Яндекс.Метрика

Козкаман менен Кокчокоз

Манас баатыр Каныкейди, Алмамбет баатыр Аруукени алгандан кийин узак жылдар тынччылыкта, Таласта жашап турушат. Кыргыз эли өз жерине бүт ээ болуп, Алайда баатыр Төштүк, Анжыян өрөөнүндө Санжибек, Ташкен тарабында Көкөтөй, Кеминде Үрбү, Ат-Башыда Кошой дөө болуп, баарысы тең Манаска тилектеш, канатташ жашашат. Манас Орто-Азиядагы бардык элдер менен ынтымакта турат. Манастын кошуунда Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай сыяктуу баатырлар, акылман Бакай сыяктуу мыкты чоролору катылган душманга кан жуткузуп турат. Аларды жомокчулар кээде:

"Себилдүүсү сексен төрт,

Серп алган жагы кызыл өрт" –

деп, сексен төрткө жеткирип да коюшат.

Сары-Аркадагы Көкчө баатырдын аялы Акеркеч, Манастын аялы Каныкей, Алмамбеттин аялы Арууке сулуу, – бул үчөө тең Букардын каны Темир кандын (Каракандын) кыздары болгондуктан, алар бир-бирине бажа келишип, туугандык байланыштары да артыла баштайт. Көкчө баатыр Манастын өз кишиси болуп, Сары-Арка жактан Манас эч кандай шек санабайт.

Манастын башчылыгында кыргыз уруулары баш кошуп, жеңилгис чоң күч боло баштайт.

Кыргыздардын эски душманы – Каңгайдагы Эсен канга кыргыз урууларынын күч  алышы катуу  кооп туугузат.

Манастын колуна тыңчы, чыккынчы жиберүү аркылуу иритип бузуу жана анын баатырларын амал таап өлтүрүү максатында, ошентип, кыргыздардын кошуунун алсыратып туруп, кол салууну ойлоп, Эсен кан куулук менен Көзкамандарды жиберет.

Эсен кандын алтын так

Тегереги чынар бак.

Каны чыккан мунара,

Мунаранын үстүнөн

Добулбасын чалыптыр;

Дүнкүлдөгүн укканда

Журт жыйылып калыптыр.

Жашы менен кары бар,

Кырк уруу калмак, манжуунун

Кыйынынын баары бар.

"Кысталаң түштү башыма,

Калайык, кулак салыңар,

Кайраттууң келсин кашыма,

Кандай десем тилимди ал.

Алоокенин Коңурбай

Таластын боюн чалдырып,

Алдап Чубак кат берсе,

Айдап барып журтумду

Кыргызга кыргын кылдырып.

Бу Манас оңой жоо эмес,

Манасты алдап сойбосок,

Өлүм кылып койбосок,

Татытат шордуу тузуңду,

Умачтай ачат уйкуңду.

Манасты эптеп сойбосок,

Таш мөндүр жаайт жериме,

Бурдалына келгенде

Бузукту салат элиме.

Убаданы бек кылам,

Адам өлөр шерт кылам:

Кара жолтой Манасты

Кармап союп келгенге

Алтын таажым кийгизем,

Алтын такка мингизем.

Калмак менен мангулдун

Бир чоң кандыгын билгизем!".

Эсен кан минтип турганда,

Бул акылды кылганда,

Балбаңдары зирилдеп,

Баатырлары бириндеп,

Каарына кандын калдым - деп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.