Яндекс.Метрика

Кириш соз

Ошол эле аялдын образы "Семетейде" романтикалык стилде сүрөттөлгөн кызыктуу окуялардын фонунда Айчүрөк аркылуу өзгөчө ык, менен бир кыйла терең чечилген. Эски салт боюнча бел кудалык мотивировка олуттуу мааниге ээ болбой калат да, ак куу болуп учкан Айчүрөк толгон элдерди аралап жүрүп, нечен түрдүү укмуштуу алптарды сынга алып жүрүп отуруп, кыргыздан чыккан Семетейдей баатырды өзү таап, өзү каалап тиет. Каныкей сыяктуу, Айчүрөк да – узун чачтын акылдуусу, эл башкарган баатырга кеңеш берип туруучу биринчи жардамчы.

Адамдардын өз ара мамилесине байланыштуу түйүндүү татаал маселелерди туура чечүүгө келгенде, эркек каармандарга караганда, аял каармандар көп учурда оң мүнөздөр менен сүрөттөлөт. Ушак сөзгө ишене берген жеңил Көкчөгө анын жөн билгич акылдуу аялы Агеркеч карама-каршы коюлган,

Жомоктогу оң каармандардын ролундагы эркектердин да, аялдардын да кулк-мунөзүндөгү эң күчтүү сезим – өз мезгилине жараша берилген патриоттук сезим. Башына абдан оор күч түшкөндө алардын эсине, биринчи кезекте, эл түшөт, алар баарыдан мурун элдин тагдыры жөнүндө ойлонушат.

Баатыр Манас дүйнөдөн кайтып, адам баласы тургай, айланадагы жан-жаныбарлар да зарлап, жер силкинип, аза күтүп жаткан кезде, Каныкей

"Алакандай кайран эл!

Муну капа кылбай ким билет?" -

деп элдин келечектеги тагдыры жөнүндө кайгы  жейт.

Эпостун Манас, Каныкей, Чубак, Бакай, Сыргак, Кошой, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Айчүрөк сыяктуу оң каармандарьнын бардык кыймыл-аракеттери элдин ар-намысын, тагдырын жактоого, элдин жыргалчылыгына арналган. Алар алыста жүргөндө дайыма тууган элди, өскөн жерди сагынат, аны көрүүгө куса болот. Эл ичине келгенде кыргыздардын байлыгына көз арткан баскынчылардын сазайын берүү  үчүн, эл ичиндеги чыккынчыларды жоюу үчүн кашык канын аябайт. Бул жагынан алганда, терс каармандардын саясий анты бешенеси тетирисинче, контраст менен сүрөттөлөт. Көзкамандар, Көбөш, Чынкожо, Канчоро, Чачыкей сыяктуу чыккынчылардын эл менен, анын тагдыры менен иши  жок, алар өздөрүнүн гана башынын камын жешет; жеке керт баштарынын жыргалчылыгы үчүн, мансап, байлык үчүн алар тырмактайдан бирге  өскөн достору гана эмес, бүт элди, жерди кыйып жиберүүдөн баш тартышпайт. Өздөн чыккан жоолордун Көбөш менен Канчоронун такка отургандан кийинки элге көрсөткөн зордук-зомбулугу жана кыянатчылыгы четтен келген баскынчы жоолордукунан ашып түшөт.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.