Яндекс.Метрика

Кириш соз

Аллитерациялык уйкаштыктын да эки түрү бар: тышкы жана ички аллитерациялар. Булар аркылуу поэманын ырларына ого бетер келишкен көркөмдүк берилип, аны окууга кызыктырат. Рифмалашкан ырдын ар бир сабынын башкы сөзү  уйкаш тыбыштан (мейли үнсүз, мейли үндүү болсун) турса, тышкы аллитерация колдонулган деп билебиз:

Ал бадирек канкордун,

Айлы бизден арбынбы?!

Адамы бизден баатырбы?!..

Же:

Каяша сүйлөп койгонду,

Кызыл канга боёду.

Кара калмак, манжу журт,

Каарын  салып уз алды.

Рифмалашкан саптын ар бир сөзүнүн башкы тыбышы мурунку сөздүн башкы тыбышына уйкашкан ырлар "Манаста" көп кезиге бербейт. Бирок аз болсо да, поэзиялык техниканын дүйнөлүк эпостордо көп учурай бербеген кымбат амалы – ички аллитерация кыргыз оозеки чыгармасынан орун алгандыгын көрсөтө кетүү зарыл.

Мисалы:

Канатын кайра каккылап,

Куйругун кумга чапкылап...

Мындан башка да, "Манас" эпосунда ырдын мазмунунун эмоционалдык таасирин күчөтүү максатында, уйкашып бүткөн ырдын баш жагына же аягына кыстырма сөздөр кошулат. Алар кээ бир учурда редиф иретинде, б. а. уйкашып бүткөн ырдын аягында кайталанып айтылуучу бир же бир нече сөз кездешет:

Көкөтөй чалга аш бердик, Манас!

Ашка аралаш баш бердик, Манас!

***

1. Кыргыз коомчулугунун балапан кезинен тартып жетилген социалисттик  мамлекеттин тең укуктуу мүчөсү болгонго чейинки доорлордогу баштан өткөргөн оор кезендерин, көбү эбак унутулган же унутулуп бараткан ар түрдүү үрп-адаттарын, кылымдар бою тилеп келген үмүтүн көп учурда фантазияга айландырып сүрөттөгөн эпос тарыхта биринчи мертебе үч бөлүгү кошулган китеп болуп жарыяланып отурат. Эпосту жарыялоодо анда көрсөтүлгөн турмушту, каармандардын турмушка көз караштарын жана алардын кылык-жоруктарын бүт бойдон үлгү кылып, туроо максаты коюлбайт. Кылымдар бою ооздон түшүрбөй айтып келаткан сүйүктүү чыгармасын эл, өткөн замандардын чыгармачылык эстелиги катарында окуп, эстетикалык таламдарын канааттандыруу максаты коюлат. Жомокто кең орун алган патрнотизмдик идеянын, эл достугу, баатырлык  достук, адилеттүүлүк, чыккынчыларды, эзүүчүлөрдү жек көрүүчүлүк, эл эркиндигин көксөө, эркин махабат сыяктуу жалпы адамзаттык идеялардын качан да болсо тарбиялык мааниси жоголбойт.

Китеп түрүнө айланган эпос оозеки айтылып жүргөндөгү кээ бир сапаттарынан ажырап кала турганын эстен чыгарбоо керек. Манасчылар ичи-тышы бирдей уйкашып тизилген көркөм ырларды чыгарган таланттуу акын гана эмес, ал ырлардын маанисине жараша түрдүү күү тапкан композитор, ар түрдүү кыймылга, мимикага келтирип айтып берүүчү чоң артисттин ролун аткарган. Мындай аткарууда жомоктун тексттиндеги айрым өйдө-ылдыйлыктар, айрым кайталоолор байкалбай кала берген. Эпос китеп түрүнө айланганда, албетте, анын музыкасы менен мимикасына байланыштуу таасирлер жокко эсе болуп, жалаң гана тексттин таасири калат. Ошондуктан текстте мурун көп байкалбаган ар түрлүү айрым кайталоолор, кээ бир ырлардын такшалбагандыгы, айрым эпизоддордун бир-бири менен жетиле данекерленбегендиги көзгө көбүрөөк чалдыгат. Оозеки чыгармалар үчүн андай учурлар чоочун эместиги фольклористикадан кабары бар адамдарга өзүнөн өзү түшүнүктүү.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.