Яндекс.Метрика

Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз

9. 9 болүм

Мазмунунун кызыктуулугуна жана тереңдигине, окуяларга катышкан каармандарынын күчтүү контрасттар жана таасирдүү элестер менен берилишине жараша, эпостун сүрөттөө амалдары да, сөздүк поэтикалык техникасы да өтө бай..

Жомоктун жазылып алынган толук варианттарында жомокчунун өзү тарабынан киришүү иретинде айтылган жорго сөздөрдү учуратабыз. Андан ары жомоктун өз мазмуну поэзиянын океанындай түгөнгүс жалаң ыр менен айтылат. Жер суунун, курал-жабдыктардын, жаныбарлардын көрүнүштөрү, кээ бир кыймыл-аракеттер көбүнчө сүрөттөө аркылуу берилсе, кээ бир учурларда баяндоо түрүндө айтылат. Көрүнүштөр, окуялар жомокчунун өз сөзү түрүндө айтылуу менен катар, жомоктун башынан аягына чейин кээде узакка созулган монолог түрүндөгү драматизация да кең орун алган, Негизги каармандардын элестери, декларативдүү баяндоо иретинде эмес, тандалган курч сөздөрдөн тизилген таасирдүү ырлар аркылуу алардын кылык-жоруктарын, кыймыл-аракеттерин көркөм түрдө көрсөтүү менен сүрөттөлгөн.

Нечен кылымдардан бери ашкан чеберлик менен өрчүтүлүп, элестүү сөздөрдүн түгөнгүс казынасына айланган "Манас" жомогу азыркы адабий тилибизди байытууда да абдан чоң роль ойнойт.

Эпостун маанисине ылайык, көркөм ырларды жасоонун техникасы да ар кыл. Эпостун ыры башка тектеш калктардыкы сыяктуу, туурасынан (горизонталынан) жана тикесинен (вертикалынан) алып караганда, белгилүү сандагы муундардан, маанисине байланышып, аякы же башкы тыбыштары уйкашып тизилген сөздөрдөн куралат. Жарыялап отурган варианттарыбызда поэма негизинен 7-8 муундан турган ырлардан түзүлгөн. Ырдын куплет (сабак) формасы жомокко мүнөздүү эмес.

Уйкаштыктын эки түрү – рифма жана аллитерация колдонулат. Рифма уйкаштыгынын болушу – милдеттүү шарт. Ар түрлүү сандагы саптан (экиден баштап он чактыга чейин) тизилген сабакта (строфада) ар кыл рифмалык уйкаштыктар учурайт: кайчы уйкаштык менен катар аксак уйкаштыкты да, туташ уйкаштыктарды да кездештирүүгө болот. Автордун сөзү катарында берилген ырларда же монологдордо басым менен айтылуучу тирадалар поэманын окулушун жеңилдетет.

Аллитерациялык уйкаштыктын да эки түрү бар: тышкы жана ички аллитерациялар. Булар аркылуу поэманын ырларына ого бетер келишкен көркөмдүк берилип, аны окууга кызыктырат. Рифмалашкан ырдын ар бир сабынын башкы сөзү уйкаш тыбыштан (мейли үнсүз, мейли үндүү болсун) турса, тышкы аллитерация колдонулган деп билебиз:

Ал бадирек канкордун,
Айлы бизден арбынбы?!
Адамы бизден баатырбы?!..

Же:

Каяша сүйлөп койгонду,
Кызыл канга боёду.
Кара калмак, манжу журт,
Каарын салып уз алды.

Рифмалашкан саптын ар бир сөзүнүн башкы тыбышы мурунку сөздүн башкы тыбышына уйкашкан ырлар "Манаста" көп кезиге бербейт. Бирок аз болсо да, поэзиялык техниканын дүйнөлүк эпостордо көп учурай бербеген кымбат амалы – ички аллитерация кыргыз оозеки чыгармасынан орун алгандыгын көрсөтө кетүү зарыл.

Мисалы:

Канатын кайра каккылап,
Куйругун кумга чапкылап...

