Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

8. 8 болүм

Өткөн кылымдардагы кыргыз урууларынын көргөн кордугун, жер оодарылышын, ички талаш-тартыштарын, биримдик үчүн, кол салган жоолордон сактануу үчүн күрөштөрүн сүрөттөгөн баатырлык эпосто эл ата журттун коргоого ар дайым кашыктай канын, чымындай жанын аябастан, тайманбастык, ашкан эрдик көрсөткөн баатырларды, адамгерчиликтин эң күчтүү касиеттери катарында идеал, образ кылат. Мындай каармандардын элесин, образын сүрөттөөдөн эл көркөмдүк каражатын эч аябайт. Эл баатыр туула электе эле:

Эл башына күн тууса,
Эл жараткан эр келет, -

деп элди коргоочу эрдин пайда болушун эңсейт. Ушундай баатыр – Манас туула электе эле Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот, анын аты кытайлардын бичигине ("бичиг" — моңголчо "кат") чийилет, жаңы төрөлгөн баланы кара жер араң көтөрөт. Андан кийинки сүрөттөөлөр баатыр Манастын бала чагынан баштап, анын дүйнөдөн кайтканына чейин, ошол эле пафосто, ошол эле деңгээлдеги көркөмдүк стиль менен жүрүп олтурат. Манастын элеси кийген кийиминен, асынган жоо-жарагынан, минген тулпарынан, өзүнүн сырткы көрүнүшүнөн тартып, кан-тамырына чейин чылк баатырдын элеси. Сүйгөн баатырын, Манастын образын эл өзүнүн дүйнөдө эң эле жакшы көргөн жана чен жеткис нерселерине салыштырат:

Жаркынынан бүткөндөй,
Ай алдында булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Манас бир мүчөлүнө жете электе эле катылган жоону какшатат. Алтайга сүрүлүп барган кыргыздар бала Манасты өзүнө башчы кылып алып, өскөн эл, тууган жерине – Ала-Тоого жетүүнү көксөйт:

Көңкү кыргыз болгону
Көрө турган күн бар го?!
Иче турган суу бар го?!
Башыбызга кармоочу
Байкуш болгон бул журтка
Эми бала Манас — туу бар го?!

Кыргыздарга туу болгон Манас Алтайдагы уруулардын башын кошуп, арбын кошуун жыйып, бабасы эр Кошойдун акылы боюнча жолдогу Текес кан менен Алоокелердин колун жапырып, элди ата-бабасынын жери— Ала-Тоого алып келет.

Манастын баатырлык элеси Ала-Тоого келген кыргыздарга кол салган душмандарга каршы бир кыйла күрөштөрдө көрсөткөн жеке эрдиктерин, мелдеште мөрөй алып беришин сүрөттөө аркылуу, жоокерчилик жана жай турмушта адамдар менен болгон мамилелерин көрсөтүү же баяндоо иретинде берилет. Эл башына каатчылык түшкөн оор кезеңдерде жоонун эң күчтүү алптары менен жекеме-жеке кармашууга Манас өзү чыгып, ар дайым дээрлик жеңишке ээ болүп, башкаларга үлгү көрсөтөт, элдин ар-намысын сактайт. Анын дайыма жардамчыларынын — Алмамбет менен Бакайдын, Чубак менен Сыргактын бет алган жоодон кайтпас эр, айла-кер, өкүм жана чын жүрөктөн берилген баатырлар катарында берилиши негизги каармандын элесин ого бетер күчөтүүгө багытталган. Бирок Манас алардан өзүн жогору койбойт, кайта эл башчылык, кол башчылык ролду акылман Бакайга, же айлакер Алмамбетке өзү өткөрөт. Манастын элесине аристократтык, феодалдык мүнөз ылайык эмес экендигине Көкөтөйдүн ашында анын Коңурбайга каршы өзү сайышка чыкканы, же малкор атасынын сараңдыгына таарынып кетип, дыйканчылык кылышы сыяктуу фактылар далил боло алат.

