Манас баатырдын Каныкейге уйлонушу
Аңдагын менин кебим, - деп, -
Тартуу кылдым башымды,
Ала келдим айбыма
Мына Арууке сиңдим кашымда.
Кейибей жаным койбос, - деп, -
Кечирбесең болбос, - деп, -
Аңгемени билбеген,
Ата, айкөл Манас, - жолборс" -
деп,
Капыя сөздөн айтышып,
Ыраазы болуп көргөндөр
Эми жай-жайына кайтышып,
"Жакшы болду ушу, - деп, -
Каныкейдин сөзү" - деп.
Эми Каракан сөздү баштады:
"Ушул турган калайык,
Бакайдын терең ою бар,
Бай Жакыптын тою бар,
Кымызды бергин ичкенге,
Кызды бергин алганга,
Кабылан эрди кемитпе,
Кызматы жагып турганда.
Илгеркинин наркы бар,
Нарк билген эрдин салты бар.
Бай Жакып менен Бакайдын
Ак калпак кыргыз калкы бар.
Алмамбетти мен уктум,
Манаска тете баатыр - деп,
Көңүлү кызып болуптур
Аруукеге азыр деп.
Кызматы жакса келүүчү,
Кызматын киши билүүчү.
Кыз күйөөгө жакканда
Кимге да болсо берүүчү.
Калк, чогулуп келели,
Калың кыргыз журтунун
Каадасын байкап көрөлү.
Кары-жашка эп келсе,
Каныкейдин үстүнө
Аруукени берели".
Каракан кеби эп болду,
Жок деген адам жок болду.
Агача* келин, сулуу кыз,
Баарысы катар мелтейген.
Той баштаган эрендер
Жүгүрүшүп энтелеп,
Аруукени кыз-келин
Алмамбеттин үстүнө
Алып келди жетелеп.
Азиз кандын Алмамбет
Аруукени жандады.
Акыреттик курбум - деп,
Аруукенин саамайын
Акырын сылап кармады.
Бай Жакып менен Каракан
Айтуякка бээ союп,
Аксарбашыл кой союп,
Алты күнү той союп,
Кылкылдаган сел келип,
Кылымдан канча эл келип,
Ат-кунанды чаптырып,
Асемге мылтык аттырып,
Көк бөрүсүн тарттырып,
Отуз күнү ойнотуп,
Он эки күнү тынчытып,
Молдонун баарын жыйдырып
Каныкейди ошондо
Манаска нике кыйдырып,
Үзүгүн кабат бүктөтүп,
Букардын каны Каракан
Аябай себин жүктөтүп,
Союшуна кой алып,
Букардан чыкты жол алып.
Букардын баары буркурап,
Каныкей атка мингенде,
Катын, бала чуркурап,
Арууке атка мингенде,
Көздүн жашы дыркырап,
Туучунак менен көч баштап,