Мындан башка да, "Манас" эпосунда ырдын мазмунунун эмоционалдык таасирин күчөтүү максатында, уйкашып бүткөн ырдын баш жагына же аягына кыстырма сөздөр кошулат. Алар кээ бир учурда редиф иретинде, б. а. уйкашып бүткөн ырдын аягында кайталанып айтылуучу бир же бир нече сөз кездешет:

Көкөтөй чалга аш бердик, Манас!
Ашка аралаш баш бердик, Манас!

***

1. Кыргыз коомчулугунун балапан кезинен тартып жетилген социалисттик мамлекеттин тең укуктуу мүчөсү болгонго чейинки доорлордогу баштан өткөргөн оор кезендерин, көбү эбак унутулган же унутулуп бараткан ар түрдүү үрп-адаттарын, кылымдар бою тилеп келген үмүтүн көп учурда фантазияга айландырып сүрөттөгөн эпос тарыхта биринчи мертебе үч бөлүгү кошулган китеп болуп жарыяланып отурат. Эпосту жарыялоодо анда көрсөтүлгөн турмушту, каармандардын турмушка көз караштарын жана алардын кылык-жоруктарын бүт бойдон үлгү кылып, туроо максаты коюлбайт. Кылымдар бою ооздон түшүрбөй айтып келаткан сүйүктүү чыгармасын эл, өткөн замандардын чыгармачылык эстелиги катарында окуп, эстетикалык таламдарын канааттандыруу максаты коюлат. Жомокто кең орун алган патрнотизмдик идеянын, эл достугу, баатырлык достук, адилеттүүлүк, чыккынчыларды, эзүүчүлөрдү жек көрүүчүлүк, эл эркиндигин көксөө, эркин махабат сыяктуу жалпы адамзаттык идеялардын качан да болсо тарбиялык мааниси жоголбойт.

Китеп түрүнө айланган эпос оозеки айтылып жүргөндөгү кээ бир сапаттарынан ажырап кала турганын эстен чыгарбоо керек. Манасчылар ичи-тышы бирдей уйкашып тизилген көркөм ырларды чыгарган таланттуу акын гана эмес, ал ырлардын маанисине жараша түрдүү күү тапкан композитор, ар түрдүү кыймылга, мимикага келтирип айтып берүүчү чоң артисттин ролун аткарган. Мындай аткарууда жомоктун тексттиндеги айрым өйдө-ылдыйлыктар, айрым кайталоолор байкалбай кала берген. Эпос китеп түрүнө айланганда, албетте, анын музыкасы менен мимикасына байланыштуу таасирлер жокко эсе болуп, жалаң гана тексттин таасири калат. Ошондуктан текстте мурун көп байкалбаган ар түрлүү айрым кайталоолор, кээ бир ырлардын такшалбагандыгы, айрым эпизоддордун бир-бири менен жетиле данекерленбегендиги көзгө көбүрөөк чалдыгат. Оозеки чыгармалар үчүн андай учурлар чоочун эместиги фольклористикадан кабары бар адамдарга өзүнөн өзү түшүнүктүү.

2. Окуучуларга оңтойлуу болуш үчүн, жарыялап отурган вариантыбызда эпостун ар бир бөлүгү өз ичинен майда эпизоддордон түзүлгөн негизги чоң окуяларга бөлүндү, алар өз иретинде айрым главаларды түзгөн кичи окуя – эпизоддорго бөлүндү. Айрым эпизоддор азырынча киргизилбей, кыскартылган гана вариант берилип отургандыктан, ырлар жана главалар номерленген жок.

3. Элдик эпос сүйүктүү каармандарга тандалган тулпарларды мингизет, дүйнөдө табылгыс аш-оокаттарды ичирет, сонун кийим-кечектерди кийгизет, алар укмуштуу жоо-жарактар менен куралдандырылат, аларга кандын керемет сулуу кыздарын алып берет. Манас, Семетей, Сейтек сыяктуу башкы каармандарга, Алманбет, Бакай, Кошой сыяктуу алп баатырларга кол башчылык, эл башкаруучулук рольдор берилип, аларга "арыстан", "кабылан", "шер", "жолборс", "көк жал" деген эпитеттер менен катар кээде "кан", "төрө" деген терминдер да колдонулат. Буга карап, ал каарандарды феодалдык чөйрөлөрдүн өкүлү деп, терс түшүнүүгө болбойт. Мындай эпитеттер жана терминдер ар бир элдин эпосунда, ошонун ичинде түрк жана славян калктарынын оозеки элдик чыгармаларында, поэтизациялык амал, стилдик ык катарында колдонула тургандыгы адабият илиминде белгилүү [Соколов Ю. М., Русский фольклор, Москва, 1958, б. 94].

