Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Келгис кылдым баарын, - деп,
Кыргыз деген эмине,
Кыйналбаңыз тим эле!
Алтай тоонун арада
Алакандай журттур,
Ары-бери урушуп,
Азап тартып жүрүптүр.
Текес, артык каным, - деп,
Тек чоочуптур жаның, - деп,
Тентиреген бурутту,
Келип калса бул жерге
Кетирейин санын" - деп
Куяс айтып салганы.
"Бул кошууңду качан жыйды? –
деп,
Текес кан айран калганы.
Текес кан баштап кубанып,
Кол көрүүгө барганы.
Жогор жагын карасаң,
Муздак ашуу, бел болгон.
Орто жерин карасаң,
Өрт күйгөн кызыл сел болгон.
Өйүз менен бүйүзү
Күрсүлөрүн көтөргөн
Күлдү балбан эр болгон.
Жаңы көргөн адамдар
"Бул кайдан келген кошуун" - деп,
Башы катып, тел болгон.
"Аралайлы колду" - деп,
Айтып Текес мындай кеп
Дабырата желгени,
Колго жакын келгени.
Жарагын колго алышты,
Жалпы аламан жалдырап
Келе жаткан буларга
Кезенип көзүн салышты.
Шүңгүр деген баатыры,
Кандай экен, билмекке,
Найзасын алып качырды.
Найзасы жакын жеткени,
Түк билбеди сайганын,
Сээрден найза өткөнү.
Шалак этип Шүңгүрү
Чалкасынан кеткени.
Кутуруп кеткен Куястын
(Өнөрү өмей неткени)
Өлтүргөнчө дем алып,
Айрып алып кеткени.
Куястын көрдү өнөрүн:
"Куясым барда коркпойм" - деп,
Уруп кеткен Текес кан
Унутуп койду өлөрүн.
"Келсе бурут келсин" - деп,
Кенебей жатып алганы.
Төртүнчү күндө Текеске
Манас жетип барганы.
Калдайган колуңкөргөндө
Карап туруп калганы.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кырандын бири Кутубий,
Кыпчактардын Таз чечен,
Кымырылган Үрбү бар.
Каратоко, Мажиги,
Кайраты ашык Чалиги,
Кабылан Манас баатырга
Кан Айдаркан баш болуп,
Баары келди акылга.
"Аяк-башы күнчүлүк
Колу басып калыптыр,
Ай талаага кол батпай,
Адам туруп алыптыр.
Аябай келген көп черүү
Алтымыш тууга бөлүндүк,
Төгөрөктү карасам,
Төрт кишидей көрүндүк.
Кан Текеске мынча кол
Кайдан келип калды деп,
Кашайгырга катылбай;
Кайтсак кандай болду?" - деп,
Айдаркан айтып салганы.
Кабагына Манастын
Каары келе калганы:
"Эми калмактан качып кетесиң?