Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

7. 7 болүм

Жогоруда көрсөтүлгөн идеялык катмарлар эпостун элдик мүнөзүн буза алдыбы же жокпу? – деген суроо туулат. Алар эпостун элдик мүнөзүн буза алган жок деп чечкиндүү жооп берүү керек. Бийлөөчү уруучул-феодалчыл чөйрөлөр элге жат идеологияны жомокко сиңирүүгө канчалык далбаса кылса да, панисламдык, пантүркисттик, баскынчылык идеялар монолиттүү чыгарманын идеялык негизин бузарлык түрдө анын сөөгүнө жетип, канына сиңе алган эмес. Алар чулу темирдин үстүн баскан дат сымалдуу нерсе бойдон гана кала берген. Эпостун биз жогоруда көрсөтүп кеткен негизин түзгөн элдик идеялар бардык варианттарында сакталып калган. "Манас" эпосу дегенде элдин көз алдына эл үчүн башын дайыма курмандыкка байлаган, баскынчы жоону жеңгич, кажыбас кайраттуу, туруктуу каармандардын элеси келет. Дарыядай чоң, баатырлык эпопеянын ар кайсы жерине киргизилген жат идеялуу айрым ырлар, айрым эпизоддор жомоктун элдик касиеттерин буза алган эмес. Ошондуктан эпосту жат идеялдуу катмарлардан арылтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Фондудагы варианттардын ичинен ар түрдүү идеялык илдеттерге дуушар болгон Сагымбайдын вариантында да ал жасалма түрдө киргизилген катмарлар оркоюп көрүнүп тургандыгын, алардан ал вариантты тазартуу кыйын эмес экендигин аны терең изилдеген профессор Муктар Ауэзов өзүнүн эмгегинде таамай көрсөткөн [Кыргыз Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 64].

Албетте, эпосту ал катмарлардан арылтуу жумушу оңой иш эмес. Бул үчүн каармандарга берилген мүнөздөмө иретиндеги ырлардын, алардын жеке турмушун, кылык-жоругун. жана коом ичинде иштеген аракеттерин сүрөттөгөн ырлардын арасындагы жат идеялдуу бир катар саптарды, кээде айрым үзүндүлөрдү билгичтик менен кыскартуу гана жетишсиз. Кайсы бир учурда ал идеялар каармандардын аракеттеринин мотивировкасы, себеби катарында киргизилген. Мындай болгондо, ал мотивировкалардын башка варианттарда кандайча берилгендигин издеп таап, салыштырууга туура келет. Мисалы, Сагымбайдын вариантында Алмамбеттин өз элинен кетишине жападан-жалгыз мотив иретинде анын мусулман динине өткөндүгү көрсөтүлсө, Саякбайдын вариантында динден башка да мотивировкалар бар: Эсен кандын Алманбетке сураган кандыгын бербегендиги, анын атасынын "Канжайлак" деген жайлоосун Конурбайдын тартып алышы сыяктуу себептер да көрсөтүлөт. Сагымбайдын варианты душман менен болгон согушта жеңилгендерди мусулман динине киргизүү менен аяктаса, Саякбайда, эпостун каармандары динге берилгендигине карабастан, панисламдык идеяга үгүттөө анчалык байкалбайт.