Эпосто сүрөттөлгөн коом, ар бир коомдук түзүлүш сыңары, өзүнө башчылык кылуучу, өз заманынын талаптарына жооп берүүчү жетекчиге жеткиси келген. Ошондуктан эпосто:

Серкеси болбой, эл болбойт,
Эңиши болбой, сел болбойт, –

деп, эл өзүнө башчылык кылуучу адамды талап кылат. Эпостун заманында жол башчылык жана кол башчылык рольдор өзү алптай күчтүү, элге бүт өмүрүн багыштаган өлчөөсүз баатырдын мойнуна жүктөлгөн. Мындай жетекчини эл, өз заманынын тилин колдонуп, "кан", "төрө", "баатыр" сыяктуу терминдер менен атаган.

4. Жарыялап отурган варианттарыбыз кыргыз тилинин ар түрдүү говорлорунда сүйлөгөн жомокчулардан жазылып алынган варианттардан кураштырылгандыктан, эпостун тили кыргыздын орток тилине адабий нормага салынды. Мында биз адабий норма дегенде, грамматикалык, стилитикалык синтаксистик жана лексикалык нормаларды алып жатканыбыз жок (булар эч бир өзгөрүлгөн жок), тек фонетикалык формалар жөнүндө гана айтып отурабыз. Айрым учурларда ырдын өлчөмүн бузбоо үчүн бул тыбыштык (фонетикалык) өзгөчөлүктөрдү да жомокчунун варианты боюнча сактоого туура келди. Мисалы:

Көй баатырдын бирөбү,
Көрүнбөй тосуп калыптыр.

Жомокто ушул кездеги жаштарга түшүнүксүз сөздөр көп кездешет. Мындай архаизм сөздөргө комментарий (түшүнүк) берилип, альфавиттик тартип боюнча ар бир китептин аягына тиркелди. Энчилүү аттарга, ошонун ичинде географиялык аттарга да комментарий берилген жок. "Манас" эпосун эл оозунан жыйноодо көп эмгек сиңирген Ыбырай Абдырахманов комментарийларды түзүүдө профессор К. К. Юдахинге көп жардам берди

5. Эпостун каармандары – Манас, Каныкей, Семетей, Сейтек, Коңурбай, Төштүк ж. б. адабияттык образдар. Эпосто сүрөттөлгөн коом да чыныгы турмуштан алда канча алыс – идеялык коом. Бүт өмүрүн эл үчүн багыштаган баатырлар чыгып, калың эмгекчи элди теңчилик,жыргал турмушка жеткизсе деген тилек оозеки элдик адабияттын негизги идеясы.Марксисттик идея кыргыз элине тарай элек кездерде кыргыздан чыккан элдик акындар, жазуучулар ошол "Манас" эпосундагы коомдук, бий-болушу,феодалдык эзүүчүлөрү болбогон теңчилик коомду идеал кылып, ошондой доор болгон экен, эми дагы болсо экен деп самаган. Бул, албетте, утописттик идея эле. Андай коом болгон эмес.

Биринин акысын бири жебеген, эмгекчи элге тең жана жыргалдуу коомду марксизм идеясы менен куралданган коммунисттер партиясы гана түзүп бере алат эле жана түзүп да берди. Ошентип, миңдеген жылдар зарлап, эңсеп келген бүткүл элдик азаттык жана теңчилик заман жөнүндөгү прогрессивдүү идея биздин доорубузда гана, коммунисттер партиясынын акылман жетекчилиги астында гана жүзөгө ашып, эмгекчил эл жыргал турмушту түзүп жатат.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.