Манастын элеси эпосто абдан күчтүү салыштыруулар менен көрсөтүлөт. Керек боло калган учурда, мисалы ачууланганда, кубанганда, жоого беттешкенде пайдалана турган дайыма даяр мүнөздөмөлөр бар. Көбүнчө мындай мүнөздөмөлөр гиперболикалык салыштыруулар аркылуу берилет. Жоого бет алганда Манас алтымыш кулач ажыдаардай, тырмактарын арбайтып келаткан Алп Кара Куштай, кара чаар кабыландай, адамдын жүрөгү түшкөндөй болуп көрүнөт. Ачуусу келгенде, Манастын кабагынан кар жаайт, жаркырап тийип турган күн күүгүмдөй түшөт. Көңүлү ачылганда каткырыгы тоо жарат (мисалы Тазбайматтын аңкоолугуна күлгөнү). Баатырдын токтоолугу, кенебестиги да ашкан гиперболизм менен сүрөттөлгөн. Жоо келердин алдында өзүнүн алп күчүнө ишенип уктап калган Манасты Чубак найза менен качырып келип сайып жатып, араң ойготот. Мына ошондой апыртмалык түрдө тартылган айрым штрихтерден эпостун негизги каарманы Манастын статикалык портрети жасалган. Муну баатырлык эпоско толук жарашыктуу ашкан кооз көркөм чыгарманын стили деп түшүнүш керек.

Эпосто Манастан кийинки баатырлык жагынан күчтүү каарман — Алмамбет. Кара күч жагынан ал Манаска тете десе да болот. Анын эрдигинде жана күчтүүлүгүндө чен жок. Алманбетти Чыйырдынын эмчегин эмизүү аркылуу Манаска бир тууган кылып көрсөтүүдө, ага Каныкейдин сиңдисн Аруукени алып берүүдө көп маани бар. Ашкан эрдиги, өкүмдүгү менен катар, ал – айлакер. Кичинесинде кытайдын жайчылык өнөрүн үйрөнгөн Алманбет табийгаттын тилин билип, эркинче күн жаадырып, шамал жүргүзөт. Бул фантазия аркылуу эл келечекте табийгаттын сырын ачып, бийлөөнү каалагандыгын билгизген.

Бул Алманбеттин образынын сырткы көрүнүштөрү. Анын элесинин ички дүйнөсү өтө терең трагедия. Бул трагедия

Үйүр сагынбас ат болбос,
Эл сагынбас эр болбос, —

деген темага байланышкан. Канчалык эрдик, адалдык менен казакка, андан кийин кыргызга кызмат кылса да, "Манастан" ураан чакыргандарга канчалык сиңишип кетсе да, ар түрдүү себеп менен өз элинен кетиши Алманбеттин жүрөгүнө бүткөн өчпөс так, айыкпас оору бойдон кала берет. Ошондуктан ал "Чоң казатта" Чубак менен чатакташып турганда:

Каңгырган эрдин шору экен,
Калкынан азган кор экен!
Элинен азган жигитке
Эртелеп өлүм эп экен! –

деп арман кылат.

"Манас" эпосун дүйнөлүк эпостордун катарына кошуучу жогорку идеялдуулук, көркөмдүк касиеттеринин бири – мына ушул чексиз патриоттук сезимдин чоң орун алышы деп билебиз. Патриоттук сезимдин күчү натыйжасында Манас баштаган кыргыз уруулары, жолдо кызыл кыргынга карабай, Алтайдан Ала-Тоого келет. Семетей менен Сейтектин жанын сактап калуу үчүн качып кеткен Чыйырды, Каныкей, Айчүрөктөрдү нечен жылдар элин, жерин сагынтып, зарлатып жүрүп, кайта Таласка алып келген күч да – ошол патриоттук сезим. Өскөн жерди, тууган элди сүйүү мотиви жомоктун оң каармандарынын ар биринин кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат.

Алманбеттин Чубак менен чатакташуудагы монологу патриоттук сезимди эң эле бийик даражага жеткизип, элсиз, Родинасыз адам – адам эмес деген тыянак чыгарат.

Ошол эле сезимдин кулу болгон Кошой жомоктун биринчи бөлүгүндөгү окуяларга бүт катышат. Кошойго акылдуулук жана баатырдык мүнөздөр берилет. Манас Алтайлык кыргыздарды көчүрүүдөн мурда Ала-Тоого өзү келип, абасы Кошойго жолугат, андан акыл-насаат сурайт. Жаш Манас "Кытай – түмөн, Кыргыз – аз" — деп шекшине баштаганда, Кошой ашыкпай, ага акыл берет, калың жоону биргелешкен күч менен жеңип, максатка жетүүнүн амалын айтат, "Атбашынын Чечтөбөдө" турган Кошойдун кураган колунун жардамы менен Манастын кошууну же ңишке ээ болуп, кыргыздар өз жерине байыр алат. Карыя Кошойдун элеси жалаң жаш баатырга өз тажрыйбасын, акылын берүү менен гана кыргыз урууларынын башын кошуп, жоону жеңүүгө жардамдашуу менен гана чектелбейт. Ошону менен бирге Кошой – теңдеши жок алп, кол башкарган баатыр, эл бийлеген кан. Бирок ал менменсинип, Манастан тизгин талашпайт. Күчтүү, калың жоону жеңип, чилдей тараган элдин башын куроо максатында, журт башкаруучулук рольду Кошой карыя баласындай Манаска өз ыктыяры менен өткөрүп берип,

Күтүп алгын кулунум,
Күрдөлүү кыргыз элиңди! –

деп, өзүнүн ыраазылыгын билгизет.

