Козкаман менен Кокчокоз
Биздикине келбедиң,
Кантип жатат экен - деп,
Көк жалым, биздин алды билбедиң.
Биздикине түшпөдүң,
Колумдан даам ичпедиң.
Кабылан Манас, баатырым,
Калк тартынар кан беле,
Каным Манас келгенде
Кара жаным аябайм,
Баягы ит ичкирден бар беле?".
Көзкаман айтып калганда,
Көкчөкөз өөдө турду эми,
Кылт этсе, өлүп кетүүчү,
Жыттаса, ажал жетүүчү
Кырк жылкы уудан коштурган,
Калмакча тарткан арактан
Мелтирете куйду эми;
"Түбүбүз бирге тууган" - деп,
Көк жал Манас баатырга
Көзкаман алып сунду эми.
Аңкоолугун көрдүңбү,
Ала коюп имерип,
Көзкамандын сунган уу
Баатыр токтолбой тартып жиберип,
Ичкенде көк жал бүк түшүп,
Төбөсү менен тик түшүп,
Кыл муруту шыйпайып,
Кайрылбай кетчү немедей,
Алагар көзү алайып,
Уйпалгырдын шум дүйнө,
Уу ичип Манас сүйөө жок,
Өлүм орток, жан бирге,
Баягы кыраандардын бирөө жок;
Ажыбай, Бакай эгиз жок,
Алмамбет, Чубак теңиз жок,
Сыргак, Серек эрен жок,
Ырчуул, Шууту берен жок;
Айла тапчу, амалкөй
Аксакал Кошой каны жок;
Айгай укса качпаган,
Ажалдан кайра тартпаган,
Баягы кырк чоронун баарыжок;
Сүрөтү качып, ич күйүп,
Сүзүлүп, куу көз жумулду,
Көзкаман душман болгон соң,
Кайраның, көрүнөө жандан түңүлдү,
Көкчөкөздүн тогуз уул,
Көзкамандын тогуз уул,
Кылыч чабар ыктуулар,
Жаа тартуучу мыктылар
Бурканына жалынып,
Мас болгон Манас көк жалга
Кылыччаны камынып,
Курчап кармап алсак деп,
Курмандыкка чалсак деп,
Башын кесип, байланып,
Эсен кандын алдына
Сүйүнчүлөп барсак деп,
Алтын таажы кийсек деп,
Алтын такка минсек деп,
Буласын булап алсак деп,
Бул кыргыздын ичине
Бузукту минтип салсак деп,
Кара сурдун сулуусу,
Аялзаттын нурдуусу
Эрке катын Каныкей
Олжо кылып алсак деп,
Алмамбет менен Чубагын
Курмандыкка чалсак деп.
Ажыбай, Бакай — эки дөө
Эсен кандын алдына
Тартуу кылып барсак деп,
Капкайда кекти кайтарып,
Үй кайтартып турсак — деп;
"Манас кетсе, бел кетет,
Бул кыргыздын ичинде
Кара көк жал шер кетет;
Тырышкан кабак оңолду,
Чындап качыр балбандар,
Эми кыргыздан кайрат жоголду!
Түркүгүн сууруп алалы,