Элдик чыгарманын сюжеттик эришине сыйбай оркоюп турган мындай катмарлар алынып ташталса, жомок артыкбаш жүктөн кутулуп, ого бетер көркүнө чыга түшөөрүнө эч кандай шек жок. Жат мотивировкалардан, чоочун идеялардан эпосту арылтуу милдети бир нече варианттын башын кошуп, бириктирилген вариант жасоодо абдан чоң мааниге ээ болот. Өтө көп татаал эмгекти жана убакытты талап кыла тургандыктан, бириктирилген толук вариант жасоо жумушу келечектеги чоң мнлдет. Элге өзү чыгарган укмуштуу сонун эпосту тезирээк китеп түрүндө бастырып берүү үчүн, азырынча кыскартылып бириктирилген вариант түзүүгө туура келди. Мындай вариантты жасоо үчүн аны түзүүчүлөр эпостун ар бир бөлүгү боюнча жомокчулардан жазылып алынган варианттар менен толук таанышып, жомоктун сюжеттик эришин түзгөн негизги окуялар кайсы жана жат идеялардын таасири менен кошулган эпизоддор кайсы экенин иликтешти. Бул жагынан ушул күнгө чейинки эпоско байланыштуу жазылган илимий эмгектер, 1952 жылы өткөрүлгөн дискуссия көп жардам берди. Кыскартылган вариантты түзүүчүлөр – К.Маликов, А.Токомбаев жана Т.Сыдыкбековдор оор милдетти ийгиликтүү аткаруу үчүн көп жылдардан бери эмгек сиңиришти. Бул иште биринчи кезекте эпостун толук жазылган варианттарына, Саякбай менен Сагымбайдын варианттарына көңүл көбүрөөк бурулду.

Кыргыз урууларынын тынчтык турмушуна кол салган жоолордон коргонуу, ошого байланыштуу элдин башын кошууга багытталган аракеттер, элдик каармандардын баатырлыгын даңазалоо, элдин боштончулугу жана жыргалчылыгы үчүн, эл үчүн, мекен үчүн курмандыкка даяр болуу, кадиксиз достук, айныбас мухабат, адилеттүүлүк, баатырлык, амалкөйлүк, каардуу табигат менен күрөшүү сыяктуу жалпы адамзаттык идеялар элдик эпостун идеялдык негизин түзөт. Мына ушундай мотивировкалардын, темалардын негизинде түзүлгөн эпизоддор жана окуялар элдик эпостун ажырагыс элементи катарында каралды.

Ушул принцип менен алганда Саякбайдьн вариантынын сюжеттик эриш-аркагы чындыкка жакыныраак экендиги байкалды. Саякбай эпосту тынч жаткан кыргыздарга Алооке кандын баскынчылык менен кол салып, кыргыз урууларын ар тарапка сүрүүдөн баштайт. Мунун натыйжасында Алтайга жер оодарылып барган кыргыздардын бири болгон Жакыптын байбичесинен – Чыйырдыдан кыргыздардын келечектеги таянычы баатыр Манастын төрөлүшү шартка ылайык, табигый окуя болуп көрүнөт. Манас төрөлө электеги түшкөрүү, Манастын төрөлүшү, анын балалык чагы, Манастын Кошойго жолугушусу, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши, Алооке кандын Таластык кыргыз урууларына жана Шоорук кандын алайлык кыргыз урууларына кол салышы, өз элинен кеткен Алманбеттин Көкчөгө барып, андан Манаска келиши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандардын чыккынчылыгы, Көкөтөйдүн ашы, Чоң, казат сыяктуу (эпизоддор – бүт элге эбактан белгилүү жана фондудагы варианттардын көпчүлүгүндө (ошонун ичинде Саякбай менен Сагымбайдын варианттарында да) учураган эпизоддор. Элдик "Манас" эпосунун биринчи бөлүгүнүн негизги сюжеттик сызыгын түзгөн орчундуу темалар мына ушулар болуп саналат. Ошондуктан бириктирилген вариантта ошол сюжеттик сызык, өзүнө ылайыктуу идеялык мотивировкалары менен, негизинен Саякбайдын варианты боюнча . алынды. Анын вариантындагы Чубактын Букарга жасаган чабуулу сыяктуу эпизоддор, айрым каармандарды агрессивдүү, панисламдык, пантүркисттик духта көрсөтүүгө багытталган ыр сабактары, эпостун негизги мазмуну менен байланышпай турган дат иретинде, алынып ташталды.