Кошойдун чексиз кара күчкө ээлиги, кайраттуу балбандыгы айрыкча Көкөтөйдүн ашындагы шаан-шөкөттөрдө көрсөтүлөт. Жети батман буудайды бирден жеген, жетимиш алпты бир өзү сайган укмуштуу Жолой менен күрөшкө чыгууга эч кимдин дити батпай, кыргыздардын кадыры түшө турган болгондо, Кошой дөө өзү шымаланып майданга чыгып, жеңилген балбандын башынан аттап, элге атак, намыс алып берет.

Кошойдун мына ошондой акылмандыгын, баатырлыгын сүрөттөгөн, Манастын сөзү менен берилген ыр туруктуу эпитетке айланган:

Абам Кошой – карыям, 
Айла тапкыч – олуям.
Өйдө турсам – өбөгүм,
Ылдый турсам – жөлөгүм.
Астыга салсам – ак жолум,
Аркада журсө – сан колум.

Кошойдун элесине жакын Бакайдын образы жомоктун биринчи бөлүгүндөгү окуялардан эле кең орун ала баштайт. Манасты Манас кылган ажарлуу, сүйкүмдүү каармандардын бири катарында Бакай жомокто чоң роль ойнойт. Ал казаттарда да, тынчтык турмушта да Манас менен ар качан бирге болот. Алгачкы боло турган иштин жайын баамдап, көрөгөчтүк кылып, ал Манаска ар дайым акыл берип, жеңишке жетүүгө себепчи болот. Манас бир аз чеки иш кылса, аны Бакай туура жолго салат. Манас Жакыпка таарынып кетип калганда, "элдин милдетин алып, жерден намысын күткөн адам мындай балалык кылбайт, иним!" деп ээрчитип келип, башкаруучулук тизгинди кайта карматат. Мына ошондукган жомокто Бакайга:

Капилеттен сөз тапкан,
Караңгы түндө көз тапкан,
Акылы менен жайкаган,
Алты айлык болор азапты
Көз ачымда байкаган
Адамзаттын туйгуну,
Олуяттын кулуну, —

деген терең маанилүү ырлар аркылуу так мүнөздөмө берилет.

Бакайдын күчү, эрдиги башка алптардан кем калышпайт. Бирок Манастын башка жардамчыларынын элестеринен Бакайдын элесинин көтөрүңкүлүгү – анын ошол акылдуулугуна, билермандыгына байланыштуу. Ошондуктан Манас татаал учурларда ага эл башкаруучулук рольду берип, "Кан Бакай" деп кадырлайт. Адамдын кулк-мүнөзүн терең түшүнгөн калыс жана адилет Бакайга толук ишенгендиктен, Манас ага ичтеги сырын, жүрөктөгү муңун айтып, дайыма кеңешип жүрөт. Ошол эле даанышман Бакайдын элеси жесир калган Каныкейдин, жетим Семетейдин, ал тургай, Айчүрөк менен Сейтектин тушунда да сакталат. Жомок боюнча Бакайдын өлбөс каарман болуп көрсөтүлүшү да анын ошол өчпөс касиети менен түшүндүрүлөт.

Жомокто эл сүйгөн каармандардын бири – Чубак. Кичине кезинен ишеничтүү чоро болгонунан тартып "Чоң казатта" Шыпшайдардын огуна учканга чейин Чубак Манастын жоопкерчилик иштеринин баарына катышып, анын оң колу, ишенген тоосу болуп, адал кызмат өтөйт. Адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн жоолорду көп убактарда Чубак жеңет.

Чубак өзүнүн баркын билген, токтоо, салмактуу баатыр. Өзүнүн алп күчүнө ишенген, ар дайым жоого каршы биринчи ат коюп көнгөн Чубактын "Чоң казаттагы" чалгынга Алманбет менен бирге барбай калышы ага катуу тийип, шагын сындырат. Буга байланыштуу анын чатагы – психологиялык жактан абдан негиздүү кылык.

