Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши
Муну мындай таштайлы,
Алтайда Жакып, Акбалта,
Алар менен калган эл,
Андан кабар баштайлы.
Жапасын жандын кетирип,
Жалпы кыргыз бүткөндү
Жайбаракат көчүрүп,
Катагандын кан Кошой
Караан болуп Манаска
Дегенине көндү эми;
Сандап, миңдеп көп калмак
Тегеректеп келгенде,
Кайрат кылып берди эми;
Оттотуп малын айдатып,
Оторлорун жайнатып,
Көчтү узата келди эми.
Бөөт-чөөт жер менен,
Көч жөнөгөн кези экен
Бетеге тулаң бел менен.
Каалаганы Ала-Тоо -
Чыңырып эне тууган жер,
Киндигин кесип бууган жер.
Эренче* тонун кийишип,
Желбеген жорго минишип,
Тынбай көчүп, өтүшүп
Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз
Андан ашып кетишип,
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу,
Андан өтүп келди эми.
Иленин башы Үч-Арал
Өрүүн боло берди эми.
Көк-Тал бойлоп сыдырып,
Чоң Илени кыдырып,
Айланпалуу урчуктан
Кечип чыккан кези экен,
Таш-Кечүүдө тушмуктан
Өтүп чыккан кези экен.
Ат боройлоп* сыдырып,
Тегиз көчүп, кыдырып,
Ылдый карай бет алса,
Тоо кыркалап жол чалса,
Каркылдаган карга жок,
Куркулдаган кузгун жок.
Сары-Өзөн-Ата дээр экен,
Кең Иленин жээги экен,
Аккан суунун боюна,
Чоң өзөндүн оюна
Чогула журт конду дейт.
Жеткилең өрүүн болушуп,
Жай алган жерин карасаң,
Жээги Ак-Чийдин чаты экен,
Сары-Өзөндүн башы экен.
Талаада мунар чаңы бар,
Жаныбарым Сары-Өзөн
Түзүндө кулан дагы бар
Ат баспаган жер болгон,
Алмасы бышып көң болгон,
Жангагы кулап сай толгон.
Элсиз ээн талаасы
Берекелүү көрүнгөн,
Көргөн жандын көңүлү
Албан түрлүү бөлүнгөн.
Өзөнү муздак жел толгон,
Өлчөсөң бейиш жер болгон.
Килемдей чөбүн тебелеп,
Кенен жайлап ким конгон.
Жеткилең Манас ушунда
Жети күн күтүп жатыптыр.
Көч токтотуп, эл жыйнап,
Үч күнү жыйын ачыптыр.
Шиберге оонап жатышып,
Минтип кумар жазышып,
Кепти ортого салышты,
Кеңеш кылып калышты.
Ак сакалы жаркылдайт,
Абаң Кошой баркылдайт:
"Эмгектеген бала бар,
Өбөктөгөн кары бар,
Кече чыктыкАлтайдан,
Айыл кандай конуучу? -
Алышар душман далайбар.
Айла кандай болуучу? -
Маңдайыңда маңгул бар.