Козкаман менен Кокчокоз
Кесек ит, ушинтип, жеттиң түбүмө.
Тентип бир келип Бээжинден,
Тегиз бир кондуң Таласка,
Темселеген шүмшүктөр
Акыры сенин кыларың
Ушул беле Манаска?!
"Кара найза желегим,
Каран күн Алмам, арыстаным,
Менин калмактан келген белегим!
Жеткилең белин курчанган,
Жети милек жоо келсе,
Желбегей кирип кол салган,
Бул дүйнөдө жыйгандаш,
А дүйнө кетсем, ыймандаш,
Кайда бир кеткен көрүнбөй
Менин кабылан Алмам, курбалдаш?
Көк сүлөөсүн бөрк кийип,
Көкала калкан ойноткон,
Кеңешин уккан жан сүйүп,
Кебине адам тойбостон,
Капилетте сөз тапкан,
Караңгы түндө көз тапкан,
Акылы менен жайкаган,
Алты айлык болор азапты
Көз ачымда байкаган
Адамзаттын туйгуну,
Олуяттын кулуну,
Маңдайымда барааным,
Байтерек Бакай карааным,
Алмамбет, Бакай артык шер,-
Бул экөө карап турсачы,
Капкайдан келген чириктер
Анан муну кылсачы.
"Көк ырапыс тон кийген
Көкала сындуу ат минген,
Алышса, адамдын алы жетпеген,
Арыстандын тиши өтпөгөн,
Ач кыйкырык, куу сүрөөн,
Акбалта уулу тууганым,
Арманда Манас турганым,
Кайда кетти, дайны жок,
Баягы Чубак бууданым?
Мен Таласта турганда,
Казыны кесип жечү элем,
Кабылан Чубак бар болсо,
Менин кайратым кабат дечү элем!
Кайран Чубак көк жалым
Кашымда карап турсачы!
Калмактан келген каракчы
Анан бул кордукту кылсачы!
"Ободон жылдыз козголгон,
О дүйнөлүк дос болгон,
Кара тилин кайраган,
Кзалың топто сайраган.
Жетимиш түрлүү тил билген,
Жетимиш бурку* эл көргөн,
Аташкан достум Ажыбай –
Артыгым карап турсачы;
Калмактан келген арамдар
Анан бул кордукту кылсачы!
Атка жеңил, тайга чак,
Уйкусу жок, жолго сак,
Чыканактап калбаган,
Чырм этип уйку албаган,
Кылычын кынга жөлөгөн,
Кызыккан кыйла жоо чыкса,
Кыпкызыл канга бөлөгөн,
Теке жоомарт ат минген,
Темирдей көпкөк тон кийген,
Алгайга минер бууданым
Каякка кеткен дайны жок,
Алат күн, Сыргак тууганым?!
Сыртымдан Сыргак уялаш,
Кабыланым карап турсачы;
Каңгайдан келген камандар
Кордукту анан кылсачы!
"Бу дүнүйө упакер
Кылчайып Манас көрсөчү;
Кырк чоронун бирөө жок,
Кызыталык куу башым,
Кыраандар болуп жанымда,
Анан кийин өлсөчү.
Сапарга журсө сан колдой,