Сыргак аркылуу жомокто атка жеңил, тайга чак, ашкан курч баатырдын элеси берилген. Элпек, шамдагай, эч качан арып-талып койбогон Сыргактын таамай сайган найзасы далай алптарды аттан учурат. Эч ким ала албаган Коңурбайды да "Чоң казатта" Сыргак эсин оодара сайганда, Коңурбайды өлүмдөн куштай учкан Алгара гана куткарат.

Бул баатырлардын образдары ашкан гиперболизация (апыртуу) жолу менен сүрөттөлгөн. Жалгыз адам санат жеткис жоого качырып кирип, таш-талканын чыгарат. Манаска, анын чоролоруна атса ок, сайса найза өтпөйт. Алардын курал-жарактары да укмуштуу. Минген тулпарларына канат бүтүп, булуттун үстү менен учат, адамча сүйлөшүп да кетет;

Ушундай гиперболизация менен катар, жомокто эпикалык фантазиялар да көп учурайт. Манас жана анын чоролору кандардын сарайларын кайтарып жаткан алтымыш кулач ажыдаарлар менен, жолборс, керик сыяктуу укмуштуу жаныбарлар менен да кармашат. Бээжинди кайтарып жаткан кишидей акылы бар Куу Кулжа, Куу Тулкү, Куу Өрдөк сыяктуу амалкөй сакчыларды жеңип, жоонун ордосуна кирүү иши да Манастын чоролорунун гана колунан келет.

Окуяларды сүрөттөөнүн амалы катарында колдонулган гиперболизация жана фантастика аркылуу жомок ого бетер кызыктуу, көркөм болуп, анын каармандарынын образдары ого бетер даана, — унутулгус элеске айланат. Ошол көркөмдүк куралдар аркылуу Манастын чоролорунун ар бирөө нө адам тең келгис алптын сүрөтү берилет. Ошол алптардын алпы – Манас. Аны ошол даражага чоролор жеткизди.

Жоону сайса эр сайды,
Аты калды Манаска! –

деген ылакаптын чыгышы Манастын чоролору тарабынан анын атагынын абдан бийик даражага көтөрүлүшүнөн улам болуш керек.

Байыркы көчмөн кыргыздардын турмушунда аялдардын коомдогу ролу анчалык төмөн болбо тийиш. Ислам дининин таралышына байланыштуу алар ого бетер оор, аянычтуу абалга дуушар болгон. Манаска төрт аял алдырылышы шариатка (шариат боюнча төрт аялга чейин алууга уруксат) ылайык келтирилген. Бирок эпосто аялдарга биринчи пландагы рольдордун кең берилиши оозеки элдик чыгарманын духуна толук жооп берет.

Өзүнүн өмүрүн бүт бойдон элдин тагдырына багыштаган баатыр баланы, неберени тарбиялоого жумшаган патриот эненин образы эл самаган баатырды тапкан кең пейил, токтоо, бир калып мүнөздүү Чыйырды аркылуу көрсөтүлөт, Манаска адал дос болом, кыргыздар үчүн ак ниетим менен кызмат өтөйм деп келген Алманбетке Чыйырды эне ак сүтүн татытат, өз элине чыккынчылык кылган чалы Жакыпты таштап, чыккынчыларга наалат айтып, келечектеги элдик баатырды аман алып калуу үчүн, Каныкейге кошулуп, алыскы Букарга жөө сапар чегет. Чыйырды – элин, жерин сүйгөн балдарды тарбиялоонун бардык кыйынчылыгына чыдаган, дайыма адилеттик тарабында болгон патриот эненин элеси.

Каныкейдин образы андан бетер кенен, андан бетер терең. Анын кандын тукумунан экендиги эпосто формалдык эсепте Каныкейдин кыймыл аракеттери аркылуу берилген мүнөздөрүндө кандык, аристократтык кылык жоруктар байкалбайт. Ал дайыма эл менен, эл үчүн, тууган жер үчүн өзүн курман кылууга даяр. Ошондуктан кыргыздардын Манас баштаган колу "Чоң казатка" аттанганда, элди чаап, малды олжолоп кеткен жоону жеңип келүүнү тилеп, Каныкей өзүнүн бардык чеберчилигин, ишмерлигин, билермандыгын жумшап жасаган ок өтпөс кийим-кечектерин Манаска, анын кырк чоросуна тартуу кылат. Кыргыздар өз ичинен чыккан чыккынчы душмандар менен күрөшкөндө да Каныкей жоо-жарагын асынып, эркек алп-баатырлардан кем калышпай, тулпарга минип, кан майданга кирет. Көзкамандар алдап барып Манасты ууктуруп өлтүрө турган болгондо, эч ким козголто албас тоодой Манасты баатыр Каныкей өңөрө качып, өлүмдөн куткарат.