Элдик эпоско таандык көркөмдүктү сактоо максатында, табийгатка каармандарга, баатырлык мелдештерге, тулпарларга, жаныбарларга ж. б. берилген күчтүү сүрөттөр, сыноолор, таасирлүү ырлар башка варианттардан алынып, бириктирилген варианттын образдары, сүрөттөрү күчөтүлдү. Түзүүчүлөр тарабынан кыскартылып алынган Саякбайдын вариантынын сюжеттик сызыгына мазмуну жана түзүлүшү жагынан жакын турган айрым эпизоддор да башка варианттардан кыскартылып кошулду. Ушул максатта эпостун биринчи бөлүгүндө, асиресе Сагынбай Орозбаковдун варианты көбүрөөк пайдаланылгандыгын айта кетиш керек.

Кыскача варианттын биринчи бөлүгүнүн биринчи китебине андай эпизоддордон Сагымбайдын айтуусу боюнча: Манастын төрөлүшү жана бала чагы, Байдын Алтайлык кыргыздарды издеши, Алтайлык кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү, Манастын колунун Алооке канды кууганы, Алманбеттин Манаска келиши жөнүндөгү ырлар, Шоорук кан менен согуш жана Араниктеги окуялар киргизилди. Манаска, Каныкейге, Аккулага берилген сындар Сагымбайдын кээ бир ырлары менен күчөтүлдү.

Экинчи китепке киргизилген "Көкөтөйдүн ашынын" башталышы жана андагы шаан-шөкөттөрдү сүрөттөөлөр, "Чоң казаттын" биринчи бөлүгү бүт дээрлик психологиялык окуяны күчтүү жана көркөм бере алган Сагымбайдын варианттарынан алынды. Айрым окуялардын деталдары, мисалы Каныкейдин "Чоң казатка" аттанган чоролорду жабдышы, Алманбет менен Чубактын чатагы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Коңурбай менен Манастын сайышы сыяктуу элестүү, көркөмдүк жагынан эсте каларлык сүрөттөр да Сагымбайдан алынып кошулду.

Биринчи китептеги "Манастын Каныкейге үйлөнүшү" жана "Олуя чалдын бүктөлүшү" жөнүндөгү окуялар, башка варианттарга караганда күчтүүрөөк болгондуктан, негизинен Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусу боюнча алынды.

Жакыптын Алтайга сүрүлүшүн, Каныкейдин Таласка көчүп келишин, Алманбеттин өз элинен кетишин, "Чоң казаттын" орто жана аяк чендериндеги айрым главаларды түзүүдө Саякбайдын, Сагымбайдын, Багыштын, Ыбырай Абдырахмановдун, Молдобасандын, Шапактын варианттарындагы жакшы деп табылган үзүндүлөр, ырлар пайдаланылды.

"Манас" эпосунун он эседей кыскартылып берилишине байланыштуу, элге белгилүү бир топ майда окуялар бириктирилген вариантка кирбей калды. Жомоктун негизги каармандарына – Манаска, Бакай менен Каныкейге, Алманбет менен Сыргакка, Коңурбай менен Жолойго, Кошой менен Чубакка байланыштуу эпизоддор кеңирээк берилди да, экинчи катардагы каармандар туралуу, мисалы; кырк чоронун ар бирөө жөнүндөгү толук варианттарда өзүнчө айтылуучу окуялар, ошондой эле Манастын белгилүү курал-жарактарынын тарыхы да, көп учурда баяндалбастан кала берди. Каармандардын элесин көрсөтүүгө келгенде, баатырлыгы жагынан Манаска тетелеш, бирок өмүр баяны жагынан өтө трагедиялдуу Алманбеттин образын көрсөтүү иши өтө оор болду. Кыскартылган варианттын эң татаал биринчи бөлүгүн түзүүдө акын Кубанычбек Маликов абдан көп эмгек сиңирди.

