заманыбыздын Гомери, азыркы манасчылардын эң күчтүүсү жана таланттуусу Саякбай Каралаев, өзүнүн айтуусуна караганда, бала чагында эле Манас жөнүндө жөө жомокту энесинен угуп, ага кунт коёт. Тестиер бала байга койчу болуп жүрүп, өзүнүн чыгарган ырларын ырдайт. "Манаска" кызыккан, ырга шыктуу Саякбай жыйырманчы жылдары атактуу Чоюке менен көп жылдар бирге жүрүп, андан көп таалим алгандан кийин гана, өзү "Манасты" айта баштайт. Кыргыз Академиясынын фондусунда Саякбай Каралаевден жазылып алынган жарым миллион сапка жакын "Манас" эпосунун үч бөлүмү бар.

1925 жылда каза болгон таланттуу Чоюкенин кайсы манасчынын шакирти болгону азырынча маалым эмес. Бирок өткөн кылымдын ортосунда жашап, жомокчулук даңкы чыккан, "Манастын" үч бөлүмүн 30 күн катары менен айткан Тыныбек Жапиев, ата-бабасынан бери жомокчулук кесибин кылган Найманбай Балыков сыяктуу манасчылар Чоюке менен бирге жүрүп, эл кыдырып, "Манас" жомогун айтышкан.

Тажрыйбалуу жомокчулардан таалим алуу менен катар, манасчылардын кээ бирөөлөрүнүн ата-бабасы да эпос айтууну кесип кылып келгендиги белгилүү. Өз убактысынын эң таланттуу манасчысы Сагымбай Орозбаков жомокту биринчи кезекте өзүнүн бир тууган агасы Алишерден уккан. Кийин жашынан куудул ыр жана кошок чыгарып жүрүп, өзү манасчы болот. Сагымбай бирге ээрчип жүрүп, атактуу манасчы Келдибектен, Балыктан, Тыныбектен таалим алган. Сагымбайдан эпостун биринчи бөлүмү бүт жазылып алынган. 1930 жылы анын каза болушуна байланыштуу, андан жомоктун башка бөлүмдөрү жазылбай калган.

"Семетей" бөлүмүн жаздыргандан кийин, 1942 ж. каза болгон манасчы Жаңыбай Кожокеевдин атасы да, чоң атасы да, бабасы да манасчы же семетейчи болгондугу маалым. Айтор, кыскасын айтканда, манасчылардын баарынын тең "кереметтүү түш көрүү натыйжасында эпосту айтып калдык" дегени менен, чындыгында, эч бир манасчы эч кимден укпай, таалим албай туруп, "Манасты" айткан эмес. Мына ошондуктан жомокчулук кесип чыгармачылык шыктуулукка негизделген жана укумдан тукумга өтүп келаткан кесип деп билүү керек. Албетте, жомоктун сюжеттик окуяларына абдан кызыгын, аларды деталдарына чейин жадысына түйүп, дайыма көз алдыга келтирип, ойлонуп жүргөн адамдын түшүнө Манас же анын чоролору кирүү ыктымал. Бирок, манасчы болуп калууну жалаң муну менен гана түшүндүрүүгө болбойт.

Жазылып калган тарых болбогондуктан, биринчи манасчы ким экендигин, албетте, белгисиз. Бирок Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсан ырчы дегенди, Манастын кырк чоролорунун бирөөн "Ырамандын ырчы уулу" деп айтылышын эске албай коюуга болбойт. Мындан бир нече кылым мурун "Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы" болгон экен деген ылакап чындыкка туура келсе да, алардын кайсы доордо өткөндүгүн билүү кыйын. Жомокчулар жөнүндөгү тагыраак маалыматтар XIX кылымдан ары кетпейт. XIX кылымдын башында жашаган манасчы Келдибек жөнүндө жомокко айланган кабар бар. Анын мыкты жомокчу экенин көтөрүп айтуу үчүн, "Келдибек "Манас" айтканда үй солкулдап, борошо уруп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган экен" деген имиш айтылат. Андан берки кабар – манасчы Келдибектин замандашы Балык (Бекмурат) Кумаров жөнүндө.

Манасчылар эпосту айтуудан мурда өзү далай ирет башкалардан уккан жомоктун сюжеттик эришин, негизги каармандарын, алардын туруктуу эпитеттерин эске аябай түйөт. Андан кийин айрым каармандар жөнүндө, алар катышкан кичине эпизоддор жөнүндө алгачкы убактарда өз ичинен машыгуу иретинде күңгүрөнүп айтат, андан кийин гана элге угуза баштайт. Кээ бир жомокчулар эпостун айрым эпизоддорун айтуу менен гана чектелген. Акындыгы күчтүүрөк жомокчу жыл сайын улам машыгып, улам арбытып отуруп, кийин эпостун бир бөлүгүн толук айта турган болгон. Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.

Академиянын фондусунда, толук эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстан территориясында жашаган сексенден ашуун улгайган жана жаш манасчылардын тизмеси бар. Булардын бир катары – эпостун айрым бөлүмдөрүн же кээ бир эпизоддорун гана аткарган адамдар. Манасчы, семетейчилерден жазылып алынып, Кыргыз Академиясынын фондусунда сакталган вариантарды санап өтөлүк: Саякбай Каралаевден -эпостун үч бөлүгү; Сагымбай Орозбаковдон — эпостун биринчи бөлүмү толук; Шапак Ырысмендеевден – "Семегей", "Сейтек" жана "Манастын" айрым эпизоддору; Тоголок Молдодон – "Семетей", "Сейтек" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жаңыбай Кожокеевден – "Семетей"; Молдобасан Мусулманкуловдон – "Сейтек", "Семетей" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жакшылык Сарыковдон – "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнөн үзүндүлөр; Акмат Ырысмендеевден – "Манастын", "Семетейдин" эпизоддору; Багыш Сазановдон – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Тыныбектен – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Алмабек Тойчубековдон – "Семетейдин" үзүндүлөрү; Ыбрай Абдырахмановдон  — эпостун айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү.

Жазылып алынган материалдарга караганда, эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнүн варианттары көп, ал эми "Сейтектин" варианты аз. Эл ичинде эпостун биринчи эки бөлүмү көбүрөөк айтылып, кеңирээк тараган. Ошол көбүрөөк айтышына жараша, жомокчуларды же "манасчы" же "семетейчи" деп атаган.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.