Каныкей аркылуу жөн билгич, келечекти баамдагыч билерман, акылман аялдын образы берилет. Каныкейдин бул сапаты келечекте Көкөтөйдүн ашында кыргыздар менен калмактардын ортосунда намыс талашкан чоң мелдеште Кошойго керек боло турган кандагайды күн мурун даярдашы аркылуу, Манастын кош канаты болгон Аккуланы багып тапташы аркылуу, көркөмдүктүн жайын билген архитектордун ролун аткарып, Манаска адамды айран калтырган күмбөз салдырышы, Семетейди алып качып барып, элин сүйгөн баатыр кылып тарбиялашы сыяктуу фактылар аркылуу көрсөтүлгөн.

Эркин махабат темасы да жомокто Каныкейдин образы аркылуу жүзөгө ашырылат. Эпостун жалпы мазмунуна караганда, Жакыптын Темирге куда түшүшү формалдуу түрдө. Калың иретинде айдалып барылган сан жеткис бакма жана жапайы жаныбарлар калыңга болгон пародия (шылдың) катары сезилет. Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле – бирин бири чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси. Ал эми эпосто кездешкен бирин-бири бычак менен сайып, камчы менен тартып жиберүү сыяктуу майда учурлар алардын чыныгы мамилесине мүнөздүү эмес: алар эски үрп-адатка байланыштуу тез унутулуучу эпизоддор катарында көңүлгө алынбай, унутулуп кала берет, Эл баштаган баатыр эрин айныгыс сүйгөн, анын оор иштерине баа жеткис жардам көрсөткөн, башка түшкөн кыйынчылыктарын тең бөлүшкөн адилетчил жаркын аялдын образы – Каныкей.

Ошол эле аялдын образы "Семетейде" романтикалык стилде сүрөттөлгөн кызыктуу окуялардын фонунда Айчүрөк аркылуу өзгөчө ык, менен бир кыйла терең чечилген. Эски салт боюнча бел кудалык мотивировка олуттуу мааниге ээ болбой калат да, ак куу болуп учкан Айчүрөк толгон элдерди аралап жүрүп, нечен түрдүү укмуштуу алптарды сынга алып жүрүп отуруп, кыргыздан чыккан Семетейдей баатырды өзү таап, өзү каалап тиет. Каныкей сыяктуу, Айчүрөк да – узун чачтын акылдуусу, эл башкарган баатырга кеңеш берип туруучу биринчи жардамчы.

Адамдардын өз ара мамилесине байланыштуу түйүндүү татаал маселелерди туура чечүүгө келгенде, эркек каармандарга караганда, аял каармандар көп учурда оң мүнөздөр менен сүрөттөлөт. Ушак сөзгө ишене берген жеңил Көкчөгө анын жөн билгич акылдуу аялы Агеркеч карама-каршы коюлган,

Жомоктогу оң каармандардын ролундагы эркектердин да, аялдардын да кулк-мунөзүндөгү эң күчтүү сезим – өз мезгилине жараша берилген патриоттук сезим. Башына абдан оор күч түшкөндө алардын эсине, биринчи кезекте, эл түшөт, алар баарыдан мурун элдин тагдыры жөнүндө ойлонушат.

Баатыр Манас дүйнөдөн кайтып, адам баласы тургай, айланадагы жан-жаныбарлар да зарлап, жер силкинип, аза күтүп жаткан кезде, Каныкей

"Алакандай кайран эл!
Муну капа кылбай ким билет?" -

деп элдин келечектеги тагдыры жөнүндө кайгы жейт.

