Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Аты-жөнүн бир сурап,

Билсек, - дешип, буларды".

Жыйырма-отуздан топтошуп,

Жылкыларын жоктошуп,

Кур аттарын карашып,

Кулун, тайын санашты,

Калмактан түшкөн аттарын

Кужулдашып талашты.

Кырк-элүү калмак байлатып,

Манас келип калганы,

Алдына көп эл барганы.

Эр Манасты караса,

Ажыдаар түрү бар,

Арыстандай сүрү бар.

Капталдан кара кан болгон,

Караган бенде таң болгон,

Качкан жоону кубалап,

Кара бою чаң болгон.

Мурду кырдач, көзү үңкүр,

Адамда болбойт мындай түр.

Бир далай сөз сүйлөдү,

Бара албадым бетине.

Тиктеп, талып калыпмын,

Араң келдим эсиме.

Караламан киши эмес,

Нускасы турат улуктан,

Чоң баатырдын бири окшойт,

Урушканын куруткан.

Башка журттун түрү бар,

Маңдайынан байкасам,

Бала жолборс сүрү бар.

А, дегенде карасам,

Ак шумкар куштун үнү бар".

Баланын сөзү басылды,

Чогулган жыйын жазылды.

Суу боюна кош токтоп,

Сырттаның тикти чатырды!

Чатырды тигип салганы,

Колго түшкөн калмагы

Көк жорудай уңкуюп,

Көк кутандай зуңкуюп,

Кырка олтуруп калганы.

Жолдош токсон мергени

Чогулушуп келгени.

Жондо турган буларды

"Бери келгиле!" - дегени.

Кырдан булар барганы,

Сунган колун алганы.

Учурашып көрүштү

Эми кыргыз балдары!

Аралашып калышты,

Эми алар айтат ар ишти.

Мурун көргөн эл эмес,

Бүт дүйнөгө кол толсо,

Бура тартар неме эмес.

Жалаяк ооз, жар кабак,

Жаалына карап бак

Жылма кабак, жылдыз көз,

Катуу дабыш, каар сөз,

Кабыланды көрүп алышты.

"Адам эмес, дөө го?" - деп,

Айран азыр калышты.

Жүргөнүн бенде көргөндөй,

Жүр деген жакка көнгөндөй;

Белестен чыгып бет алса,

Түрүн кергөн коркоктор

Жүрөгү чыгып өлгөндөй.

Абайлап көзүн салышып,

Көргөндөрдүн баарысы

Арт жакка тартып калышып,

Айылга түш деп айта албай,

Алда кандай адам деп,

Кеп суроого бата албай,

Кеңгирешип келатыр,

Эстен танып эчени

Эңгирешип келатыр.

"Алоокенин калмагы

Жылкыны тийди эрге окшоп,

Бул жогортон келгенде

Жыгылды баары жерге окшоп.

Акыр болду, болбоду,

Алтайдан келген тууган го?

Абайлап бизди турган го?

Кийинки келген элден го,

Кийик издеп келген го?

Оторчу бар мында деп,

Ортолуктан көргөн го?

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.