Яндекс.Метрика

Кириш соз

Өзөктөн чыккан өрт жаман

Өздөн чыккан жат жамак, –

деген ыр төгүндөн макалга айланган эмес.

Ошентип, эпостогу окуяларга катышкан каармандардын жалпы элге түшүнүктүү, жеңил, бирок терең маанилүү сөздөр аркылуу устаттык менен тартылган сүрөттөрү окуучуларга өтө күчтүү таасир кылат, Ар бирөө бири бирине окшобой берилген образдар жомокту укканда же окуганда көзгө тирүү адамдай көрүнөт. Жогорку идеяны көксөгөн оң каармандардын баатырлык иштерин, айткан сөздөрүн окуганда аларга адамдын жан тартып, болушкусу келип, ички сезимдери козголот. Тетирисинче, терс каармандардын кылык-жоругу жөнүндөгү ырларды окуганда, аларга наалат айткысы келип, жек көрүүчүлүк сезим пайда болот.

"Манас" эпосунун элдик мааниси, элдин аны аябай сүйгөндүгүнүн, дүйнөлүк адабияттан анын кең орун ала тургандыгынын чоң себептеринин бири мына ушунда. Ошондуктан эл аны кылымдар бою сактап, ооздон түшүрбөй биздин заманга жеткизди. Эл өтө сүйгөндүктөн Манас, Бакай, Айчүрөк, Семетей, Күлчоро сыяктуу каармандарын алиге тируу журөт деп түшүнүп, жерге, сууга, тоого алардын аттарын эстелик кылып коюп келген. Кыргызстанда, Синцзянда жана башка жерлерде Манастын атына эл тарабынан коюлган суулар жана жерлер бар. "Аккуланын мамысы", "Кошой коргон", "Кырк чоронун ордосу" деген сыяктуу аттарды да эл эпосту өтө сүйгөндүктөн койгон. Биз билген дуйнөлүк эпостордун каар-мандарына бул сыяктуу коюлган наамдар чанда учурайт. Бул да – "Манас" жомогунун өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Жомоктун каармандарынын образдары гиперболикалык стилде берилгени менен, алардын көздөгөн максаттары, ойлогон ой-пикирлери, кулк-мүнөздөрү элдин жөнөкөй турмушунан келип чыккан. Аккула менен учуп жүрүп, Аккелтенин бир огу менен миң кишини кулаткан Манастын, жай таш аркылуу күндү алай-дүлөй жаадырып жүргөн Алманбеттин аракеттеринин негизги максаттары – элге кордук көрсөткөн жоону жеңип, элге намыс алып берүү, - патриоттук сезим.

Турмушта болбогон баатырлык күч жумшап, жоопкерчилик өнөр көрсөтүп жүргөн алптар жөнөкөй коомчулуктун тилегин тилейт, күндөлүк турмушта кадимки адамдарча достук мамиле жасашат.

Каармандарынын кыймыл-аракеттеринин чыныгы турмушка байланыштуулугу эпостун көркөмдүк жана идеялык маанисин ого бетер көтөрүп, аны атактуу дүйнөлүк эпостордун катарына кошот.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.