Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Абыдан калды табасы.
Кабарын уккан калмактар
Көзүнүн жашын тыялбай,
Көбү качып жөнөлдү
Жайытта малын жыя албай.
"Бурут сенден көрдүк – деп, -
Баштатан өчү бар эле,
Бул жерге келсе, өлдүк – деп, -
Эми букара неге кылалы?
Булар да түбү буруттан,
Бирин койбой кыралы.
Өткүрө кылыч салалы,
Өлтүрүп ийип баарысын
Өчтү үшүнтүп алалы!".
Кеңеши катуу болгону,
Чыңоолду мыктап койгону.
Кеңеши бүттү калмактын,
Кыргыздан тукум калтырбай
Эртенки күнү сойгону.
Ары-бери турушуп
Аябай насаат кылышып,
Ал жерде жүргөн кыргызды
Тукум койбой кырышып,
Ошондо аттанмак болду кол
тартып,
Анжиян көздөй жол тартып.
Акылдашып турушту,
Адам уулу көрбөсүн,
Теги ал өңдөнгөн жумушту!
Кудуңбай деген бар экен,
Кудунбайды караган
Кыргыздан токсон жан экен.
Кетмек болгон калмактын
Кеңешин угуп алыптыр.
Кетелик деген бир калмак
"Качпасаң Кудуң өлдүң!" — деп,
Кабарды катуу салыптыр.
Аны укканда Кудуңбай
Элүү киши чаптырып,
Эртелеп кабар айттырып,
Кыргызынан түк койбой,
Киши түгүл үйүнөн
Көзгө илинер мүлк койбой,
Кум-Арык менен Чалдыбар,
Куймадагы кыргызга
Куп кабарды салыптыр,
Койбой жыйнап алыптыр.
Кудуңбай болду эл башы,
Эми Кудуңдун сөзүн тыңдачы:
"Алтайдан келген кыргызы,
Ал да буга тууган деп,
Укурук кайрар чама жок,
Амалсыздан турган деп,
Качаңгы бабам жери деп,
Каптап келет тууганы;
Кадимки кыргыз бул экен,
Кантип карап туралы;
Өңгөсү колго тийген жок,
Өчтү үшүнтүп алалы;
Өңкөй бурут балдарын
Ит өлүмү кылалы.
Кылычтын баарын машта, - деп,
Айбалтаң болсо ашта, - деп,
Калмакты чапмак болуптур,
Эртелеп журтум качпасаң,
Эми шоруң катмак болуптур!".
Кудуңбай оозун жыйганда,
Күйүттө журту турганда,
Арыстан Манас кыраандан,
Алгын кабар булардан.
* * *
Жер көчкөндөй дүңгүрөп,
Ашуу ашып, таш басып,
Ач кайкалаң бел басып,
Аркыраган суу кечип,
Асмандаган тоону өтүп,
Түнт токойлуу жер көрүп
Түнөрүңкү эл көрүп,
Арадан канча күн өтүп,
Аттанарга чак жетип,