Яндекс.Метрика

Кириш соз

Өзүнүн өмүрүн бүт бойдон элдин тагдырына багыштаган баатыр баланы, неберени тарбиялоого жумшаган патриот эненин образы эл самаган баатырды тапкан кең пейил, токтоо, бир калып мүнөздүү Чыйырды аркылуу көрсөтүлөт, Манаска адал дос болом, кыргыздар үчүн ак ниетим менен кызмат өтөйм деп келген Алманбетке Чыйырды эне ак сүтүн татытат, өз элине чыккынчылык кылган чалы Жакыпты таштап, чыккынчыларга наалат айтып, келечектеги элдик баатырды аман алып калуу үчүн, Каныкейге кошулуп, алыскы Букарга жөө сапар чегет. Чыйырды – элин, жерин сүйгөн балдарды тарбиялоонун бардык кыйынчылыгына чыдаган, дайыма адилеттик тарабында болгон патриот эненин элеси.

Каныкейдин образы андан бетер кенен, андан бетер терең. Анын кандын тукумунан экендиги эпосто формалдык эсепте Каныкейдин кыймыл аракеттери аркылуу берилген мүнөздөрүндө кандык, аристократтык кылык жоруктар байкалбайт. Ал дайыма эл менен, эл үчүн, тууган жер үчүн өзүн курман кылууга даяр. Ошондуктан кыргыздардын Манас баштаган колу "Чоң казатка" аттанганда, элди чаап, малды олжолоп кеткен жоону жеңип келүүнү тилеп, Каныкей өзүнүн бардык чеберчилигин, ишмерлигин, билермандыгын жумшап жасаган ок өтпөс кийим-кечектерин Манаска, анын кырк чоросуна тартуу кылат. Кыргыздар өз ичинен чыккан чыккынчы душмандар менен күрөшкөндө да Каныкей жоо-жарагын асынып, эркек алп-баатырлардан  кем калышпай, тулпарга минип, кан майданга кирет. Көзкамандар алдап барып Манасты ууктуруп өлтүрө турган болгондо, эч ким козголто албас тоодой Манасты баатыр Каныкей өңөрө качып, өлүмдөн куткарат.

Каныкей аркылуу жөн билгич, келечекти баамдагыч билерман, акылман аялдын образы берилет. Каныкейдин бул сапаты келечекте Көкөтөйдүн ашында кыргыздар менен калмактардын ортосунда намыс талашкан чоң мелдеште Кошойго керек боло турган кандагайды күн мурун даярдашы аркылуу, Манастын кош канаты болгон Аккуланы багып тапташы аркылуу, көркөмдүктүн жайын билген архитектордун ролун аткарып, Манаска адамды айран калтырган күмбөз салдырышы, Семетейди алып качып барып, элин сүйгөн баатыр кылып тарбиялашы сыяктуу фактылар аркылуу көрсөтүлгөн.

Эркин махабат темасы да жомокто Каныкейдин образы аркылуу жүзөгө ашырылат. Эпостун жалпы мазмунуна караганда, Жакыптын Темирге куда түшүшү формалдуу түрдө. Калың иретинде айдалып барылган сан жеткис бакма жана жапайы жаныбарлар калыңга болгон пародия (шылдың) катары сезилет. Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле – бирин бири чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси. Ал эми эпосто кездешкен бирин-бири бычак менен сайып, камчы менен тартып жиберүү сыяктуу майда учурлар алардын чыныгы мамилесине мүнөздүү эмес: алар эски үрп-адатка байланыштуу тез унутулуучу эпизоддор катарында көңүлгө алынбай, унутулуп кала берет, Эл баштаган баатыр эрин айныгыс сүйгөн, анын оор иштерине баа жеткис жардам көрсөткөн, башка түшкөн кыйынчылыктарын тең бөлүшкөн адилетчил жаркын аялдын образы – Каныкей.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.