Яндекс.Метрика

Кириш соз

Жомокто эл сүйгөн каармандардын бири – Чубак. Кичине кезинен ишеничтүү чоро болгонунан тартып "Чоң казатта" Шыпшайдардын огуна учканга чейин Чубак Манастын жоопкерчилик иштеринин баарына катышып, анын оң колу, ишенген тоосу болуп, адал кызмат өтөйт. Адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн жоолорду көп убактарда Чубак жеңет.

Чубак өзүнүн баркын билген, токтоо, салмактуу баатыр. Өзүнүн алп күчүнө ишенген, ар дайым жоого каршы биринчи ат коюп көнгөн Чубактын "Чоң казаттагы" чалгынга Алманбет менен бирге барбай калышы ага катуу тийип, шагын сындырат. Буга байланыштуу анын чатагы – психологиялык жактан абдан негиздүү кылык.

Сыргак аркылуу жомокто атка жеңил, тайга чак, ашкан курч баатырдын элеси берилген. Элпек, шамдагай, эч качан арып-талып койбогон Сыргактын таамай сайган найзасы далай алптарды аттан учурат. Эч ким ала албаган Коңурбайды да "Чоң казатта" Сыргак эсин оодара сайганда, Коңурбайды өлүмдөн куштай учкан Алгара гана куткарат.

Бул баатырлардын образдары ашкан гиперболизация (апыртуу) жолу менен сүрөттөлгөн. Жалгыз адам санат жеткис жоого качырып кирип, таш-талканын чыгарат. Манаска, анын чоролоруна атса ок, сайса найза өтпөйт. Алардын курал-жарактары да укмуштуу. Минген тулпарларына канат бүтүп, булуттун үстү менен учат, адамча сүйлөшүп да кетет;

Ушундай гиперболизация менен катар, жомокто эпикалык фантазиялар да көп учурайт. Манас жана анын чоролору кандардын сарайларын кайтарып жаткан алтымыш кулач ажыдаарлар менен, жолборс, керик сыяктуу укмуштуу жаныбарлар менен да кармашат. Бээжинди кайтарып жаткан кишидей акылы бар Куу Кулжа, Куу Тулкү, Куу Өрдөк сыяктуу амалкөй сакчыларды жеңип, жоонун ордосуна кирүү иши да Манастын чоролорунун гана колунан келет.

Окуяларды сүрөттөөнүн амалы катарында колдонулган гиперболизация жана фантастика аркылуу жомок ого бетер кызыктуу, көркөм болуп, анын каармандарынын образдары ого бетер даана, - унутулгус элеске айланат. Ошол көркөмдүк куралдар аркылуу Манастын чоролорунун ар бирөө нө адам тең  келгис алптын сүрөтү берилет. Ошол алптардын алпы – Манас. Аны ошол даражага чоролор жеткизди.

Жоону сайса эр сайды,

Аты калды Манаска! –

деген ылакаптын чыгышы Манастын чоролору тарабынан анын атагынын абдан бийик даражага көтөрүлүшүнөн улам болуш керек.

Байыркы көчмөн кыргыздардын турмушунда аялдардын коомдогу ролу анчалык төмөн болбо тийиш. Ислам дининин таралышына байланыштуу алар ого бетер оор, аянычтуу абалга дуушар болгон. Манаска төрт аял алдырылышы шариатка (шариат боюнча төрт аялга чейин алууга уруксат) ылайык келтирилген. Бирок эпосто аялдарга биринчи пландагы рольдордун кең берилиши оозеки элдик чыгарманын духуна толук жооп берет.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.