Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Тазкара атын каргытып,
Бозуул жолго салганы.
Жетип келди дарыгер
Дарынын деми чачылды,
Алиги Манас баатырдын
Айнектей көзү ачылды.
Жер жайнаган көп колдо
Жетик эрдин баарысы,
Дарыгер аяр билгичтин
Чекседе* белен дарысы.
Колдон тандап эр Бакай
Кыйындарды алыптыр.
Сээрлеген кошуунга
Балбан баатыр барыптыр.
Байкап колдун баарысын
Аягы турган жериңде
Аябай төктү дарысын.
Өздөрү оолак качышып,
Өзөн бойлоп жатышып,
Дүрбөй түшүп от берди,
Дүйнө жүзү солк деди.
Аябай күндү жайлады,
Кара шамал дубасын-
Кара сууга байлады.
Жалын чыкты дүркүрөп,
Шамал тийди күркүрөп,
Камыш, чийи, куурайы
Жалынга токтоо кылбады.
Жалпы күйдү бу дагы.
Кайың, талы, тереги,
Түк болбоду кереги.
Такыр өрттөп салганы,
(Ошо күндөн ушу күн,
Ошол жердин атагы
"Өрттөң" атка калганы).
Алиги каптап эл турган
Аянсынбы ушундан!
Эрөөлгө чапты эрендер*,
Бууданды минген берендер,
Мен баатырмын дегендер
Карап турбай бурулуп,
Калаага кирди куюлуп.
Жалпы журту дуркүрөп,
Баатырлар күндөй күркүрөп,
Кышкы кирген буурадай
Балбандын баары зиркиреп,
Караламан көп черүү
Чабуул коюп буркурап,
Жер жаңыртып чуркурап,
Найзанын учу чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Аламан коюп калышты,
Айдап жылкы салышты.
Чакчелекей калмактар
Чагалалап*, чуркурап,
Талаага качты быркырап,
Катын менен баласы
Үй-үйүндө чыркырап.
"Кармап бурут алат, - деп,
Кайрат кылган кишинин
Канын төгүп салат,-деп,
Көрөр күнүн көрө албай
Көмүлүп жатып калат, - деп,
Көрбөйбүз бири бирибиз,
Көкө теңир ордого*
Төгүлдү минтип жинибиз.
Кече биз не кылбадык бурутка,
Ушул бурут деген журутка!
Эми мына ургаачыбыз күң болдук,
Урууга минтип дүң болдук.
Келме кезек экен го,
Минтип, эркегибиз кул болдук.
Эрлердин баары өлгөн соң,
Жалаң катындар калып тул болдук.
Кан Текес, Куяс жатыр деп,
Көргөнүбүз бул болдук!".
Жүгөнүн кармап жүгүрүп,
Жөө жүргөнү дагы бар.
Кай бирөөнү карасаң,
Желдиктерин колтуктап,
Тегеренен чагы бар.
Коюн айдап мааратып,
Уюн айдап мөөрөтүп,