Козкаман менен Кокчокоз
Алоокенин Коңурбай
Айласын таппайт дирилдеп.
Каны буйрук кылган соң,
Чоң Ылама калмагы -
Чоң Жолойдой балбаны,
Манжуунун каны Нескара
Кылар айла табалбай,
Калың эл коркуп калганы.
Эрендери дирилдеп,
Эсен кан турду күрүлдөп.
Эми Эсен канды муңайтат,
Калың эли муну айтат:
"Кабылан сындуу Манаска
Кабылган тирүү болчу эмес,
Кадимки көк жал баатырга
Кезиккен аман калчу эмес.
Барган жан кайра тартчу эмес,
Манаска катылган аман кайтчу
эмес".
Калкынын түрүн билди эми,
Кайгырып каны турду эми.
Өзү кыргыз уулу экен,
Кыргызды манжуу кырганда
Кара кытай Каканга
Колго түшкөн бул экен:
Көкчөкөз менен Көзкаман,
Желтийбес менен Чаңдаяк,
Орозон баштап, - бул бешөө
Калмак болгон ушулчак.
Көзкаман минген Коңкулбоз
Тулпарга чалыш мал экен.
Туйгун Манас баатырга
Булардын туугандыгы бар экен.
Манасты барып союуга,
Канына мыктап тоюуга,
Башын кесип жеткизип,
Эсен кандын алдына
Белек кылып коюуга,
Аянбастан ант кылып,
Өлүп кетер уу жалап,
Чочкодон төрттү союшуп,
Бичикти төшкө коюшуп,
Желдетти жетик курашып,
Эсен кандын алдынан
Тийсе өлтүрөр уу алып,
Бура тартпай сайрашып,
Манасты союп берүүгө
Колодон кылган бурканды
Кайрадан кайра кармашып,
Айды катка салышып,
Күнүн күрмөп алышып,
Калмактардын Какандагы суу
кудук*
Сыйынышып барышып,
Жай-жарагын шайлатып,
Жолго минчүү качырдан,
Кыркчасын ылоо байлатып,
Бээжинден чыгып жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Кырк күнчүлүк чөл көрүп,
Кыйла айланчу көл көрүп,
Томпойгон эчен тоо көрүп,
Тоңурайган коо көрүп,
Жүрүп келет беш балбан
Журтуна бузук беш айбан.
Бөлөктөн барса ал жерге,
Бакан ооз чыгып ичинен,
Түбүнө чогуу жетет - деп,