Каармандардын келбетин, эрдигин мүнөздөгөн дайыма колдонулуучу туруктуу эпитеттерди сактап калуу менен катар, жер суунун, тулпарлардын, курал-жарактардын кайталантып айтылган сүрөттөрүн кыскартуу аркылуу жана согуштук кыймылдардын өтө окшош жерлерин кемитүү аркылуу сюжеттик окуялардын динамикасын (жандуулугун) бир аз күчөтүүгө түзүүчүлөр да, редколлегия мүчөлөрү да көп аракет кылышты. Айрым эпизоддорду киргизүү же киргизбөө маселесин чечүүдө эпостун биринчи бөлүмүнүн баатырлык мүнөзүнө окуялардын жооп бере ала тургандыгы эске алынды. Ошондуктан согуштук эпизоддорго көбүрөөк орун берилип, "Чоң казат" сыяктуу абдан көлөмдүү баатырдык окуя киргизилди.

Кыскартылып бириктирилген вариантыбызда жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү "Семетей" сюжеттик жагынан жыйынтыктураак, тыканыраак болуп, окуялары бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө берилди. Иштин мындай ийгиликтүүрөөк болушу жалаң гана бул бөлүмдү түзгөн эл акыны Аалы Токомбаевдин фондудагы варианттарды тереңирээк изилдөө аркылуу өз бөлүмүн кураштырууда олуттуу эмгек сиңиришинен гана эмес, "Семетей" жомогунун оозеки жашашындагы кээ бир өзгөчөлүктөр менен да түшүндүрүлөт. Ал өзгөчөлүктөрдүн негизгиси — идеялык жагынан алганда, жомоктун баатырдык мунөздөгү "Манас" бөлүгү башка бөлүктөрүнө караганда кийинки идеялык катмарларга көбүрөөк дуушар болгондук. Ар бир доордун реакциячыл элементтери өздөрүнүн идеялык көз караштарын таратуу максатында эпостун эл арасына көбүрөөк тараган баатырлык эпизоддорун, биринчи иретте Манас катышкан окуяларын көбүрөөк пайдаланууга тырышкандыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Жат идеялык катмарлардын көп жугушу бирик-тирилген варианттын өзгөчө биринчи бөлүгүнүн түзүлүшүн татаал ишке айлантты.

Мындан эпостун "Семетей" бөлүгү элге аз тараган деген корутундуга келүүгө болбойт. Баатырдык окуялары боюнча биринчи бөлүктү кайталоого (мисалы Коңурбай менен болгон согуш) карабастан, "Семетей" жомогун да эл сүйүп, көп айттыра турган. Бирок анын баатырдык мүнөзү менен катар бара-бара романтикалык мотивдердин жана лирикалык күүлөрдүн күч алышы, ошону менен катар жомоктогу баатырдык окуялардын көпчүлүгү элди басып алуучу жоолорго каршы күрөшүүгө арналбай, элдин өз ичиндеги душмандар менен күрөшүүгө байланыштуу болушу жомоктун бул бөлүмүнө идеялык катмарларды сиңирүүгө анчалык оңтойлуу шарт түзбөгөн деп, болжолдойбуз. Ошондуктан "Семетейдин" фондудагы варианттары жомоктун негизи боюнча гана эмес, анын жалпы сюжеттик окуялары жагынан да, түзүлүшү жана мазмуну жагынан гана эмес, көпчүлүк деталдары жагынан да бири бирине бир кыйла окшош экендиги байкалат.

Жомокчулардын бир катары "Көкөтөйдүн ашын" эпостун "Манас" бөлүгүндө, "Чоң казаттан" мурун айтса, жомокчулардын бир катары аны "Семетейге" кошуп айтканын эске албаганда, "Семетей" жомогунун сюжети бардык варианттарда төмөнкү негизги окуялардан турат: 1) Жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, өз элин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) Семетейдин Чынкожо, Толтой менен согушу, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү. Фондудагы варианттардын мына ошол сюжеттик жагынан окшоштугу эске алынып, Аалы Токомбаев тарабынан бириктирилип кыскартылган вариантта Саякбай Каралаев менен Тоголок Молдонун варианттары негиз кылып алынган. Алардагы элге белгилүү окуялар толук сакталган.

