Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

Вступление к книге "Эпос "Манас" академика Б.М. Юунусалиева.

1. 1 болүм

Орто Азияда жана Түштүк Сибирде жашаган калктардын ичинен эзелки тарыхта кабары чыгып келаткан байыркы элдердин бири кыргыздар. Көчмөн турмуштун жана башка ар түрдүү тарыхый кырдаалдардын натыйжасында Октябрь революциясына чейинки доорлордо кыргыз эли көзгө көрүнүктүү жазма эстеликтерди тарыхта калтыргандыгы азырынча: бизге маалым эмес. Бирок эмгекчил элдин кылымдар бою башынан өткөргөн нечен түрдүү кайгысы менен кубанычтары, тынчтык турмушу менен жоокерчилик күндөрү, эмгектин жыргалы жана душмандардан көргөн кордугу унутулуп калган жок. Булар жөнүндө эл кара сөз жана ыр түрүндө толгон оозеки адабияттык зстеликтерди түздү.

Кыргыз элинин оозеки адабияты формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай, түгөнгүс кенч. Адам баласынын мамилелерине, анын табигатка көз карашына карата таамай айтылган макал-ылакаптар, афоризмдер; жаратылышты, жан-жаныбарларды билүүгө байланыштуу тамсилдер, табышмактар коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берүүнү көздөгөн санаттар, эмгекке, махабатка арналган лириьалык сонун ырлар; зкедимки турмуш менен фантазия аралашкан укмуштуу жөө жомоктор жана да оозеки адабиятты биз атабаган толуп жаткан башка түрлөрү, – мына ушулардын баары эмгекчил элдин чыгармачылык шыгынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол майда фольклордук формалар менен катар кыргыз эли оозеки адабияттын ири түрлөрүн да түзгөн. Булар – узак окуялуу чоң жомоктор, баатырлык эпостор. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп – бөлүүгө болот. Кичи эпосторубуз "Кедей кан", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл-Мырза", "Кожожаш" жана "Олжобай менен Кишимжан" сыяктуу эпостор. Чон (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) "Манас" жомогу кирет.

"Манас" эпосунун сюжетин кара сөз менен кыскача жазганда да өзүнчө бир чоң китеп болот. Кенже эпосторду жомокчулар бир, эки кечте айтып бүтүрө алса, "Манас" бир нече жумалап, айлап айтылат. Эпостун көлөмдүүлүгү, биринчи кезекте, анын цивлизацияланышына байланыштуу, башкача айтканда Манас жөнүндө жомок бүткөндөн кийин анын уулу Семетей жөнүндө, ал бүткөндөн кийин Семетейдин уулу Сейтек жөнүндө генеологиялык аңгемелердин жаңыдан кайра айтылышына байланыштуу. "Манас" жомогунун көлөмүнүн барган сайын арбышынын башка да себептери бар. Манас жөнүндө пайда болгон баатырдык жомок алгачкы кездерде көп чоң эмес, чакан гана чыгарма болсо керек. Кийинчерээк, убакыт өткөн сайын, ал улам жаңы мазмуңдуу эпизоддор менен толукталып, эл оозунда өзүнчө айтылып жүргөн мазмуну жакын майда баатырлык жомокторду өзүнө магниттей тартып, кошуп алып, көлөмүн арттыра берген болуу керек. Ошентип, бара-бара "Манас" эпосуна деңизге куйган суулардай кошулуп кеткен мурунку өз алдынча жомоктор катарында Көкөтөйдүн ашы, Жолойдун, Кошойдун, Эр Төштүктүн ж. б. окуялары сыяктуу сюжеттүү аңгемелерди көрсөтүүгө болоор эле.

Жаңы окуялардын улам кошулушуна байланыштуу эпостун идеялык мазмуну артып, көркөмдүгү ого бетер жетиле берген. Жомоктун байыркы сюжетине негиз болгон баатырлык идея бара-бара элдин ички душмандарына каршы күрөшүү, боштондукка жетүү идеялары менен тереңдей берген. Барган сайын кооздолуп, калыптанып келаткан мурунку каармандардын катарына жаңы образдар кошулуп, алар аркылуу кыргыз урууларынын күндөлүк турмушу, алдыңкы адамдарынын кулк-мүнөзү, ой-санаасы кеңирирээк сүрөттөлүп отурган. Демек, эпостун көлөмдүүлүгү анын ички мазмунунун улам байып, жетилип тургандыгына да байланыштуу деп, түшүнүү керек.

"Манас" эпосун изилдөөчүлөрдүи эсеби боюнча эпос бир миллиондон ашуун сап ырдан турарын ["Манас" эпосуна арналган жыйнактын кириш сезүн караныз. Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 2; дагы караныз: В. М. Жирмунский. Введение в изучение "Манаса", Фр., 1948, б. 5] эске ала турган болсок, кыргыз тилинин байлыгын, элдин чыгармачылык шыгын байкоого болот. Көркөм сөздүн эң баалуу түрү чылк ыр менен түзүлгөн бул эбегейсиз зор эпопеядан боёктун даана түстөрү менен чебер тартылып, бири-биринен ташка тамга баскандай айырмаланып турган ондогон каармандардын портреттерин көрөбүз. Бул эпостон делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардьш кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбада такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган армандарды, керээздерди, кошокторду учуратабыз. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын сүрөттөрүн дааналап тартууга чебердик менен пайдаланылган. "Көркөмдүк жагынан каармандардын жетилгек эң терең жана ачык типтери фольклор тарабынан, эмгекчи элдин оозеки чыгармачылыгы тарабынан түзүлгөн" — деген М. Горькийдин [М. Горький. О литературе. Статьи и речи. 1928–1936 гг., М. 1937 г., стр. 450] сөзүнө "Манас" эпосу далил болот.

Оозеки элдик чыгармалардын "Манас" эпосу сыяктуу монументалдуу үлгүлөрүн басма жүзүндө жарыялоонун мааниси өтө зор. Биринчиден, ал эпикалык мурастар элибиздин бүгүнкү маданий байлыктарынын ичинен өзүнө тийиштүү закондуу ордун ээлеш керек. Экинчиден, элдик чыгармаларды, бөтөнчө эпосторду жакшы билбей жана ар тараптан изилдебей туруп, революцияга чейинки адабиятыбыздын жана белгилүү даражада революциядан кийинки адабиятыбыздын түзүлүш процессин толук түшүнүү мүмкүн эмес, себеби оозеки чыгарма менен жазма адабият жалаң тили жана чыгармачылык стили жагынан гана эмес, идеялык мазмуну жагынан да түйүндөп, байланыш болот. Ошондуктан фольклорду билбеген жазуучу жаман жазуучу. Чексиз байлык — элдик чыгармада; чыныгы жазуучу болууну тилеген адам оозеки чыгарманы терең үйрөнүш керек деп, М. Горький текке айткан эмес.

"Манас" эпосу — элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. Сөзмөр кыргыздар женөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды кыргыздар дүйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт, деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

"Манас" эпосунун мааниси анын керкөм сөз искусствосунун жана миңдеген жылдардан бери өнүгүп келаткан элдик бай тилдин эстелиги экендигинде гана эмес. Анын тарыхый жана маданияттык мааниси да зор.

Назад 1 2 3 4 ... 10 Далее

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.