Яндекс.Метрика

Кириш соз

2. Окуучуларга оңтойлуу болуш үчүн, жарыялап отурган вариантыбызда эпостун ар бир бөлүгү өз ичинен майда эпизоддордон түзүлгөн негизги чоң окуяларга бөлүндү, алар өз иретинде айрым главаларды түзгөн кичи окуя – эпизоддорго бөлүндү. Айрым эпизоддор азырынча киргизилбей, кыскартылган гана вариант берилип отургандыктан, ырлар жана главалар номерленген жок.

3. Элдик эпос сүйүктүү каармандарга тандалган тулпарларды мингизет, дүйнөдө табылгыс аш-оокаттарды ичирет, сонун кийим-кечектерди кийгизет, алар укмуштуу жоо-жарактар менен куралдандырылат, аларга кандын керемет сулуу кыздарын алып берет. Манас, Семетей, Сейтек сыяктуу башкы каармандарга, Алманбет, Бакай, Кошой сыяктуу алп баатырларга кол башчылык, эл башкаруучулук рольдор берилип, аларга   "арыстан", "кабылан", "шер", "жолборс", "көк жал" деген эпитеттер менен катар кээде "кан", "төрө" деген терминдер да колдонулат. Буга карап, ал каарандарды феодалдык чөйрөлөрдүн өкүлү деп, терс түшүнүүгө болбойт. Мындай эпитеттер жана терминдер ар бир элдин эпосунда, ошонун ичинде түрк жана славян калктарынын оозеки элдик чыгармаларында, поэтизациялык амал, стилдик ык катарында колдонула тургандыгы адабият илиминде белгилүү [Соколов Ю. М., Русский фольклор, Москва, 1958, б. 94.].

Эпосто сүрөттөлгөн коом, ар бир коомдук түзүлүш сыңары, өзүнө башчылык кылуучу, өз заманынын талаптарына жооп берүүчү жетекчиге жеткиси келген. Ошондуктан эпосто:

Серкеси болбой, эл болбойт,

Эңиши болбой, сел болбойт, –

деп, эл өзүнө башчылык кылуучу адамды талап кылат. Эпостун заманында жол башчылык жана кол башчылык рольдор өзү алптай күчтүү, элге бүт өмүрүн багыштаган өлчөөсүз баатырдын мойнуна жүктөлгөн. Мындай жетекчини эл, өз заманынын тилин колдонуп, "кан", "төрө", "баатыр" сыяктуу терминдер менен атаган.

4. Жарыялап отурган варианттарыбыз кыргыз тилинин ар түрдүү говорлорунда сүйлөгөн жомокчулардан жазылып алынган варианттардан кураштырылгандыктан, эпостун тили кыргыздын орток тилине  адабий нормага салынды. Мында биз адабий норма дегенде, грамматикалык, стилитикалык синтаксистик жана лексикалык нормаларды алып жатканыбыз жок (булар эч бир өзгөрүлгөн жок), тек фонетикалык формалар жөнүндө гана айтып отурабыз. Айрым учурларда ырдын өлчөмүн бузбоо үчүн бул тыбыштык (фонетикалык) өзгөчөлүктөрдү да жомокчунун варианты боюнча сактоого туура келди. Мисалы:

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.