Фондудагы "Семетей" жомогунуи 14 вариантынын ортосунда бир аз айырмалар бар, бирок алар эпостун фабулалык сызыгы, эриш аркагы боюнча эмес, айрым деталдары гана боюнча болгон айырмалар. Ал айырмалар экинчи пландагы каармандардын аттары (мис. Темир кандын ордуна Кара кан, Сарытаздын ордуна Жекетаз деген сыяктуу), Манастан калган куралдардын аттары жана саны жөнүндө, экинчи пландагы кээ бир майда окуялар (мис. Семетейдин Букарда сүннөткө отургузулганы, сыноо үчүн Темир кандын Семетейге кол салдыруусу сыяктуу аңгемелер көпчүлүк варианттарда учурабайт), кээ бир окуялардын мотивировкалары жөнүндө (мис. Чынкожонун Семетейге жоо болушу) болуп, жомоктун жалпы мазмунуна да, анын курулушуна да эч кандай таасир келтирбейт. Бул айырмалар, албетте, белгилүү бир тартипке келтирилди.

Негиз кылып алынган варианттардагы кайталоолорду кыскартуу эсебинен, башка семетейчилердин варианттарындагы (мисалы Шапактын, Тыныбектин, Акматтын, Жакшылыктын) айрым көркөм үзүндүлөрү, эл оозунда айтылып жүргөн белгилүү ырлар тандалып алынып, жомоктун деталдары бир кыйла күчөтүлдү.

Жомоктун көркөмдүк идеялдык мазмунун түзгөн темаларды — өздөн чыккан жоолорго жана четтен келген баскынчыларга каршы күрөшүүдө ашкан эрдик көрсөтүү, кыргыз элинин үрп-адатына байланыштуу кыз-талашуу, үйлөнүү, аш-тойлордогу шаан-шөкөттөр сыяктуу турмуштук темаларга негизделген окуяларды толук сактап калууга аракет кылынды.

Эпостун башкы эки бөлүгүн түзүүдөгү кыйынчылыктар ар түрдүү варианттарды композиция жана окуялардык мазмуну жагынан салыштырып отуруп, анын жалпы сюжеттик сызыгы бузулбагандай кылып, тандап алып кураштырууга байланыштуу болду.

В. Радловдун жазып алып "Семетейдин" аягына кошуп жиберген 560 сап ырды кошо эсептегенде, фондуда "Сейтектин" алты варианты бар (С.Каралаев — 120 миң сап ыр, Ж.Сарыков — 18,000, Ш.Ырысмендеев — 15000, Тоголок Молдо — 5.000, М.Мусулманкулов — 3.000 сап ыр чамасында). Булардын эң толугу жана күчтүүрөөгү Саякбайдыкы, ошондуктан да анын вариантынын айланасында көп иш жүргүзүлдү. Бирок бул вариантта башка варианттарга караганда, мурунку жана азыркы манасчылардын вариантарында учурабаган окуялардын кошулуп, узартылып айтылышы байкалат. Эпосту изиллдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда [Кыргыз Ил. Акад. фондусу, инв. №8, З.Бектенов тарабынан "Сейтекке" жазылгав кириш сөздө, 6. 21], башка жомокчулар "Сейтек" жомогун Сейтектин туулушунан баштап, анын Таласка келип, зордукчул Канчорону жоготуп, кыргыздардын башын кошуп, чындыкты өкүм сүрдүрүү менен бүтүрсө, Саякбай аны улантып, Карадөө менен Момунжан окуясын, Желмогуз уулу Сарыбай менен болгон согушту, Сейтектин уулу Кенен, Алымсарык, Кулансарык жана Чынтемир жөнүндөгү аңгемелерди кошуп, жомокту узарткан. Бул, албетте, чыгармачылык таланты күчтүү манасчы Саякбай тарабынан болгон чоң чыгармачылык жаңылык.

