Яндекс.Метрика

Кириш соз

Мына ошол биринен бири даана айырмаланып турган унутулгус каармандардын күчтүү образдары аркылуу, түшүнүктүү жалпы элдик тил менен, ар түрдүү стилдик амалдар менен жасалган көркөмдүк, эмоционалдык таасирлер аркылуу, элдик тилектерге толук жооп берген орчундуу идеялар аркылуу, жалпы адамзаттык гумандык сезимдерди кенен сүрөттөө аркылуу кыргыз эли "Манас" эпосу менен дүйнөлүк аренага чыгып, сыймыктана, алат.

***

Мазмунунун кызыктуулугуна жана тереңдигине, окуяларга катышкан каармандарынын күчтүү контрасттар жана таасирдүү элестер менен берилишине жараша, эпостун сүрөттөө амалдары да, сөздүк поэтикалык техникасы да өтө бай..

Жомоктун жазылып алынган толук варианттарында жомокчунун өзү тарабынан киришүү иретинде айтылган жорго сөздөрдү учуратабыз. Андан ары жомоктун өз мазмуну поэзиянын океанындай түгөнгүс жалаң ыр менен айтылат. Жер суунун, курал-жабдыктардын, жаныбарлардын көрүнүштөрү, кээ бир кыймыл-аракеттер көбүнчө сүрөттөө аркылуу берилсе, кээ бир учурларда баяндоо түрүндө айтылат. Көрүнүштөр, окуялар жомокчунун өз сөзү түрүндө айтылуу менен катар, жомоктун башынан аягына чейин кээде узакка созулган монолог түрүндөгү драматизация да кең орун алган, Негизги каармандардын элестери, декларативдүү баяндоо иретинде эмес, тандалган курч сөздөрдөн тизилген таасирдүү ырлар аркылуу алардын кылык-жоруктарын, кыймыл-аракеттерин көркөм түрдө көрсөтүү менен сүрөттөлгөн.

Нечен кылымдардан бери ашкан чеберлик менен өрчүтүлүп, элестүү сөздөрдүн түгөнгүс казынасына айланган "Манас" жомогу азыркы адабий тилибизди  байытууда да абдан чоң  роль ойнойт.  

Эпостун маанисине ылайык, көркөм ырларды жасоонун техникасы да ар кыл. Эпостун ыры башка тектеш калктардыкы сыяктуу, туурасынан (горизонталынан) жана тикесинен (вертикалынан) алып караганда, белгилүү сандагы муундардан, маанисине байланышып, аякы же башкы тыбыштары уйкашып тизилген сөздөрдөн куралат. Жарыялап отурган варианттарыбызда поэма негизинен 7-8 муундан турган ырлардан түзүлгөн. Ырдын куплет (сабак) формасы жомокко мүнөздүү эмес.

Уйкаштыктын эки түрү – рифма жана аллитерация колдонулат. Рифма уйкаштыгынын болушу – милдеттүү шарт. Ар түрлүү сандагы саптан (экиден баштап он чактыга чейин) тизилген сабакта (строфада) ар кыл рифмалык уйкаштыктар учурайт: кайчы  уйкаштык менен катар аксак уйкаштыкты да, туташ уйкаштыктарды да кездештирүүгө болот. Автордун сөзү катарында берилген ырларда же монологдордо басым менен айтылуучу тирадалар поэманын окулушун жеңилдетет.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.