Козкаман менен Кокчокоз
Келтире жазып кат берип,
Кабылан Манас окутуп,
Кейигендей бат берип,
Жүлүнгө жетер кеп айтып,
Жолборс Манас баатырдын
Жүрөгүн өрттөп бек айтып,
Малакайда кийилүү,
Төбөдө кынап түйүлүү
Беш балбанды карасаң,
Бир кишиге билинбес,
Төбөдө айдар чачы бар.
Арыстан Манас тууганын
Алдап соёр башы бар.
Кечээ кең Таластын боюнда,
Жылгындуунун оюнда,
Калың кыргыз ой тартып,
Конуп жаткан кезинде,
Каалаганы Манастын
Болуп жаткан кезинде,
Кереметтүү Каныкей
Кейип ыйлап чочуган.
Кең жыйындын ичинде
Келген катты зор Бакай
Келиштирип окуган.
Ошол катын көргөндө,
"Тууганым азып келет" - деп,
Туйгунуң жашын имерип,
"Алыстан тосуш керек" - деп,
Алдынан киши жиберип,
Күлүктөн ылоо байлатып,
Баглан козу, ширин баш
Келиштирип кайнатып,
Кантты кардай томуруп,
Сары майдан омуруп,
Тополоңдоп толгон эл,
Термелгендей калың, жер,
Тууган экен мага - деп,
Тосуп чыкты Манас шер.
Кеби ширин, сөзү бал
Келген душман мабулар:
"Атабыз бирге тууганым,
Айкөл Манас, аманбы?
Качып келдик Какандан,
Менин-бул кылганым жаманбы?
Биз кытайдан чыкканда,
Жылгындуу Кең-Кол жер бар -
деп,
Качып, тентип келебиз.
Кадырды табар кабылан
Тууганым Манас сен бар - деп.
Каканда жүрдүк шор кайнап,
Көрө албай журтту көз жайнап,
Кайрылып келип турабыз,
Жакыптын жалгызына дем байлап.
Калың, манжуу, көп калмак
Тартып калды чайымды.
Талап алды мангулдар
Талаада сойчуу тайымды.
Тууганым деп ойлосоң,
Таап бергин, кабылан,
Менин тура турган жайымды,
Серпилип качкан биз болдук,
Себебин тапкан сен болчу;
Томсоруп келдик, бел болчу.
Тоңуп кетсек, тон болчу,
Жөөчүлүк өттү, тай берчи!
О, Манас, суусап кеттик, чай
берчи!
Арыдык, жанды семиртчи.
Ачтык, курсак тойгузчу,
Какандагы Коңурбай,