"Сейтектнн" аяк жагынын сюжети манасчылар тарабынан ар түрдүү айтылышы байкалат. Саякбайда жомоктун эриш-аркагына көп кыйыша бербеген окуялар жана персонаждар киргизилген. Анын вариантындагы Айчүрөктүн досу кыз Куялы Шапактын вариантында Конурбайдын уулу болуп келип, Сейтекке каршы согуш баштайт. Саякбайда Кара дөө он персонаж болуп көрсөтүлсө, Жакшылыкта ал терс персонаж. Бул өңдүү кыйышпастыктар кыскача вариантта бир тартипке келтирилди.

Манасчы Саякбайдын таланттуулугу аркылуу өрчүтүлгөн жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тарабынан бир кыйла чебердик менен кыскартылып берилген эпостун "Сейтек" бөлүгүнүн көркөмдүк мааниси чоң, эмоционалдык таасири күчтүү. Бул таасир, биринчи кезекте, эл абдан сүйгөн он, каармандардын өтө аянычтуу шарттарда көрсөтүлүшү аркылуу жомоктун трагедиялык мүнөзгө айланышында, душмандар сазайын тартып, эл жыргалчылык заманга жетет деген оптимисттик жогорку идеяларга негизделгендикте.

"Манас" эпосунун ар бир бөлүгү биз жарыялап отурган вариантта композициялык курулушу жагынан ар бирөө өзүнчө бүткөн чыгарма болуп көрүнөт. Бирок алардын өз-ара тыгыз байланышы да бар. Бул бай-ланыш жалаң кегизги каармандарынын — Манас, Семетей, Сейтектин теги (генеологиялык) жагынан гана эмес. Бул өз алдынча мүнөзгө ээ болгон поэмалардын идеялык мазмууну, аларда катышкан негизги каармандары-ңын жалпылыгы, айрым окуялардын мотивировкалары жагынан да бир бирине тыгыз байланышып турат. Эпостун биринчи бөлүгүнүн башкы каарманы Манас өзүнүн бүт өмүрүн сарп кылып күрөшкөн каардуу жана мыкаачы жоо Коңурбай Семетейдин да ошондой эле жоосу. Макастын сөөгү көмүлө электе эле Каныкейдин казынасын талап, Семетейди жоготууга тырышкан өздөн чыккан арамза жоо — мансапкор, дүйнөкор, кансоргуч Көбөштүн зордугунан элди Семетей куткарат.Өздөн чыккан жоо менен күрөшүү тематикасы эпостун "Сейтек". бөлүгүндө ого бетер арбытылат.Семетейдин белгилүү чоросу болуп жүрүп, кийин коркунучтуу душманына айланган кекчил Канчоронун элге жана элдин ишенген баатыры Семетейге кылган чыккынчылыгы жомоктун үчүнчү бөлүгүндө ке-нен көрсөтүлөт. Бул гана эмес, жомоктун биринчи бөлүгүндөгү негизги оң каармандар — Каныкей, Бакай, анын экинчи бөлүгүндөгү башкы оң каармандардан Семетей, Күлчоро, Айчүрөктөр "Сейтектеги" окуяларга катышып, аларга жомоктун сюжетинен чечүүчү рольдор берилет.

Эпостун ар бир бөлүгү композициялык курулушу богонча өзүнчө бүтүн чыгарма болуп көрүнгөнүнө карабастан, жогорудагы тыгыз байланыштардын негизинде, жалпы жолунан эпостун үч бөлүгү биригип, кыргыз элинин "Манас" эпосу делип аталат. Ошондуктан бириктирилген вариантта бүт эпос "Манас" аталып, анын "Семетей" бөлүгүнө арналган китептин башына да, Сейтекке арналган китептин башына да "Манас" деген наам берилди.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.