Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Кыргыз топтоп мол болду,
Кылкылдаган кол болду.
Желек туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй,
Асаба туудан бөлүнбөй,
Алтайдын бою көрүнбөй,
Найзанын учу жылтылдап,
Адамдын башы кылкылдап,
Жер соголуп, былкылдап,
Желеги алтын туу болду.
Жергеден түмөн кол келип,
Жер жарылган чуу болду.
Арыстаның жүрөт аралап,
Ушул келген көп колду.
Алтайдын арал талаасы
Адам менен жык толду.
Кебээ курсак чалдарды,
Кейпи жаман балдарды,
Жарасы бар майыбын,
Барып бак деп зайыбын,
Тил чыкпаган дудугун,
Кулагы укпас мулугун,
Көзү көрбөс кароосун,
Көңүлгө толбос жадоосун,
Аягы майып чологун,
Айтышкан кепке мокогун,
Кайра үйүнө кайтарды.
Көксөө болгон карысын
Көрүп туруп баарысын,
Эгебей жарак майтарды,
Элин кайта кайтарды.
Ала-Тоо алыс жер, деди,
Адырмак канча бел, деди.
Үй көчүрүп, мал айдап
Калганың кийин кел деди.
Азар түмөн кол менен
Азыр жөнөйм мен деди.
Албан түркүн кол менен,
Аралдан өзөн жол менен,
Айгайлап колу жүргөндө
Алтайдын жери титиреп,
Адыр менен айланып,
Күдүр менен күтүрөп,
Караанына көз жетпей,
Караган көзү кайышып,
Кара талаа, боз чыбыр, -
Жердин бети кайышып,
Күрөөкө, соот жаркылдап,
Күлүк буудан алкылдап,
Кемерлер белде шаркылдап,
Кең багалек балкылдап,
Калың черүү кол болуп,
Жөнөй берди шартылдап.
Кылычтар белде кыңгырап,
Найзалар колдо зыңгырап,
Айбалта, канжар кагышып,
Аралаша шыңгырап,
Калкандын баары калкылдап,
Каруу-жарак шаркылдап,
Кас бууданды минишип,
Кайнаган кыргыз черүүсү
Кайкалап жолго киришип,
Ала-Тоо көздөй бет алып,
Айланып кошуун аттанып,
Бара турсун аралаш,
Башкарганы эр Манас.
Аны таштай салыңар,
Ала-Тоодон не кабар,
Эртелеп кабар алыңар.
Үч-Турпанды жердеген,
Урушуп адам жеңбеген,
Кара-Сууда калаасы,
Каар аярдын баласы
Кутурган Култаң качыптыр,
Арадан Жылдыз* басыптыр,
Терс-Маёдо Текес кан,
Темселеп ага барыптыр.
"Оён Манас келет"-деп,
Озунуп кабар салыптыр.
"Чоң атасы Ороз кан,
Оңбой турган бул бир жан!
Уругу кыргыз абалтан,
Уйгурлуктун баарысы
Урушуп өлдүк Манастан.
Камынбасаң, курудук,
Кабарга келип турумун,