Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Добулбас согуп күңгүрөп,
Тоо көчкөндөй дүңгүрөп,
Сел жүргөндөй күркүрөп,
Өрт күйгөндөй дүркүрөп,
Эркин күңгөй жол менен,
Эсеп жеткис кол менен,
Эр Манас жолго салыптыр.
Ысык-Көлдү кыркалап,
Ызгып жөнөп калыптыр.
Адыр-күдүр коосу бар,
Ар тарабын карасаң,
Аркайган бийик тоосу бар.
Ач кайкалаң бели бар,
Аркырап шамал, жели бар.
Жойкундуу жолун караса,
Үч бөлүнгөн жери бар.
Артуу жолго салыптыр,
Ар тарапка из кеткен,
Баатыр айран калыптыр.
Тилке-тилке коо жакка,
Капчал* бийик зоо жакка
Кошуун батпайт кыжылдап,
Кыр-кырга чыгып быжылдап,
Күн чыгыш жакы тоосуна,
Көз учкан бийик зоосуна.
Чыкканы тоонун башы экен,
Чылгый мөңгү,таш экен.
Эңкүүсүндө эчки бар,
Тектиринде теке бар,
Курбусунда кулжа бар,
Кайыптын баары мында бар.
Арага түшүп калганы
Бу колдон чакса,а колго,
А колдон чакса.бул колго
Бурулуп жүрүп оң-солго,
Чарчап болду кийиги,
Адамга толуп кетиптир
Тоо-ташынын бийиги.
Текенин баары жайылып,
Таш бетине сайылып,
Топ-топ болуп калыптыр,
Токтоп туруп алыптыр.
Көрүнө келип атышып,
Көп кызыкка батышып,
Ок тийген теке шалактап,
Ойго түшүп жатышып,
Ойдогусу союшуп,
Отту жага коюшуп,
Шишкебек кылып какташып,
"Топ эчки тиги турат" – деп,
Аны түнкүсүнө сакташып,
Урунуп жүрүп чарчаган
Жүрбөй калган кийигин,
Адам тосуп алыптыр
Кийик чыкчуу бийигин.
Күн батыш жагын караса,
Көз учунда мунарык,
Көз жетпеген тунарык.
Асты жагын караса,
Аккан кашка суусу бар,
Ар түрдүү бийик көп экен,
Аңгемеси ушу бар.
Ар жагын байкап караса,
Аз гана кызыл жары бар.
Андан өтүп кеткенде
Капчыгайдын тары бар.
Арыстан Манас баатырың
Кыл чокуга барыптыр.
Кыйлага көзүн салыптыр.
Дүрбүсүн колго алыптыр.
Оболоп жаткан тоолордо
Оюна түшүп көп неме,
Баатырың олжуп карап
калыптыр.
* * *
Муну мындай таштайлы,
Ала-Тоодо кыргыздан
Азыр кабар баштайлы.
Ойрон болуп калыптыр
Олуята калаасы,
Жармы калмак,кытайдан,
Жармы кыргыз баласы.
Угушкан экен мурунтан
"Калмакты сүрүп келет - деп, -
Кыргыздын кыраан Манасы."
Ал жердеги кыргыздар
А,кудай,келсе гана!?-деп,