Яндекс.Метрика

Козкаман менен Кокчокоз

Беш балбандын баарысын

Эр Манас кырып кетет - деп,

Жабыла байкап, болжошту;

Ал бешөө жакындап алды

                                         жолдошту.

Бу Көзкамандын айласы,

Канчаны көргөн шүмшүктүн

Кабат экен чалмасы,

Тышында адал, ичи арам,

Манасты көздөй бет алып,

Кетип барат канча адам.

Ара жерге келгенде,

Күлүктөн тандап ат берет,

Арам ойлуу Көзкаман

Эр Манаска кат берет.

Берген катын карасаң,

Ыйлап, боздоп бек жазган:

"Кабылан Манас, баатырым,

Түбүбүз тууган" - деп жазган.

"Чоң атаң Орозду баатыр

                                        өлгөндө,

Маңгул, калмак, кыргызды

Малдай айдап бөлгөндө,

Алы куруп кыргыз журт,

Ар кайда тентип калганда,

Ала-Тоо бетин көрө албай,

Атаганат дүнүйө-ай,

Курган баш болду арманда!

Бээжинди көздөй бет алып,

Тентидик, кирдик, түн көрдүк,

Кара кытай, манжуунун

Бадасын багып күн көрдүк.

Падышам Манас, байкап ал,

Бордой тоздук көзүң сал.

Бададан бүткөн быдырды

Чачып, тентип келебиз.

Куш учпаган чөл менен,

Ит баспаган бел менен

Азып, тентип келебиз,

Алтайга минсе арыбас

Буудан деп тентип келебиз.

Атабыз бирге ыймандаш

Тууган - деп тентип келебиз.

Балтырдын баарын жооруттук,

Боконо сөөктү ооруттук;

Баатыр, жүзүңдү качан көрөбүз?!

Калмак чапты көчүмдү,

Кара кытай, шибээден*

Ала албай келем өчүмдү.  

Майым кетип, сөөк калып,

Арып кетип баратам,

Манасым качан көрөм деп,

Карып кетип баратам,

Бу дүйнөнүн тозогун

Көрүп кетип баратам.

Акыл качып, ал кетип,

Падышам, сени көрө албай,

Өлүп кетип баратам.

Мен Каканда турганда,

Уламадан уладым

Билгичтерден сурадым.

Кулдук күн көрүп көп жүрдүм,

Кабылан Манас көк жалга

Айыл консом, деп жүрдүм.

Аз тасмил мүлкүмдү

Чачып кетип баратам.

Манас иним күтүп ал,

Мен сага качып кетип 6аратам".

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.