Эпостун Манас, Каныкей, Чубак, Бакай, Сыргак, Кошой, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Айчүрөк сыяктуу оң каармандарьнын бардык кыймыл-аракеттери элдин ар-намысын, тагдырын жактоого, элдин жыргалчылыгына арналган. Алар алыста жүргөндө дайыма тууган элди, өскөн жерди сагынат, аны көрүүгө куса болот. Эл ичине келгенде кыргыздардын байлыгына көз арткан баскынчылардын сазайын берүү үчүн, эл ичиндеги чыккынчыларды жоюу үчүн кашык канын аябайт. Бул жагынан алганда, терс каармандардын саясий анты бешенеси тетирисинче, контраст менен сүрөттөлөт. Көзкамандар, Көбөш, Чынкожо, Канчоро, Чачыкей сыяктуу чыккынчылардын эл менен, анын тагдыры менен иши жок, алар өздөрүнүн гана башынын камын жешет; жеке керт баштарынын жыргалчылыгы үчүн, мансап, байлык үчүн алар тырмактайдан бирге өскөн достору гана эмес, бүт элди, жерди кыйып жиберүүдөн баш тартышпайт. Өздөн чыккан жоолордун Көбөш менен Канчоронун такка отургандан кийинки элге көрсөткөн зордук-зомбулугу жана кыянатчылыгы четтен келген баскынчы жоолордукунан ашып түшөт.

Өзөктөн чыккан өрт жаман
Өздөн чыккан жат жамак, –

деген ыр төгүндөн макалга айланган эмес.

Ошентип, эпостогу окуяларга катышкан каармандардын жалпы элге түшүнүктүү, жеңил, бирок терең маанилүү сөздөр аркылуу устаттык менен тартылган сүрөттөрү окуучуларга өтө күчтүү таасир кылат, Ар бирөө бири бирине окшобой берилген образдар жомокту укканда же окуганда көзгө тирүү адамдай көрүнөт. Жогорку идеяны көксөгөн оң каармандардын баатырлык иштерин, айткан сөздөрүн окуганда аларга адамдын жан тартып, болушкусу келип, ички сезимдери козголот. Тетирисинче, терс каармандардын кылык-жоругу жөнүндөгү ырларды окуганда, аларга наалат айткысы келип, жек көрүүчүлүк сезим пайда болот.

"Манас" эпосунун элдик мааниси, элдин аны аябай сүйгөндүгүнүн, дүйнөлүк адабияттан анын кең орун ала тургандыгынын чоң себептеринин бири мына ушунда. Ошондуктан эл аны кылымдар бою сактап, ооздон түшүрбөй биздин заманга жеткизди. Эл өтө сүйгөндүктөн Манас, Бакай, Айчүрөк, Семетей, Күлчоро сыяктуу каармандарын алиге тируу журөт деп түшүнүп, жерге, сууга, тоого алардын аттарын эстелик кылып коюп келген. Кыргызстанда, Синцзянда жана башка жерлерде Манастын атына эл тарабынан коюлган суулар жана жерлер бар. "Аккуланын мамысы", "Кошой коргон", "Кырк чоронун ордосу" деген сыяктуу аттарды да эл эпосту өтө сүйгөндүктөн койгон. Биз билген дуйнөлүк эпостордун каар-мандарына бул сыяктуу коюлган наамдар чанда учурайт. Бул да – "Манас" жомогунун өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Жомоктун каармандарынын образдары гиперболикалык стилде берилгени менен, алардын көздөгөн максаттары, ойлогон ой-пикирлери, кулк-мүнөздөрү элдин жөнөкөй турмушунан келип чыккан. Аккула менен учуп жүрүп, Аккелтенин бир огу менен миң кишини кулаткан Манастын, жай таш аркылуу күндү алай-дүлөй жаадырып жүргөн Алманбеттин аракеттеринин негизги максаттары – элге кордук көрсөткөн жоону жеңип, элге намыс алып берүү, — патриоттук сезим.

Турмушта болбогон баатырлык күч жумшап, жоопкерчилик өнөр көрсөтүп жүргөн алптар жөнөкөй коомчулуктун тилегин тилейт, күндөлүк турмушта кадимки адамдарча достук мамиле жасашат.

Каармандарынын кыймыл-аракеттеринин чыныгы турмушка байланыштуулугу эпостун көркөмдүк жана идеялык маанисин ого бетер көтөрүп, аны атактуу дүйнөлүк эпостордун катарына кошот.

Мына ошол биринен бири даана айырмаланып турган унутулгус каармандардын күчтүү образдары аркылуу, түшүнүктүү жалпы элдик тил менен, ар түрдүү стилдик амалдар менен жасалган көркөмдүк, эмоционалдык таасирлер аркылуу, элдик тилектерге толук жооп берген орчундуу идеялар аркылуу, жалпы адамзаттык гумандык сезимдерди кенен сүрөттөө аркылуу кыргыз эли "Манас" эпосу менен дүйнөлүк аренага чыгып, сыймыктана, алат.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.